Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-СУРОО

Тиричилик кантип пайда болгон?

Тиричилик кантип пайда болгон?

Кичинекей кезиңде ата-энеңден: «Балдар кантип пайда болот?» — деп сурадың беле? Сураган болсоң, алар эмне дешти эле? Сен кичинекей болгондуктан же өздөрү уялгандыктан, ата-энең сурооңо жооп бербей же кыска эле жооп берип койгондур. Же, балким, ойдон чыгарылган жомокторду айтып бергендир. Бирок чоңойгондо ал жомокторго ишенбей калгансың. Чынында, бала тийиштүү түрдө өсүп жетилиши, үй-бүлө курганга даяр болушу үчүн балдардын кантип жараларын билиши керек.

Көптөгөн ата-энелер: «Балдар кантип пайда болот?» — деген суроого жооп бергенден ыңгайсызданышат. Ошол сыяктуу эле айрым окумуштуулар: «Тиричилик кантип пайда болгон?» — деген андан да маанилүү суроого жооп бере албай, ыңгайсыз болушат. Адамдын бул суроого канааттандырарлык жооп алганы жашоого болгон көз карашына күчтүү таасир этет. Анда тиричилик кантип пайда болгон?

Адамдын уруктандырылган жумуртка клеткасы (800дөй эсе чоңойтулган)

Көптөгөн окумуштуулар кандай ой-пикирде? Алар тиричилик миллиарддаган жылдар мурун байыркы бир көлмөдө же океандын түбүндө пайда болгон дешет. Алардын айтымында, так ошондой жерлерде химиялык заттар өзүнөн өзү биригип, көбүк сымал чынжырчаларды түзгөн. Натыйжада татаал молекулалар жаралып, көбөйө баштаган. Ал окумуштуулар жер бетиндеги тиричилик ошондой бир же бир нече «жөнөкөй» клеткадан кокусунан пайда болгон деп ишенишет.

Мындан башка көз карашка карманган илимпоздор да бар. Алар алгачкы клеткалар же, бери дегенде, алардын курамын түзгөн негизги компоненттер жерге космостон келген деп айтышат. Себеби канчалык аракеттенишпесин, тиричиликтин жансыз молекулалардан пайда болгонун далилдей албай келишет. 2008-жылы биология илими боюнча профессор Александр Менеж түйүнү чечилбеген бул маселеге көңүл бурган. Ал акыркы 50дөн ашык жылдын ичиндеги «тажрыйбалардын бири да жердеги жашоо өзүнөн өзү молекулярдык сорподон пайда болгон деген ойду ырастабаганын» айткан.1

Далилдер эмнени көрсөттү? «Балдар кантип пайда болот?» — деген суроонун жообу айдан ачык. Аны эч ким талашка сала албайт. Анткени жашоо ага чейин эле бар болгон жашоодон башат алат. Анда тиричиликке келгенде ушул өзгөрүлгүс мыйзам бузулуп калышы мүмкүнбү? Ал өзүнөн өзү жансыз химиялык заттардан пайда боло алат беле? Буга канчалык ыктымалдуулук бар?

Окумуштуулар клетка жашашы үчүн, бери дегенде, үч татаал молекула өз ара аракеттениши керек деген бүтүмгө келишкен. Алар: ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы), РНК (рибонуклеин кислотасы) жана белоктор. Учурда тирүү клетка жансыз химиялык заттардан өзүнөн өзү жаралган деп ишенген окумуштуулар саналуу эле. Анда РНК менен белоктордун кокустуктан жаралышына канчалык ыктымалдуулук бар? *

Стэнли Миллер, 1953

1953-жылы жүргүзүлгөн биринчи тажрыйбадан кийин көптөгөн окумуштуулар тиричилик өзүнөн өзү пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен. Ошол жылы Стэнли Миллер белокту курган «кыштарды» — амин кислоталарын — тажрыйба жолу менен ала алган. Ал үчүн Стэнли Жер планетасынын алгачкы атмосферасынын курамын түзүшү мүмкүн болгон газдардын аралашмасын жасап, ага электр тогун жиберген. Кийин амин кислоталары бир метеориттен да табылган. Бирок булардын баары тиричиликтин негизги «кыштары» өзүнөн өзү пайда болгонун билдиреби?

Нью-Йорк университетинин химия илими боюнча профессору Роберт Шапиро мындай деген: «Айрым окумуштуулар Миллердикиндей тажрыйбаны колдонуп, жашоо-тиричиликти түзгөн бардык „кыштарды“ оңой эле жаратса болот жана алар метеориттерде да бар деп айтышат. Бирок чынында андай эмес»2 *.

Эмесе, РНК молекуласына токтололу. Ал нуклеотиддер деп аталган майда молекулалардан турат. Нуклеотид — амин кислотасынан кыйла айырмаланган татаал түзүлүштөгү молекула. Роберт Шапиро: «Лабораторияда электр тогунун таасири алдында алынган же метеориттерден табылган бир да нуклеотид жок»,— деген3. Ал кошумчалагандай, бөлүнүп, көбөйө ала турган РНК молекуласынын химиялык заттардан куралып, кокустуктан пайда болуп калышы «мүмкүн эмес же андай ыктымалдуулук өтө эле төмөн. Ааламда мындай көрүнүш бир эле жолу болсо, анда бул адаттан тыш керемет болмок»4.

РНК (1) болбосо, белоктор (2) болбойт. Белоктор болбосо, РНК болбойт. Анда кантип эле ушул экөөнүн бири өзүнөн өзү жаралып калсын? Ал эми экөөнүн бир учурда пайда болгонун айтпай эле коёлу. Рибосомалар (3) тууралуу 2-бөлүктө талкууланат.

Белоктор жөнүндө эмне десек болот? Аларды шурудай тизилген, аз дегенде 50, көп дегенде, миңдеген амин кислоталары түзөт. «Жөнөкөй» клеткадагы функциясын толук аткарган бир эле белокто орто эсеп менен 200 амин кислотасы бар. Бирок ушундай эле клетка миңдеген түрдүү белоктордон турат. 100 амин кислотасынан гана турган бир эле белоктун Жерде кокустуктан пайда болуу ыктымалдыгы квадриллиондун (1ден кийин 15 нөлү бар сан) бирине эле барабар болмок.

Эгер лабораторияда татаал молекуланы жаратыш үчүн окумуштуунун билими, жөндөмү талап кылынса, анда клеткадагы андан да татаал молекулалар кантип өзүнөн өзү жаралып калсын?

Эволюция теориясын жактаган Хьюберт Йоки деген изилдөөчү мындай дейт: «Тиричиликтин белоктордон пайда болушу мүмкүн эмес»5. РНК болбосо, белоктор пайда болбойт. Ал эми белоктор жок, РНК пайда болбойт. Бирок кымындай эле ыктымалдуулуктун аркасында белоктор менен РНК молекулалары бир учурда бир жерде болуп калса, эмне болот эле? Алар өз ара аракеттенишип, өз алдынча көбөйүп жашап кете турган организмди пайда кыла алат беле? «Мындай кокустуктун болушу, белоктор менен РНКнын өзүнөн өзү биригип калышы такыр акылга сыйбайт»,— дейт НАСАнын мүчөсү Кэрол Клиленд *. Ал мындай деп кошумчалайт: «Көп окумуштуулар РНКны, белокту жарата алышса, анда алардын кантип өз ара аракеттене турганы түшүнүктүү болуп калмак деп эсептешет». Тиричиликтин келип чыгышын шарттаган негизги «кыштардын» кокусунан пайда болгонуна байланыштуу учурдагы теориялар тууралуу ал: «Алардын бир да түшүндүрмөсү купулга толорлук эмес»,— деген6.

Жансыз роботту жаратып, программалоо үчүн аң-сезимдүү бирөө керек. Анда, адамдын өзүн айтпаганда, тирүү клетканы жаратыш үчүн аң-сезимдүү бирөө керек эмеспи?

Бул далилдер эмне үчүн маанилүү? Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгон дегенге ишенген илимпоздордун кандай оор акыбалга кептелгени жөнүндө ойлонуп көрсөң. Алар тирүү клеткадагы амин кислоталарын пайда кыла алышкан. Ошондой эле лабораторияларында ийне-жибине чейин ойлонуштурулган, кылдат көзөмөлгө алынган тажрыйбаларды жүргүзүп, татаал молекулаларды ала алышкан. Алар бара-бара тирүү клеткадагы башка заттарды да жарата алабыз деп үмүттөнүүдө. Ал окумуштууларды табигый заттардан робот жасаган адиске окшоштурсак болот. Андай адис ал элементтерди металлга, желимге, силиконго айландырып, робот чогултат. Анан ал роботту өзүндөй робот жарата ала тургандай кылып программалайт. Ошентүү менен ал эмнени далилдейт? Мындай роботту аң-сезимдүү бирөө гана жасай аларын далилдейт, туурабы?

Анын сыңарындай, эгер окумуштуулар клетка жарата алышса, анда бул аябай чоң жетишкендик болмок. Бирок ошондой болгон күндө да, алар клетка өзүнөн өзү жаралган дегенди далилдей алат беле? Албетте, жок. Тескерисинче, аны бирөө жараткан дегенди далилдешмек.

Кандай жыйынтык чыгарасың? Ушул күнгө чейинки илимий изилдөөлөрдүн баары жашоонун ага чейин эле бар болгон жашоодон башат аларын айгинеледи. «Жөнөкөй» тирүү клетканын жансыз химиялык заттардан кокусунан пайда болгонуна кошулуш үчүн тоодой ишеним керек.

Далилдерди карап чыккандан кийин жогоруда айтылган ой-пикирлерге ишенгенге негиз бар деп ойлойсуңбу? Бул суроого жооп берерден мурун клетканын түзүлүшүн ийне-жибине чейин изилдеп көрөлү. Мунун аркасында сен тиричиликтин келип чыгышына байланыштуу окумуштуулардын теориялары жүйөлүүбү же ата-энелердин балдар кантип пайда болору жөнүндө айткан жомокторуна окшошпу, биле аласың.

^ 8-абз. ДНКнын кокустуктан пайда болушуна канчалык ыктымалдуулук бар экени «Көрсөтмөлөр каяктан келген?» деген 3-бөлүктө талкууланат.

^ 10-абз. Профессор Роберт Шапиро тиричиликтин жаратылганына эмес, кокустуктан улам, азырынча биз толук түшүнө элек жол менен пайда болгонуна ишенет. 2009-жылы Англиядагы Манчестер университетинин окумуштуулары лабораториясында тажрыйба жүргүзүп, нуклеотиддерди алганын билдиришкен. Бирок Шапиро алар колдонгон ыкманын «РНК дүйнөсүнө жол ачкан ишеничтүү ыкма экенине кошулбайт».

^ 13-абз. Доктор Кэрол Клиленд тиричилик жаратылганына эмес, кокусунан, азырынча биз толук түшүнө элек жол менен пайда болгонуна ишенет.