Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

«Оо, Гок,.. мен сага каршы чыгам»

«Оо, Гок,.. мен сага каршы чыгам»

ЖЕЗЕКИЕЛ 38:3

ӨЗӨК ОЙ: «Гоктун» жана ал чабуул коё турган «жердин» эмнени билдиреринин түшүндүрүлүшү

1, 2. Алдыда кандай улуу согуш болот жана ага байланыштуу кандай суроолор туулат? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

МИҢДЕГЕН жылдардан бери жер бети адам баласы салган кыргындардын, анын ичинде 20-кылымда болгон эки дүйнөлүк согуштун айынан канга боёлуп келет. Анткен менен адамзаттын тарыхындагы эң улуу согуш али алдыда. Бирок ал тек гана ар бир тарабы жеке кызыкчылыгын көздөгөн элдердин ортосундагы кагылышуу эмес. Ал согуш — «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» (Аян 16:14). Аны тутанткан текебердиги ашкан душман Кудай үчүн баалуу болгон жерге чабуул коёт. Ошол себептен Эгедер Теңир Жахаба кыйратуучу күчүн жер жүзүндө болуп көрбөгөндөй жол менен көрсөтөт.

2 Буга байланыштуу төмөнкүдөй суроолор туулат: Ал душман ким? Кайсы жерге чабуул коёт? Качан, эмне үчүн жана кантип чабуул коёт? Келечектеги ал окуялар бизге, Жахабанын жер бетиндеги кызматчыларына, тиешелүү болгондуктан, бул суроолордун жообун билгенибиз маанилүү. Жоопту Жезекиел китебинин 38, 39-бөлүмдөрүндө жазылган жүрөктү солкулдаткан пайгамбарлык сөздөн таба алабыз.

Душман — Магок жеринен чыккан Гок

3. Жезекиелдин Магок жеринен чыккан Гок жөнүндөгү пайгамбарлыгынын ток этер жерин айтып бергиле.

 3 Окугула: Жезекиел 38:1, 2, 8, 18; 39:4, 11. Бул пайгамбарлык сөздүн ток этер жери мындай: «Акыркы жылдары [ошол жылдардын акырында]» «Магок жеринен чыккан Гок» деп аталган душман Кудайдын элинин «жерине» кол салат. Анын ошол ырайымсыз кол салышы Жахабанын каарын кайнатат, анан Жахаба ага каршы чыгып, аны тыптыйпыл кылат *. Жеңиштин ээси Жахаба жеңилген душманын жана аны коштогондордун баарын «жырткыч куштарга,.. талаа жаныбарларына жем кылат». Акырында болсо Гокко «көрүстөн берет». Бул пайгамбарлык сөздүн жакынкы келечекте кантип аткарыларын түшүнүш үчүн адегенде Гоктун кимди билдирерин билишибиз керек.

4. Магок жеринен чыккан Гок жөнүндө кандай бүтүмгө келүүгө болот?

4 Анда Магок жеринен чыккан Гок ким? Жезекиелдин айткандарынан Гоктун Жахабага сыйынгандардын душманы экенин билүүгө болот. «Гок» деген ысым таза сыйынуунун душмандарынын ана башы Шайтандын пайгамбарлык мааниге ээ атыбы? Биздин адабияттарда ондогон жылдар бою ушинтип түшүндүрүлүп келген. Бирок Жезекиелдин пайгамбарлыгын тереңирээк изилдөө мурунку түшүнүгүбүздү өзгөртүүгө себеп болду. «Күзөт мунарасында» Магок жеринен чыккан Гок деген аттын көзгө көрүнбөгөн рухка эмес, адамдардын арасынан чыккан душманга — таза сыйынууга каршы согуш жүргүзгөн улуттардын бирикмесине — тиешелүү экени түшүндүрүлгөн *. Ушундай бүтүмгө эмненин негизинде келгенибизди карап чыгардан мурун, Гоктун рух эмес экенине Жезекиелдин пайгамбарлыгында кандай эки далил бар экенине токтололу.

5, 6. Гоктун рух эмес экенин Жезекиелдин пайгамбарлыгындагы кайсы сөздөрдөн билүүгө болот?

5 «Сени жырткыч куштарга... жем кылам» (Жез. 39:4). Ыйык Жазмада өлүктөрдү жеген жырткыч куштар жөнүндө көбүнчө Кудайдын сот өкүмү тууралуу эскертүүгө байланыштуу айтылат. Кудайдын андай эскертүүлөрү Ысрайылга да, башка элдерге да берилген (Мыйз. 28:26; Жер. 7:33; Жез. 29:3, 5). Бирок ал эскертүүлөрдүн рухтарга эмес, эт менен кандан турган адамдарга айтылганын байкасаңар. Анын үстүнө, жырткыч куштар менен жаныбарлар рух эмес, эт жейт. Андыктан Жезекиелдин пайгамбарлыгындагы бул эскертүү Гоктун рух эмес экенин айкындоодо.

6 «Мен Гокко... көрүстөн берем» (Жез. 39:11). Ыйык Жазмада рухтардын жерге көмүлөрү тууралуу айтылбайт. Шайтан менен анын жин-перилери 1 000 жылга туңгуюкка камалып, кийин каймана маанидеги оттуу көлгө ыргытылат. Бул алардын түбөлүккө жок кылынарын билдирет (Лк. 8:31; Аян 20:1—3, 10). Гокко «көрүстөн» жерден бериле турганы айтылгандыктан, ал рух эмес деген жыйынтыкка келсек болот.

7, 8. «Түндүк падышасы» менен Магок жеринен чыккан Гоктун көрөр күнү жөнүндө айтылгандардын кандай окшоштугу бар?

7 Жахабанын кызматчыларына акыркы жолу сокку ура турган Гок рух болбосо, анда ким же эмне? Эмесе, Магок жеринен чыккан Гоктун кимди же эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берген Ыйык Китептеги эки пайгамбарлыкка көңүл буралы.

8 «Түндүк падышасы». (Окугула: Даниел 11:40—45.) Даниел пайгамбар адамзат тарыхындагы дүйнөлүк державалардын башкаруусу тууралуу алдын ала айткан. Анын пайгамбарлыгында бири-бири менен атаандашып келген саясий душмандар — «түштүк падышасы» менен «түндүк падышасы» — жөнүндө сөз жүрөт. Бийликке ээ болгонго далалат кылып, тирешип келген ар кайсы улуттар кылымдар бою же «түштүк падышасы», же «түндүк падышасы» болуп келген. Түндүк падышасынын «акыркы убакта» жасай турган соңку чабуулу жөнүндө Даниел пайгамбар: «Ал катуу каарданып, кырыш үчүн, көптөрдү жок кылыш үчүн чыгат»,— деп жазган. Түндүк падышасынын негизги бутасы Жахабага сыйынгандар болот *. Бирок Кудайдын элине кол салып, жеңилип калгандан кийин, Магок жеринен чыккан Гокко окшоп, түндүк падышасынын да «акыры келет».

9. Магок жеринен чыккан Гок менен «бүт дүйнөнүн падышаларынын» көрөр күнү жөнүндө айтылгандардын кандай окшоштугу бар?

9 «Бүт дүйнөнүн падышалары». (Окугула: Аян 16:14, 16; 17:14; 19:19, 20.) Аян китебинде «жер жүзүнүн падышаларынын» «падышалардын Падышасына», асмандагы Исага, каршы согушары алдын ала айтылган. Бирок ал козголоңчулар асманга жете албагандыктан Падышалыктын жердеги жактоочуларына кол салат. Андан соң Армагедондо жеңилет. Алардын акыры Жахабанын элине кол салгандан кийин келерине көңүл бурсаңар. Бул Магок жеринен чыккан Гок жөнүндө айтылгандарга окшош *.

10. Гоктун эмнени билдирери жөнүндө кандай жыйынтык чыгарсак болот?

10 Жогоруда айтылгандарга ылайык, Гоктун эмнени билдирери жөнүндө кандай жыйынтык чыгарсак болот? Биринчиден, Гок рух эмес. Экинчиден, Гок жакынкы келечекте Кудайдын элине чабуул коё турган жердеги улуттарды билдирет. Ал улуттар бирикмени түзөрү, башкача айтканда, кандайдыр бир жол менен биригери шексиз. Эмне үчүн? Кудайдын эли дүйнөнүн чар тарабында жашагандыктан, аларга чабуул коюш үчүн ал улуттар бир ойдо болуп, биргеликте иш жүргүзүшү керек (Мт. 24:9). Ошол чабуулдун Шайтандын шыкагы менен болору турган иш. Ал эзелтен бери эле улуттарды чыныгы сыйынууга каршы иш кылганга тукуруп келет (1 Жкн. 5:19; Аян 12:17). Бирок Жезекиелдин Магок жеринен чыккан Гок жөнүндөгү пайгамбарлык сөздөрүндө Жахабанын элине кол сала турган жер бетиндеги улуттарга басым жасалат *.

«Жер» эмнени билдирет?

11. Гок кол сала турган «жер» Жезекиелдин пайгамбарлыгында кантип сүрөттөлгөн?

11  3-абзацтан билгенибиздей, Магок жеринен чыккан Гок Жахаба үчүн баалуу болгон жерге кол салып, анын каарын кайнатат. Ал эмне болгон жер? Кайрадан Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүнө кайрылалы. (Окугула: Жезекиел 38:8—12.) Анда Гоктун «куткарылган [калыбына келтирилген] элдин,.. ар кайсы элдерден чогултулган элдин, жерине келери» айтылган. Ошондой эле ал жерде жашаган таза сыйынууну колдогондордун «дубалы да, эшиги да, эшик бекиткичи да жок» айылдарда «коопсуз» жашап жатканы жана «байлык... топтоп жатканы» айтылганын да байкасаңар. Ал — бүт жер жүзүндөгү Жахабага таза сыйынгандар жашаган «жер». Муну кайдан биле алабыз?

12. Байыркы учурда Ысрайыл жери кандайча калыбына келтирилген?

12 Муну билүүгө байыркы Ысрайылдагы — Жахабанын тандалган эли жашаган, эмгектенген жана кылымдар бою ага сыйынып келген жердеги — калыбына келтирүү ишин карап чыкканыбыз жардам болот. Ысрайылдыктар Кудайдын алдында ишенимсиз болуп калышканда, ал Жезекиел аркылуу алардын жери кыйратылып, ээн каларын алдын ала айткан (Жез. 33:27—29). Бирок Жахаба элдин өкүнгөн калдыгы кийинчерээк Бабылдан келерин жана өз жеринде таза сыйынууну калыбына келтирерин да айткан. Анын батасы менен Ысрайыл жери өзгөрүп, «Эйден багындай болуп» гүлдөмөк (Жез. 36:34—36). Ал жер, туткундагы жүйүттөр өздөрү сүйгөн мекенинде чыныгы сыйынууну калыбына келтириш үчүн Иерусалимге кайтып барышканда, б.з.ч. 537-жылдан тартып калыбына келе баштаган.

13, 14. а) Рухий жер деген эмне? б) Бул жер Жахаба үчүн эмне себептен баалуу?

13 Бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчылары ушул сыяктуу калыбына келтирүү ишине күбө болушкан. Бул китептин 9-бөлүмүнөн билгенибиздей, Кудайдын эли Улуу Бабылдын узакка созулган туткунунан 1919-жылга чейин эле бошотулган. Ошол жылы Жахаба калыбына келтирилген таза сыйынууну жактагандарды рухий жерге алып келген. Ал жер — рухий бейиш — Кудайга сыйынгандар ээ болгон коопсуз, рухий жактан гүлдөгөн чөйрө, башкача айтканда, абал. Ушул жерде биз чогуу коопсуздукка, акылыбыз менен жүрөгүбүздү ээлеген тынчтыкка бөлөнүп жашап жатабыз (Накыл 1:33). Рухий тамагыбыз мол, Кудайдын Падышалыгын жарыялоого байланышкан канааттануу тартуулаган иштерибиз да көп. Чынында эле, биз «Жахабанын батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» деген сөздөрдүн калетсиз экенин сезип жатабыз (Накыл 10:22). Дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, таза сыйынууну сөзүбүз менен да, ишибиз менен да жигердүү колдой берсек, ушул жерде — рухий бейиште — жашап жаткан болобуз.

14 Бул рухий жер Жахаба үчүн баалуу. Анткени Жахабанын көз алдында анын тургундары — ал өзү таза сыйынууга тарткандар, «бардык элдердин асыл заттары» (Акай 2:7; Жкн. 6:44). Алар Кудайдын теңдешсиз сапаттарын чагылдырган жаңы табиятты кийгенге бүт күчү менен аракет кылышат (Эф. 4:23, 24; 5:1, 2). Кудайга таза сыйынгандар катары алар ага кызмат кылууга өздөрүн толугу менен арнашат. Алар муну Кудайды даңктагыдай жолдор менен кылышат жана ошентип аны сүйөрүн көрсөтүшөт (Рим. 12:1, 2; 1 Жкн. 5:3). Кызматчыларынын рухий жерди көркүнө чыгарыш үчүн бүт күчүн жумшап жатканын көргөндө Жахабанын жүрөгү канчалык кубанычка толорун элестетсеңер. Ойлоп көрсөңөр, таза сыйынууну жашообузда биринчи орунга койгонубуз рухий бейишти кулпурткандан тышкары, Жахабаны да сүйүнтөт! (Накыл 27:11).

Кайсы жерде жашабайлы, таза сыйынууну жигердүү колдой берсек, рухий жерде жашап жаткан болобуз (13, 14-абзацтарды карагыла)

Гок ал жерге качан, эмне үчүн жана кантип келет?

15, 16. Магок жеринен чыккан Гок калыбына келтирилген рухий жерибизге качан келет?

15 Биз үчүн баалуу болгон рухий жерибизге жакында жер жүзүндөгү улуттардын бирикмеси кол салат деген ой сестентпей койбойт. Бул Жахаба Кудайга сыйынгандар катары бизге тиешелүү болору айтылгандыктан, албетте, бул тууралуу көбүрөөк билгибиз келет. Анда бизди кызыктырган үч суроого токтололу.

16 Магок жеринен чыккан Гок калыбына келтирилген рухий жерге качан келет? Пайгамбарлыкта анын «акыркы жылдары [ошол жылдардын акырында] келери» айтылган (Жез. 38:8). Бул анын ушул дүйнө түзүлүшүнүн акырына аз калган убакта болорун билдирет. Улуу алаамат Улуу Бабылдын, жалган диндин дүйнөлүк империясынын, кыйратылышы менен башталарын эстесеңер. Жалган диндин уюмдары кыйратылгандан кийин жана Армагедон башталганга чейин, Гок Жахабага сыйынгандарга акыркы жолу жана дүйнөлүк масштабда сокку урат.

17, 18. Жахаба улуу алаамат учурунда окуялардын өрчүшүн кантип жетектейт?

17 Гок Жахабага сыйынгандардын калыбына келтирилген жерине эмне үчүн келет? Жезекиелдин сөзүнөн эки нерсени: биринчиден, Жахабанын окуялардын өрчүшүн кантип жетектээрин жана экинчиден, Гоктун арам оюн айкын түшүнүүгө болот.

18 Жахаба окуялардын өрчүшүн кантип жетектейт? (Окугула: Жезекиел 38:4, 16.) Жахабанын Гокко «жаагыңа илмек салам» жана «сени өз жериме алып келем» деп айтканына көңүл бурсаңар. Бул сөздөр Жахабанын улуттарды өзүнүн элине кол салууга мажбур кыла турганын билдиреби? Албетте жок. Ал өз элине эч качан жамандык кылбайт (Аюп 34:12). Бирок Жахаба душмандарынын таза сыйынгандарды жек көрөрүн жана аларды жер менен жексен кылуу мүмкүнчүлүгүнөн сөзсүз пайдаланарын билет (1 Жкн. 3:13). Жахаба Гоктун жаагына илмек салып, аны жетелейт, ошол эле учурда окуяларды анын эркине жана өзү белгилеген убакыт-мөөнөткө ылайык өрчүй тургандай кылып жетектейт. Улуу Бабыл кыйратылгандан кийин кайсы бир убакыт аралыгында Жахаба кандайдыр бир жол менен улуттарга алардын оюнда ага чейин эле бар болгон нерсени — анын элине кол салууну — ишке ашырууга түрткү берет. Ал жердеги эң улуу согушка, Армагедонго, алып бара турган окуянын болушуна ушундайча шарт түзөт. Андан соң өз элин куткарып, эгедерлигин даңктайт жана ысмын ыйыктайт (Жез. 38:23).

Таза сыйынууну жана аны колдоп-жактагандардын баарын жек көргөндүктөн улуттар Жахабага сыйынганыбызды токтотуш үчүн колунан келгендин баарын кылат

19. Таза сыйынууну токтотконго аракет кылууга Гокко эмне түрткү берет?

19 Гоктун арам ою. Улуттар «кыянаттык кылууну ойлошот». Алар «дубалы да, эшиги да, эшик бекиткичи да жок» «чепсиз айылдарда» жашап, алсыздай көрүнгөн Жахабанын кызматчыларына көптөн бери тиш кайрап, жек көрүп жүргөндүктөн аларды жок кылуунун жолун издешет. «Байлык... топтоп жаткандарды» «талап-тоноп», олжолуу болууну да көздөшөт (Жез. 38:10—12). Ал эмне болгон «байлык»? Жахабанын элинин рухий байлыгы мол. Биздеги эң баалуу нерсе — бул Жахабага гана таандык таза сыйынуубуз. Таза сыйынууну жана аны колдоп-жактагандардын баарын жек көргөндүктөн улуттар Жахабага сыйынганыбызды токтотуш үчүн колунан келгендин баарын кылат.

Таза сыйынууну жок кылам деген ниетте Гок «кыянаттык кылууну ойлойт» (19-абзацты карагыла)

20. Гок рухий жерге, башкача айтканда, бейишке кантип келет?

20 Гок рухий жерге, башкача айтканда, бейишке кантип келет? Улуттар Кудайдын кызматчылары катары жашоо өткөрүшүбүзгө тоскоолдук кылып, Кудайга сыйынганыбызды токтотконго аракет кылышы мүмкүн. Ошондой максат менен рухий тамактын жолун бууп салууга, чогулуп турушубузга бөгөт коюуга, биримдигибизди бузууга, Кудайдын кабарын ынталуу жарлашыбызды токтотууга аракет кылышы ыктымал. Анткени булардын баары — рухий бейишке шарт түзгөн нерселер. Шайтандын тукуругу менен улуттар Жахабага таза сыйынгандарды, алар менен кошо таза сыйынууну да жер бетинен жок кылууну көздөйт.

21. Боло турган окуя жөнүндө алдын ала эскертип жатканына Жахабага эмне үчүн ыраазысың?

21 Магок жеринен чыккан Гоктун келечекте кол салышы Кудайдын ал берген рухий жерде жашап жаткан бардык кызматчыларына таасир этет. Бул тууралуу алдын ала эскертип жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Ал убак келгенге чейин улуу алааматты күтүп жатып таза сыйынууну жашообузда биринчи орунга коюп, аны мындан ары да чечкиндүү түрдө колдой берели. Ошондо калыбына келтирилген жердин көркүнө көрк кошкон болобуз. Мындан сырткары, жакын арада боло турган эң бир таасирдүү окуяга — Жахабанын Армагедондо өз элин жана ыйык ысмын кантип коргооруна — күбө болобуз. Бул тууралуу кийинки бөлүмдө сөз жүрөт.

^ 3-абз. Жахабанын каары Магок жеринен чыккан Гокко кантип жана качан төгүлөрү, ошондой эле бул Жахабанын кызматчылары үчүн эмнени билдирери кийинки бөлүмдө каралат.

^ 4-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2015-жыл, 15-май, 29, 30-б., «Окурмандардын суроолору».

^ 8-абз. Даниел 11:45тен түндүк падышасынын Кудайдын элине кол саларын билүүгө болот. Себеби аятта ал падышанын «өзүнүн падыша чатырларын улуу деңиз [Жер Ортолук деңиз] менен Даңктуу жердин ыйык тоосунун [бир кезде Кудайдын ибадатканасы турган жана Кудайдын эли сыйынган жердин] ортосуна тигери» жазылган.

^ 9-абз. Ыйык Китепте Кудайдын элине аларды жок кылуу максатында азыркы күндөгү «ашурлук» да чабуул коёру айтылган (Мик. 5:5). Кудайдын элине жасала турган 4 чабуул — Магок жеринен чыккан Гок, түндүк падышасы, бүт дүйнөнүн падышалары жана ашурлук тарабынан жасала турган чабуул — ар кандай аталган бир эле чабуулду билдириши мүмкүн.

^ 10-абз. Аян 20:7—9-аяттарда айтылган «Гок менен Магоктун» эмнени билдирерин билиш үчүн ушул китептин 22-бөлүмүн карагыла.