Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

«Мен сойкулугуңду токтотом»

«Мен сойкулугуңду токтотом»

ЖЕЗЕКИЕЛ 16:41

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиел жана Аян китебиндеги сойкулар жөнүндө айтылгандардан биз биле турган нерселер

1, 2. Атайлап сойкулук кылган аялды сүрөттөп бергиле.

СОЙКУНУ көргөндө көптөр жаман болот. Эмнеден улам ушунчалыкка жетти болду экен деп ойлонушубуз мүмкүн. Жаш кезинде үйүнөн зордук-зомбулук, кордук көрүп көчөдө калгандыктан ушундай болуп калганбы? Же жокчулуктун айынан денесин сатууга аргасыз болгонбу? Же кызыл камчы күйөөсүнөн качып ушундайга туш болгонбу? Зээнди кейиткен мындай нерселер азыркы ыймансыз дүйнөдө көп эле учурайт. Андыктан Иса Машаяктын айрым сойкуларга боору ачып, жакшы мамиле кылганы таң калыштуу эмес. Ал өкүнүп, андай жолун таштагандар жакшыраак жашоого үмүттөнө аларын баса белгилеген (Мт. 21:28—32; Лк. 7:36—50).

2 Эми атайлап ошондой жолго түшкөн сойкуну элестетсеңер. Ал сойкулукту уят иш эмес, пайда көрө турган иш катары эсептейт. Ошол ишинен түшкөн акчага, таасирдүү абалга ээ болгонго жутунат. Андан да жаманы, ага берилгендик сактаган күйөөсү болгонуна карабай, анын көзүнө чөп салып, сойкулукка барат. Андай аялдан жана өткөргөн жашоосунан ким болбосун жийиркенет. Жахаба Кудай жалган динге карата кандай сезимдерди туярын билдириш үчүн сойкуну мына так ушул себептен кайра-кайра мисал кылган.

3. Бул бөлүмдө кайсы билдирүүлөргө токтолобуз?

3 Жезекиел китебинде Кудайдын Ысрайыл менен Жүйүт жериндеги элинин барып турган ишенимсиздиги сойкулукка салыштырылган эки билдирүү камтылат (Жез. 16 жана 23-бөл.) Ошол билдирүүлөрдү кененирээк караганга чейин каймана маанидеги башка сойку жөнүндө жазылгандарга токтололу. Ал сойку Жезекиел пайгамбардын күндөрүнө чейин эле, атүгүл ысрайыл эли пайда болгонго чейин эле сойкулук кылып келген жана анын иши бүгүнкү күндө да гүлдөп-өсүүдө. Анын ким экени Ыйык Китептин акыркы китебинде, Аян китебинде, айтылат.

«Сойкулардын... энеси»

4, 5. «Улуу Бабыл» эмнени билдирет жана муну кайдан билебиз? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Б.з. 1-кылымынын аягында элчи Жакан Исадан алган аянында бир шумдук нерсени көргөн. Ал «улуу сойку», ошондой эле «Улуу Бабыл, сойкулардын... энеси» деп аталган (Аян 17:1, 5). Анын чынында ким экени кылымдар бою диний жетекчилер менен Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар үчүн табышмак болуп келген. Алар ал Бабылды, Римди же Рим-католик чиркөөсүн билдирет деп ар түрдүү жоромолдорду айтып келишкен. Бирок ондогон жылдар бою Жахабанын Күбөлөрү ошол «улуу сойкунун» чынында ким экенин туура түшүнүп келишкен. Ал — жалган диндин дүйнөлүк империясы. Муну кайдан билебиз?

5 Ал сойку «жер жүзүндөгү падышалар» менен, тактап айтканда, саясий күчтөр менен бузуктук кылганы үчүн айыпталган. Демек, анын саясий күчтү билдирбей турганы анык. Мындан тышкары, Аян китебинен Улуу Бабыл жок кылынганда, «дүйнөнүн соодагерлеринин», бул дүйнөнүн коммерциялык түзүлүшүнүн, аны жоктоп ыйлаганын билүүгө болот. Демек, Улуу Бабыл коммерциялык түзүлүштү да билдириши мүмкүн эмес. Анда эмнени билдирет? Анын «спиритизмге аралашып», бурканга табынууну жайылтып, бүт элдерди адаштырып келатканына көңүл бурсаңар. Ушул айтылгандар бул дүйнөнүн бузулган диний уюмдарына төп келип жаткан жокпу? Анын бул дүйнөнүн саясий күчтөрүнүн үстүндө отурган, башкача айтканда, алардын үстүнөн кандайдыр бир бийликке ээ болгон сойку катары сүрөттөлгөнү да көңүлгө аларлык. Ал Жахаба Кудайдын ишенимдүү кызматчыларын да куугунтуктоодо (Аян 17:2, 3; 18:11, 23, 24). Ушунун баарын ушу күнгө чейин жалган дин кылып келаткан жокпу?

Жалган диндин түрдүү каада-салттары, окуулары жана уюмдары байыркы Бабылдан башат алган (6-абзацты карагыла)

6. Улуу Бабылды эмне үчүн «сойкулардын... энеси» деп айтууга болот?

6 Эмне үчүн Улуу Бабыл «улуу сойку» деп эле эмес, «сойкулардын... энеси» деп да аталган? Жалган дин сансыз диндерден турат. Андагы агымдарды, секталарды санап отурса сан жетпейт. Байыркы Бабылда тилдер аралашкан мезгилден тартып толгон токой диндер пайда болуп, жалган диний окуулардын бардык түрлөрү кеңири жайылып келет. Андыктан «Улуу Бабылдын» жалган диндердин башаты болгон Бабыл шаарынын атынан аталганы кандай гана орундуу! (Башт. 11:1—9). Демек, ошол диндердин баарын бир уюмдун, бир улуу сойкунун, «кыздары» десе болот. Шайтан адамдарды спиритизмдин, бурканга табынуунун жана Кудайдын атына шек келтирген жалган окуулар менен каада-салттардын тузагына түшүрүш үчүн көбүнчө ошол диндерди колдонот. Андыктан Кудайдын бүт дүйнөнү кучагына алган ошол бузулган уюмдан оолак болгонго чакырып: «Элим, анын күнөөлөрүнө ортоктош болуп,.. балээлерге кабылбашың үчүн, андан чык»,— деп эскерткени таң калыштуу эмес. (Окугула: Аян 18:4, 5.)

7. Улуу Бабылдан «чык» деген эскертүүгө эмне үчүн кулак кагышыбыз керек?

7 Силер ушул эскертүүгө ылайык иш кылдыңарбы? Негизи, адамдар «рухий муктаждыгын сезгендиктен» Кудайды издешет. Жахаба Кудай өзү адам баласын ушундай муктаждык менен жаратканын эсибизден чыгарбашыбыз керек (Мт. 5:3). Ал муктаждык адам Жахабага таза сыйынганда гана толук канааттандырылат. Ошондуктан Жахабанын кызматчылары жалган сыйынуудан мүмкүн болушунча алыс болууну каалайт. Бирок Шайтан Ибилис таптакыр башка нерсени көздөйт. Ал Кудайдын элин сойкулуктун ушундай түрүнүн тузагына түшүрүүнү самайт. Көп учурда ал ийгиликке жетип келген. Мисалы, Жезекиелдин күндөрүнө чейин эле Кудайдын эли узак убакыт бою рухий мааниде сойкулук кылып келген. Алардын тарыхына сереп салганыбыз жакшы, анткени андан Жахабанын нормалары, адилеттүүлүгү жана ырайымы жөнүндө көп нерсени биле алабыз.

«Сойкулук кыла баштадың»

8—10. а) Таза сыйынуу үчүн коюлган маанилүү талап кайсы? б) Эли жалган кудайларга сыйынып кеткенде, Жахаба кандай сезимде болгон? Түшүндүргүлө.

8 Элинин ишенимсиздиги ага канчалык катуу тийгенин көрсөтүш үчүн Жахаба Жезекиел китебинде сойкуну мисал кылган. Ыйык рухтун жетеги менен Жезекиел берилгендик сактабаган, бузуктук кылган элинин айынан Жахабанын жүрөгү ченсиз ооруганы жана эли аны сатып кеткендей сезимде болгону ачык-айкын баяндалган эки билдирүүнү жазган. Жахаба аларды эмне үчүн сойкуларга салыштырган?

9 Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде ушул китептин 5-бөлүмүндө каралган таза сыйынуу үчүн коюлган маанилүү талапты эстешибиз керек. Ысрайылга берген Мыйзамында Жахаба: «Менден башка кудайларың болбосун... мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын»,— деп айткан (Чыг. 20:3, 5). Кийинчерээк ошол эле чындыкты: «Башка кудайга сыйынба, анткени Жахаба — өзүнө толук берилгендик көрсөтүүнү талап кылган Кудай, ал — ушундай Кудай»,— деп баса белгилеген (Чыг. 34:14). Ооба, мындан так-айкын берилген көрсөтмө болбостур! Жахаба биздин сыйынуубузду ага берилгендик сактаганыбызда гана кабыл алат.

10 Сойку жөнүндөгү мисалды жакшы түшүнүш үчүн никедеги мамиле жөнүндө ойлонуп көрөлү. Күйөөсү да, аялы да бири-биринен белгилүү бир мааниде берилгендикти талап кылганга укуктуу. Жубайлардын бири башка бирөөгө карата махабат сезимин өрчүтсө же аны менен жыныстык мамиледе болууну кыялданса, анда экинчисинин кызганганы, жубайы аны сатып кеткендей сезгени негиздүү болот. (Окугула: Еврейлер 13:4.) Анын сыңарындай, сыйынууга байланыштуу айта турган болсок, өздөрүн ага гана берилгендик көрсөтүүгө арнаган эли жалган кудайларга сыйынып кеткенде, Жахабага алар аны сатып кеткендей эле сезилген. Ал өзүнүн ушундай сезимдерин Жезекиел китебинин 16-бөлүмүндө күчтүү сөздөр менен билдирген.

11. Жахаба Иерусалим жөнүндө жана анын келип чыгышы жөнүндө эмнелерди айтып берген?

11 Жезекиел китебинин 16-бөлүмүндө Жахабанын ал китептеги эң узак айтылган сөздөрү, ал эми бүтүндөй Еврей Жазмаларындагы эң узун пайгамбарлыктарынын бири камтылган. Жахаба ишенимсиз Жүйүттү билдирген Иерусалим шаары жөнүндө сөз кылган. Ал анын кайдан келип чыкканы, кантип ишенимсиздик кылганы баяндалган кайгылуу жана төбө чачты тик тургузган окуяны айтып берген. Башында Жүйүт талаага ташталган, кир, каралбаган ымыркай кыздай эле. Анын ата-энеси ошол жердеги бутпарас канаандыктар болгон. Чынында эле, Иерусалим шаарын Дөөтү басып алганга чейин, ага канаандыктардын бир уруусу, жебустуктар, бийлик кылган. Жахаба ал ташталган кызга боору ачып, аны жууп-тазалап, кам көргөн. Убакыттын өтүшү менен ал анын аялындай эле болуп калган. Негизи, акыр-аягы Иерусалим шаарына отурукташкан ысрайылдыктар тээ Мусанын убагында эле өз эрки боюнча Жахаба менен келишим түзгөн эл болчу (Чыг. 24:7, 8). Иерусалим ал жердин борбор калаасы болгондон кийин, аялына кооз жасалгаларды таккан бай жана бийлиги бар күйөө сыяктуу, Жахаба шаарга батасын берип, байытып, көркүнө чыгарган (Жез. 16:1—14).

Сулайман чет элдик аялдарынын кысымына алдырып, Иерусалимди бурканга сыйынуу менен арамдаган (12-абзацты карагыла)

12. Жалган кудайларга сыйынуу Иерусалимде кантип акырындап жайыла баштаган?

12 Андан кийин эмне болгонуна көңүл бурсаңар. Жахаба: «Сен сулуулугуңа таяндың, атыңдан пайдаланып, сойкулук кыла баштадың, жолдон өткөндүн баары менен эле бузуктук кыла бердиң, сулуулугуңду ошолорго арнадың»,— деген (Жез. 16:15). Сулаймандын күндөрүндө Жахаба элине батасын ушунчалык мол төгүп, алар байлыкка тунгандыктан, Иерусалимдин эң эле көрктүү, теңдешсиз шаарга айланганы шексиз (1 Пад. 10:23, 27). Бирок ал жерде акырындык менен жалган кудайларга сыйынуу жайыла баштаган. Сулайман көп сандаган чет элдик аялдарына жагыш үчүн Иерусалимди бутпарас элдердин кудайларына сыйынуу менен арамдай баштаган (1 Пад. 11:1—8). Андан кийинки падышалардын айрымдары андан да ашып түшүп, жалган сыйынуу менен бүт жерди арамдашкан. Жахаба сойкулукка жана ишенимсиздикке жаткан андай иштерге кандай караган? Ал: «Мурун мындай болгон эмес, кийин да болбошу керек»,— деген (Жез. 16:16). Бирок тоң моюн эли сойкулук кылганын койбой, бузулгандан бузула берген!

Кээ бир ысрайылдыктар балдарын Молек сыяктуу жалган кудайларга курмандыкка чалышкан

13. Кудайдын Иерусалимдеги эли кандай ыймансыз иштери үчүн күнөөлүү болгон?

13 Өзү тандап алган элин ыймансыздыгы үчүн ашкерелеп жатканда Жахабанын жүрөгү канчалык сыздаганын жана алардан жийиркенгенин элестетсеңер. Ал: «Мага төрөп берген уул-кыздарыңды алып, буркандарыңа багыштап, курмандыкка чалдың. Сага өзүңдүн сойкулугуң аздык кылдыбы? Сен менин уулдарымды өлтүрдүң, аларды буркандарыңа багыштап өрттөдүң»,— деген (Жез. 16:20, 21). Элдин дене бойду дүркүрөткөн ошондой иштерге барганы Шайтандын канчалык ырайымсыз экенинен кабар берет. Жахабанын эли ушул сыяктуу жийиркеничтүү иштерди кылууга азгырылганда, Шайтандын чырагына май тамат. Бирок Жахаба баарын көрүп турат. Ал Шайтандын мыкаачылык менен кылган бардык иштерин токтотуп, баарын калыбына келтирет жана адилеттикти орнотот. (Окугула: Аюп 34:24.)

14. Жахабанын мисалындагы Иерусалимдин эжеси жана сиңдиси кимдер болгон жана үчөөнүн кимисинин ыймансыздыгы ашынган?

14 Бирок Иерусалимди өзүнүн ыймансыз иштери иренжиткен эмес. Ал сойкулугун уланта берген. Жахаба анын башка сойкулардан алда канча уятсыз экенин айткан, анткени ал аны менен бузуктук кылгандарга өзү акы төлөп берген! (Жез. 16:34). Кудай Иерусалимдин кудум эле «энесине», ал жерди бир кездерде бийлеп турган бутпарас урууларга, окшош болуп калганын айткан (Жез. 16:44, 45). Жахаба үй-бүлө жөнүндөгү мисалын андан ары улантып, Самария Иерусалимдин аны диний сойкулукка батырган эжеси болгонун айткан. Ошондой эле сиңдиси Содом экенин да айтып өткөн. Бул текебердиги, бузулгандыгы үчүн жок кылынган байыркы Содом шаарын эске салган. Жахаба Иерусалимдин ыймансыздык жагынан эжеси Самариядан, сиңдиси Содомдон да ашып түшкөнүн айткысы келген (Жез. 16:46—50). Кудайдын эли анын көптөгөн эскертүүлөрүн капарына албай, жийиркеничтүү иштерин кыла берген.

15. Жахаба Иерусалимге чыгарган өкүмүн эмне максат менен ишке ашырмак жана ал кандай үмүт берген?

15 Жахаба эмне кылган? Ал Иерусалимге: «Өзүң кумарын кандырган ойношторуңдун баарын... чогултам» жана «сени алардын колуна салып берем»,— деп айткан. Анын эли менен мурун шериктеш болуп жүргөн бутпарас элдер Иерусалимди талкаламак, кийимин сыйрып алып, кооз жана баалуу буюмдарын тартып алмак. Жахаба: «Алар... сени таш бараңга алышат, кылычтап өлтүрүшөт»,— деп да кошумчалаган. Жахабанын максаты эмне эле? Ал өз элин жер менен жексен кылууну ниет кылган эмес. Анын максаты элинин сойкулугун токтотуу болчу. Кудай андан ары: «Сага кайнаган каарым басылат, кызганычым тарайт. Ошондо тынчтанам, андан кийин каарданбайм»,— деп айткан. Китептин 9-бөлүмүндө айтылгандай, Жахабанын узак убакыт бою ишке ашырууну көздөп келген ниети туткундан кайтып келген элинин арасында таза сыйынууну калыбына келтирүү болгон. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени ал: «Мен сени менен жаш чагыңда түзгөн келишимимди эстейм»,— деген (Жез. 16:37—42, 60). Өз элинен айырмаланып, Жахаба берилгендикти бек сактаарын көрсөткөн. (Окугула: Аян 15:4.)

16, 17. а) Охола менен Охолиба христиан дүйнөсүнүн прообразы деп эмне үчүн эсептебей калганбыз? («Сойку эже-сиңди» деген кутучаны карагыла.) б) Жезекиел китебинин 16, 23-бөлүмдөрүнөн кандай пайдалуу ойлорду таба алабыз?

16 Жахаба Жезекиел китебинин 16-бөлүмүндө жазылган узак жана күчтүү сөздөрү аркылуу бизге өзүнүн адил нормалары, адилеттүүлүгү жана теңдешсиз ырайымы жөнүндө көп нерсени үйрөтүүдө. Жезекиел китебинин 23-бөлүмү тууралуу да ушуну айтууга болот. Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары анын байыркы убактагы элинин сойкулугу жөнүндөгү так-таасын жазылган билдирүүлөргө олуттуу маани берет. Биз, Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарындай болуп, Жахабанын жүрөгүн эч качан ооруткубуз келбейт! Андыктан бурканга табынуудан жаа бою качабыз. Бурканга табынуу өз ичине ач көздүк менен дүнүйөкордукту да камтыйт (Мт. 6:24; Кол. 3:5). Биз зор ырайымынан улам азыркы акыркы күндөрдө таза сыйынууну калыбына келтирген жана анын кайрадан арамдалышына эч качан жол бербей турган Жахабага дайыма ыраазычылык билдиргибиз келет! Ал рухий Ысрайыл менен «түбөлүккө келишим түзгөн» (Жез. 16:60). Ал келишим эч качан бузулбайт, анткени рухий Ысрайыл ишенимсиздик кылбайт жана рухий сойкулукка барбайт. Андыктан бүгүнкү күндө Жахабанын таза элинин арасында болуу сыймыгын жогору баалайлы.

17 Жахабанын Жезекиел китебиндеги сойкуларга каршы айткан сөздөрүнөн «улуу сойку» — Улуу Бабыл — жөнүндө эмнени биле алабыз? Келгиле анда, ушуга токтололу.

«Аны эч качан таба алышпайт»

18, 19. Жезекиел китебинде айтылган сойкулар менен Аян китебиндеги сойкунун кандай окшоштуктарын байкоого болот?

18 Жахаба эч качан өзгөрбөйт (Жкп. 1:17). Анын жалган динге карата болгон көз карашы Улуу Бабылдын тарыхынын башында кандай болсо, азыр деле ошондой. Ошол себептен анын Жезекиел китебиндеги сойкуларга чыгарган өкүмү менен Аян китебинде айтылган «улуу сойкунун» көрөр күнүнүн ортосунда көп окшоштуктар бар экени бизди таң калтырбайт.

19 Алсак, Жезекиел китебиндеги сойкуларды Жахаба өзү түздөн-түз жазалаган эмес, ал ишенимсиз элин алар кимдер менен рухий сойкулук кылса, ошолордун колу менен жазалаган. Ошо сыяктуу эле, жалган диндин дүйнөлүк империясы «жер жүзүндөгү падышалар» менен бузуктук кылганы үчүн айыпталууда. Ал ким тараптан жазаланат? Аян китебинен саясий күчтөрдүн аны «жек көрүп, талап-тоношорун», «жылаңачташарын», анан «этин жеп, өзүн өрттөп жиберишерин» окуйбуз. Бул дүйнөнүн өкмөттөрү эмне үчүн ушундай таң калыштуу ишке барышат? Анткени Кудай «өзүнүн оюн аткарууну... алардын... жүрөктөрүнө салат» (Аян 17:1—3, 15—17).

20. Бабылга чыгарылган өкүм акыркы болору эмнеден көрүнүп турат?

20 Демек, Жахаба бардык жалган диндерге, анын ичинде христиан дүйнөсүндөгү көптөгөн диндерге каршы чыгарган өкүмүн ишке ашырыш үчүн бул дүйнөдөгү элдерди колдонот. Ал өкүм акыркы өкүм болот; эч кимге кечирим болбойт, диндерге жаман жолунан кайтканга башка мүмкүнчүлүк берилбейт. Аян китебинде Бабылды «эч качан таба алышпай» турганы жазылган (Аян 18:21). Ал кыйратылганда, Кудайдын периштелери: «Жахты даңктагыла! Ал шаардын түтүнү түбөлүктөн түбөлүккө көтөрүлүп турат»,— деп кубана жар салышат (Аян 19:3). Кудайдын ошол өкүмү түбөлүккө эсте калат. Ошондон кийин бир да жалган диндин кайрадан пайда болушуна жана таза сыйынууну арамдашына жол берилбейт. Бабылдын өрттөлүп жок кылынары жана кыйратылары андан түбөлүккө көтөрүлүп турган коюу түтүн менен сүрөттөлгөн.

Улуу Бабыл өзү узак убакыттан бери азгырып жана таасир этип келаткан элдер ага каршы чыгып, аны кыйратышат (19, 20-абзацтарды карагыла)

21. Жалган диндин жок кылынышы эмненин башталганынын жышааны болот жана ал убакыт аралыгы эмне менен аяктайт?

21 Бул дүйнөнүн өкмөттөрү Улуу Бабылга каршы иш-аракет кылганда Жахабанын ниетинин аткарылышында зор мааниге ээ болгон анын өкүмүн ишке ашырган болот. Бул улуу алааматтын, эч качан болуп көрбөгөн кыйроонун, башталганынын жышааны болот (Мт. 24:21). Ал алаамат Армагедондо — Жахабанын бул ыймансыз дүйнөгө каршы жүргүзгөн согушунда — туу чокусуна жетет (Аян 16:14, 16). Кийинки бөлүмдөрдөн биле турганыбыздай, Жезекиел китебинен улуу алааматтын кандай болору жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Аларга токтолгонго чейин Жезекиел китебинин 16, 23-бөлүмдөрүндө жазылгандардан эмнелерди эстеп калып, колдонгубуз келерин эсибизге салалы.

Бул дүйнөнүн өкмөттөрү Улуу Бабылга каршы чыгып, Кудайдын өкүмүн ишке ашырышат (21-абзацты карагыла)

22, 23. Жезекиел жана Аян китептериндеги сойкулар жөнүндө айтылгандар ыйык кызматыбызга кандай таасир этиши мүмкүн?

22 Шайтан таза сыйынууну жактагандарды бузуудан рахат алат. Бизди таза сыйынуудан баш тарттырууга, Жезекиел китебиндеги сойкулардын жолуна түшүрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгондо төбөсү көккө жете сүйүнөт. Андыктан Жахабанын андан башка бирөөгө сыйынышыбызга, ишенимсиздик кылышыбызга чыдабай турганын эсибизге бек түйүп алышыбыз керек! (Сан. 25:11). Кудайдын көз алдында арам деп эсептелген нерселерге тийбей, жалган динден оолак болгонго мындан ары да бүт күчүбүздү жумшайбыз (Ыш. 52:11). Ошол эле себептен улам бөлүнүп-жарылган бул дүйнөдөгү саясий кагылышууларда, талаш-тартыштарда бейтараптуулукту бек сактайбыз (Жкн. 15:19). Улутчулдукту да Шайтан жайылткан дагы бир жалган дин деп эсептейбиз, андыктан аны эч качан колдобойбуз.

23 Баарынан маанилүүсү, Жахабага анын таза, ыйык рухий ибадатканасында сыйынып жатканыбыздын чоң сыймык экенин дайыма эстеп жүрөлү. Жахаба батасын төгүп жаткан ушул чараны жогору баалап, жалган динге жана анын сойкулугуна эч качан аралашпаганга ого бетер чечкиндүү боло берели!