Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

«Каарым кайнайт»

«Каарым кайнайт»

ЖЕЗЕКИЕЛ 38:18

ӨЗӨК ОЙ: Гоктун чабуулунун Жахабанын каарын кайнатышы; Жахабанын Армагедон согушу учурунда элин коргошу

1—3. а) Жахабанын «каарынын» кайнашы эмнеге алып келет? б) Азыр эмнеге токтолобуз?

ЭРКЕКТЕР, аялдар, балдар — баары чогуу Падышалык ырын ырдашат. Андан соң аксакал Жахабага чын жүрөктөн кайрылып, аларды коргошун өтүнөт. Жыйналыштагылардын баары Жахабанын аларга кам көрөрүнө бекем ишенет, ошентсе да дагы деле анын жубатышына жана кубаттандырышына муктаж. Сырттан согушуп жаткандардын кымгуут түшкөнү, айкырык-кыйкырыгы угулуп жатат. Армагедон башталды! (Аян 16:14, 16).

2 Армагедон согушунун учурунда Жахаба элди катуу «каары» менен кырат. (Окугула: Жезекиел 38:18.) Ал кыйратып жок кылуучу күчүн бир эле аскерге же бир эле улутка эмес, жер бетинде жашаган сансыз адамдардын баарына каршы колдонот. «Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулайт» (Жер. 25:29, 33).

3 «Кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган» Кудай катары сүрөттөлгөн сүйүүнүн Кудайы Жахабанын ушинтип каарын төгүшүнө эмне себеп болот? (Чыг. 34:6; 1 Жкн. 4:16). Анда бул суроонун жообу кандайча бизди жубатарына, кайрат берерине, ынталуу кабар айтууга түрткү берерине токтололу.

Жахабанын каарынын кайнашына эмне себеп болот?

4, 5. Кудайдын каарданышы жеткилең эмес адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

4 Адегенде Жахабанын каарданышы жеткилең эмес адамдардыкынан айырмаланарын түшүнүп алышыбыз керек. Адамдар каары кайнап, ачуусу менен иш кылганда көбүнчө өздөрүн кармай албай калышат жана анын аркасы жакшылык менен бүтпөйт. Мисалы, Адам атанын тун уулу Кабыл Жахабанын анын тартуусун четке кагып, Абылдыкын кабыл алганына «аябай ачуусу келген». Кесепети кандай болгон? Кабыл өзүнүн адил бир тууганын өлтүрүп койгон (Башт. 4:3—8; Евр. 11:4). Эми Жахабанын жүрөгүнө «жаккан адам» катары сүрөттөлгөн Дөөтү жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Элч. 13:22). Ушундай жакшы киши да Набал деген бай кишинин аны жана кишилерин кыйкырып басынтканын укканда аз жерден кызыл кыргын салып коё жаздаган. Каары кайнаганынан жоокерлери менен кылычын белине байлап, жакшылыкты билбеген Набалды эле эмес, анын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып салууга аттанган. Бактыга жараша, Набалдын аялы Абигейил аны жана анын кишилерин өч албаганга көндүргөн (1 Шем. 25:9—14, 32, 33). Андыктан Жахаба Жакыпка ыйык рухтун жетеги менен «ачуулануу менен ал [адам] Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албай» турганын жаздырган (Жкп. 1:20).

Жахаба дайыма ачуусун башкара алат жана анын каарданганынын себебин айкын түшүнүүгө болот

5 Адамдардан айырмаланып, Жахаба дайыма ачуусун башкара алат жана анын эмне үчүн каарданганын айкын түшүнүүгө болот. Ал катуу каарданган күндө да, адилдик менен иш кылат. Душманына каршы күрөшкөндө «адил кишини ыймансыз менен бирге жок кылып» салбайт (Башт. 18:22—25). Мындан тышкары, Жахаба негиздүү себептен улам гана каарданат. Анда анын каарданышына себеп болгон эки нерсени жана алардан кандай бүтүм чыгарсак болорун карап көрөлү.

6. Ысымы булганганда Жахаба эмне кылган?

6 Себеп: Жахабанын ысымынын булганышы. Өздөрүн Жахабанын өкүлү деп эсептеп, бирок ыймансыз иштерди кылгандар анын аброюна шек келтиришет жана аны адилеттүү түрдө каардантышат (Жез. 36:23). Буга чейинки бөлүмдөрдөн билгенибиздей, ысрайыл эли Жахабанын ысымына тил тийгизген. Андыктан алардын маанайы, кылган иштери Жахабаны каардантканы түшүнүктүү. Бирок Жахаба өзүн кармай албай калган эмес. Ал аша чаап кетпей, элин чеги менен жазалаган (Жер. 30:11). Анан максатына жеткенден кийин каарын баскан (Заб. 103:9).

7, 8. Жахабанын ысрайыл элине кылган мамилесинен эмнелерди биле алабыз?

7 Бүтүм: Жахабанын ысрайыл элине кылган мамилеси биз үчүн олуттуу эскертүү. Байыркы ысрайыл элиндей эле, биз да Жахабанын ысымы менен аталуу сыймыгына ээбиз. Биз Жахабанын Күбөлөрүбүз (Ыш. 43:10). Сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган ишибиз башкалардын Жахабага болгон көз карашына түздөн-түз таасир этет. Биз эч качан атайлап жаман иш кылып, Жахабанын ысымына тил тийгизгибиз келбейт. Мындай эки жүздүүлүк Жахабанын каарын кайнатат жана эртеби-кечпи ал өзүнүн аброюн коргош үчүн иш-аракет кылат (Евр. 3:13, 15; 2 Пет. 2:1, 2).

8 Жахабанын каары төгүлөрү жөнүндөгү эскертүү ага жакындаганга тоскоолдук кылабы? Жок. Анткени биз Жахабанын чыдамдуу, кечиримдүү экенин билебиз (Ыш. 55:7; Рим. 2:4). Ошол эле учурда анын зарыл болгондо жазалай турганын түшүнөбүз. Андыктан күнөө кылганын токтотпогондорго каарын төгөрүн жана аларга элинин арасында жүрүүгө жол бербей турганын билип, ага карата кастарлоо сезимин өрчүтө беребиз (1 Кор. 5:11—13). Ооба, Жахаба аны эмне каардантарын ачык эле айткан. Андыктан аны каарданта турган маанайдан жана иштерден оолак боло алабыз (Жкн. 3:36; Рим. 1:26—32; Жкп. 4:8).

9, 10. Ишенимдүү элинин өмүрүнө коркунуч туулганда Жахаба эмне кылган? Мисал келтиргиле.

9 Себеп: Жахабанын ишенимдүү элине коркунуч туулушу. Жахабанын каары ага берилгендик сактагандарга жана анын канатынын алдынан баш маана издегендерге душмандар кол салганда кайнайт. Алсак, фараон менен анын кубаттуу аскери, ысрайылдыктар Мисирден чыкканда, коргоочусу жоктой көрүнгөн жана Кызыл деңизге барып кептелип калган ал элдин артынан сая түшкөн. Бирок деңиздин кургак түбү менен өтүп кеткен ысрайылдыктарды кууп жөнөгөндө, Жахаба алардын майдан арабаларынын дөңгөлөктөрүн бошотуп, деңизге чөктүрүп салган. «Эч кимиси аман калган» эмес (Чыг. 14:25—28). Өз элине болгон туруктуу сүйүүсүнөн улам Жахаба мисирликтерге каарын төккөн. (Окугула: Чыгуу 15:9—13.)

Хискиянын күндөрүндө бир периште Кудайдын элин ашурлуктардан коргогондой эле, бизди да периштелер коргойт (10, 23-абзацтарды карагыла)

10 Ошол сыңары, Хиския падышанын күндөрүндө да Жахаба өз элин сүйгөндүктөн иш-аракет кылган. Ошол мезгилде кубаты жана мыкаачылыгы менен атагы чыккан ашурлуктардын аскери Иерусалим шаарын көздөй бет алган. Жахабанын берилген кызматчыларына коркунуч туулган. Алар курчоодо калмак жана акыры жүрүп азаптуу өлүмгө дуушар болмок (2 Пад. 18:27). Аларды коргош үчүн Жахаба бир эле периштесин жөнөткөн. Ал бир түндүн ичинде эле душмандын 185 000 жоокерин кырып салган! (2 Пад. 19:34, 35). Эртеси эртең менен ашурлуктардын кошуунунда эмне болгонун элестетип көрсөңөр. Найза, калкан, кылычтар жаткан жеринде жатат. Жоокерлерди ойготкон сурнай үнү угулбайт. Аскерге чогулууга буйрук берген эч ким жок. Кошуундагы кыдырата тигилген чатырлар өлүктөргө толуп, айланада жүрөктүн үшүн алган тунжураган тынчтык.

11. Элинин өмүрүнө коркунуч туулганда Жахабанын кандай чара көргөнү баяндалган окуялар бизди кандайча жубатып, кайрат берет?

11 Бүтүм: Элинин өмүрүнө коркунуч туулганда Жахабанын кандай чара көргөнү баяндалган окуялар душмандарыбыз үчүн олуттуу эскертүү. Ооба, «тирүү Кудайдын колуна түшүү коркунучтуу» (Евр. 10:31). Бизди болсо ошол эле окуялар жубатып, кайраттандырат. Эң башкы душманыбыз Шайтандын эч качан ийгиликке жетпей турганы бизди бекемдейт. Анын кыска убакытка созулган башкаруусу жакында соңуна чыгат (Аян 12:12). Ага чейин бир да киши, бир да уюм же өкмөт Жахабанын эркин аткарышыбызга тоскоолдук кыла албай турганына бекем ишенип, ага кайраттуулук менен кызмат кыла беребиз. (Окугула: Забур 118:6—9.) Биздин ушундай бекем ишенимибиз Пабылдын рухтун жетеги менен жазган: «Эгер Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы тура алат?» — деген сөздөрүндө чагылдырылган (Рим. 8:31).

12. Улуу алаамат учурунда Жахабанын каарынын төгүлүшүнө эмне себеп болот?

12 Мисирликтер аркасынан сая түшкөн ысрайылдыктарды жана ашурлуктардын курчоосунда калган Иерусалимдеги жүйүттөрдү куткаргандай эле, Жахаба жакында боло турган улуу алааматта бизди да куткарат. Душмандар бизди жок кылууга аракет кылганда, бизге болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам Жахаба аларга каарын чачат. Акылсыздык кылып бизге кол салууга батынгандар, чынында, Жахабанын көзүнүн карегине тийген болот. Жахаба тез жана чечкиндүү иш-аракет кылат (Зак. 2:8, 9). Ошондо ага чейин болуп көрбөгөндөй апаат болот. Бирок Жахабанын душмандары анын каарын төккөнүнө таң калышпайт. Эмне үчүн?

Жахаба кандай эскертүүлөрдү берип келген?

13. Жахаба кандай эскертүүлөрдү берип келген?

13 Жахаба «ачууланганга шашпайт». Ал ага каршы чыккандарды жана анын элине коркунуч туудургандарды жок кыларын жетиштүү деңгээлде эскертет (Чыг. 34:6, 7). Ал зор мааниге ээ согуштун болорун Жеремия, Жезекиел, Даниел, Машаяк Иса сыяктуу пайгамбарлары жана Петир, Пабыл, Жакан деген элчилери аркылуу эскерткен. («Жахаба улуу согуштун болорун эскертип келет» деген кутучаны карагыла.)

14, 15. Жахаба кандай иш кылып келет жана эмне үчүн?

14 Жахаба ал эскертүүлөрдү өзүнүн Сөзү Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ошондой эле Ыйык Китептин эң көп тилге которулушуна жана кеңири таралышына кам көргөн. Жер жүзү боюнча ыктыярдуу кызматчылардан турган аскерди чогултуп, алар аркылуу башкаларга аны менен ынак мамиле өрчүткөндү үйрөтүүдө жана жакындап келаткан «Жахабанын улуу күнү» жөнүндө эскертүүдө (Сеп. 1:14; Заб. 2:10—12; 110:3). Ал өз элине Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жүздөгөн тилдерге которгонго жана өзүнүн Сөзүндөгү убадалар менен эскертүүлөрдү башкаларга жеткириш үчүн жыл сайын жүз миллиондогон сааттарды жумшаганга түрткү берип келет.

15 Жахаба мунун баарын «эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан» кылып келет (2 Пет. 3:9). Мээримдүү, чыдамдуу Кудайыбыздын өкүлү болгонубуз жана анын кабарын таратууга аз да болсо салым кошуп жатканыбыз кандай гана зор сыймык! Бирок жакында эскертүүлөргө кулак какпагандардын зарыл өзгөрүүлөрдү кылышы мүмкүн болбой калат.

Жахабанын каары качан кайнайт?

16, 17. Жахаба өз элине качан кол салынарын кайдан билет?

16 Жахаба акыркы согуш боло турган күндү белгилеп койгон. Ал элине качан кол салынарын алдын ала билет (Мт. 24:36). Жахаба душмандарынын качан кол саларын кайдан билет?

17 Ушул китептин буга чейинки бөлүмүндө айтылгандай, Жахаба Гокко: «Жаагыңа илмек салам»,— деп айткан. Ал жагдайды улуттар зор мааниге ээ салгылашты баштагыдай кылып жетектейт (Жез. 38:4). Бирок бул анын ал согуштун тутантуучусу болорун да, ага каршы чыккандарды эркинен ажыратып коёрун да билдирбейт. Тескерисинче, мындан Жахабанын адамдардын оюн окуй аларын жана душмандарынын ошол учурдагы жагдайда кандай иш кыларын жакшы билерин көрүүгө болот (Заб. 94:11; Ыш. 46:9, 10; Жер. 17:10).

18. Адамдар эмне үчүн Кудурети Чексизге каршы чыгышат?

18 Кагылышууну Жахаба баштабаса же душмандарын согушууга мажбурлабаса, анда кандайча жөнөкөй эле пенделер Кудурети Чексиздин өзүнө каршы чыга тургандай жагдайда болуп калышат? Мунун бир себеби алар адам баласынын тарыхынын ошол мезгилинде же Кудай жок, же ал адамдардын иштерине кийлигишпейт деген бүтүмгө келишет көрүнөт. Кыязы, алар жер жүзү боюнча жалган диний уюмдардын баарын жок кылгандыктан ошондой ойдо болушат. Алар эгер Кудай бар болсо, өздөрүн анын өкүлү деп эсептеген диний уюмдарды сөзсүз коргомок деп ой жүгүртүшү мүмкүн. Бирок элди Кудайдан алыстатып, адаштырып келген диндердин баарын жок кылууну алардын жүрөгүнө Кудай өзү салганын билбей калышат (Аян 17:16, 17).

19. Жалган дин жок кылынгандан кийин эмне болот?

19 Жалган дин жок кылынгандан бир нече убакыт өткөндөн кийин Жахаба элине башкаларга абдан катуу тийген, Аян китебинде айтылгандай, ар биринин салмагы 20 килограммдай болгон мөндүргө окшогон кабарды таратууну тапшырат (Аян 16:21, шилт.). Ал кабар — кыязы, саясий жана коммерциялык түзүлүштүн жок кылынарынын жарыяланышы — ушунчалык катуу тийгендиктен, адамдар Кудайга акарат кылышат. Так ошол кабар улуттарга Кудайдын элине дүйнө жүзү боюнча кол салып, биротоло алардын жаагын жап кылганга түрткү берет сыяктанат. Алар бизди коргоочусу жок оңой олжо көрүшөт. Бирок кандай гана катуу жаңылышат!

Жахаба каарын кантип төгөт?

20, 21. Гок деген ким жана ал эмне болот?

20 Ушул китептин 17-бөлүмүнөн билгенибиздей, Жезекиел колдонгон «Магок жеринен чыккан Гок» деген пайгамбарлык мааниге ээ аттан бизге улуттардын бирикмеси кол салары айкын болгон (Жез. 38:2). Бирок ал бирикменин мүчөлөрү өз ара эптеп эле бириккен болот. Алар бири-бири менен кызматташып жаткандай көрүнгөнү менен, ортосунда атаандаштык, текебердик жана улутчулдук кала берет. Андыктан Жахабага ар биринин кылычын «бир тууганына каршы көтөртүп» коюу кыйынга турбайт (Жез. 38:21). Бирок улуттардын кырылышына табияттан тыш күч себеп болгону айкын болот.

21 Жок кылынганга чейин душмандарыбыз адам Уулунун жышаанына, сыягы, Жахаба менен Исанын күчүнүн адаттан тышкары көрсөтүлүшүнө күбө болушат. Бизге каршы чыккандар жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө түшүргөн нерселерди көрүшөт. Иса алдын ала айткандай, «адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышат» (Лк. 21:25—27). Жахабанын элине кол салганы чоң жаңылыштык болгонун билгенде андан бетер үрөйлөрү учат. Алар Жараткандын аскер башчысы экенин, «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» экенин билүүгө аргасыз болушат (Заб. 46:6—11; Жез. 38:23). Жахабанын асман аскери менен табият күчтөрүн өзүнүн берилген кызматчыларын коргош үчүн, ал эми душмандарын кырыш үчүн колдоноруна шек жок. (Окугула: 2 Петир 2:9.)

Элине коркунуч туулганда, Жахаба каарын төгүш үчүн асман аскерин жана табият күчтөрүн колдонот (21-абзацты карагыла)

22, 23. Кудайдын элин кимдер коргойт жана алар ал тапшырмасына кандай карашат?

Жахабанын күнү жөнүндө билгендерибиз эмне кылганга түрткү берет?

22 Исанын Кудайдын душмандарына жасала турган чабуулду жетектегенге жана Атасын сүйгөндөрдү, ага кызмат кылгандарды коргогонго канчалык ынтызар болору жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Майлангандардын да ошондо кандай сезимде болорун элестетсеңер. 144 000 майлангандын баары асманга чогулуп, чабуулда Исаны жандап жүрүш үчүн, Армагедон башталганга чейинки кайсы бир убакыт аралыгында алардын жердеги калдыгы асмандагы жашоого алынат (Аян 17:12—14). Акыркы күндөрдө башка койлор менен ийиндеш туруп кызмат кылгандын аркасында көптөгөн майлангандардын алар менен тыгыз достук мамиле өрчүткөнү шексиз. Армагедон маалында майлангандардын мурун аларды сыноо учурунда берилгендик менен колдоп келгендерди коргогонго бийлиги да, күчү да болот (Мт. 25:31—40).

23 Периштелер да Исанын асман аскеринин арасында болот (2 Тес. 1:7; Аян 19:14). Алар Исага ошого чейин эле Шайтанды жана анын жин-перилерин асмандан кууп түшүргөнгө жардам беришкен (Аян 12:7—9). Ошондой эле жер бетинде Жахабага сыйынгысы келгендерди чогултуу ишине катышып келишкен (Аян 14:6, 7). Периштелердин Жахабага берилген ошол адамдарды канчалык коргогусу келери жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жахабанын аларды коргогонго периштелерге жол берери кандай гана жөндүү! Ошентсе да Жахабанын аскериндегилердин баары үчүн эң маанилүү нерсе Жахабанын ысымын ыйыктоо жана актоо болот. Алар душмандарды жок кылып, Жахабанын ысымынын ыйыкталышына жана акталышына өз салымын кошконун зор сыймык катары көрүшөт (Мт. 6:9, 10).

24. Башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдар эмне кылышат?

24 Ушундай бийик максатты көздөгөн кубаттуу аскердин коргоосу алдында башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдарда коркконго эч кандай себеп болбойт. Тескерисинче, алар бойлорун түзөп, баштарын өйдө көтөрүшөт, анткени куткарылуусуна аз калган болот (Лк. 21:28). Ооба, асмандагы Атабыз кандай гана ырайымдуу, кудуреттүү! Анын күнү келгенге чейин мүмкүн болушунча көптөргө аны таанып-билүүгө, сүйгөнгө жардам бергенибиз абдан маанилүү. (Окугула: Сепания 2:2, 3.)

Армагедон учурунда Жахабанын эли согушпайт. Душмандар бири-бирин кыра баштаганда, периштелер Жахабанын элин коргойт (Жез. 38:21) (22—24-абзацтарды карагыла)

25. Кийинки бөлүмдө эмне жөнүндө сөз жүрөт?

25 Адамдар жүргүзгөн согуштан кийин адатта баш аламандык болуп, көптөр азап тартат. Ал эми Армагедондон кийин тартип өкүм сүрүп, адамдар кубанычка бөлөнөт. Жахабанын каары басылып, анын аскери кылычтарын кынына салып, улуу согуш учурундагы чуру-чуу басаңдагандан кийинки жагдай кандай болот? Ошол кереметтүү келечек жөнүндө эмки бөлүмдө сөз жүрөт.