Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-СУРОО

Тирүү организмдердин баарынын түпкү теги бир болгонбу?

Тирүү организмдердин баарынын түпкү теги бир болгонбу?

Дарвин тирүү организмдердин баарынын түпкү теги бир болгон деп ишенген. Ал Жердеги тиричиликтин өрчүү процессин чоң даракка салыштырган. Кийин башка илимпоздор ошол «жашоо дарагынын» сөңгөгүн алгачкы жөнөкөй клеткалар түзгөн дей башташкан. Алардын айтымында, сөңгөктөн бутактар, биологиялык түрлөр, ал эми бутактардан сабактар — жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн тукуму — пайда болгон. Сабактардан сабакчалар, учурдагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү, өскөн. Бирок чын эле ошондой болгонбу?

Көптөгөн окумуштуулар кандай ой-пикирде? Алар палеонтологиялык жылнаама бардык тирүү организмдердин түпкү теги бир деген теорияны ырастайт дешет. Ошондой эле бардык тирүү организмдердин «компьютердик тили», ДНКсы, окшош болгондуктан алар бир тектен келип чыккан деп ойлошот.

Ыйык Китепте эмне делет? Башталыш китебинде өсүмдүктөрдүн, сууда, кургактыкта жашоочулардын, канаттуулардын «өз түрү боюнча» жаратылганы айтылат (Башталыш 1:12, 20—25). Бул сөздөр бир «түрдүн» ичинде анча-мынча өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда бир түрдү экинчисинен бөлүп турган чек бар экенинен кабар берет. Андан тышкары, Ыйык Китептеги ал билдирүүгө ылайык, палеонтологиялык жылнаамада жаныбарлардын жаңы топтору бир учурда, толук өрчүгөн түрдө пайда болушу керек болчу.

Далилдер эмнени көрсөттү? Далилдер Ыйык Китепте жазылгандарды тастыктайбы же Дарвиндин теориясынбы? Акыркы 150 жылдагы ачылыштар эмнени ырастады?

ДАРВИНДИН ДАРАГЫНЫН «КЫЙЫЛЫШЫ»

Акыркы жылдары окумуштуулар бир клеткалуу организмдердин, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык кодун салыштырып көрүштү. Бул «жашоо дарагы» жөнүндөгү Дарвиндин теориясын ырастайт деп ойлошкон. Бирок алардын ою орундалган эмес.

Изилдөөлөр эмнени айкын кылды? 1999-жылы биолог Малком Гордон: «Сыягы, тиричиликтин башаты көп. „Жашоо дарагынын“ бир нече тамыры бар болгон сыяктанат»,— деп жазган. Дарвин ойлогондой, «жашоо дарагынын» негизги бутактары бир сөңгөктөн өсүп чыкканына далилдер барбы? Малком сөзүн мындай деп улаган: «Бардык тирүү организмдердин түпкү теги бир деген көптөр кабыл алган теориянын, кыязы, дүйнө деген баскычка тиешеси жок. Кыязы, ал теория типтердин баарына болбосо да, көбүнө, типтин ичиндеги көптөгөн класстарга да тиешелүү эмес»29 *.

Акыркы изилдөөлөр да Дарвиндин түпкү тек жөнүндөгү теориясын жокко чыгарууда. Алсак, 2009-жылы «Нью сайентист» журналына эволюционист Эрик Баптестенин: «Бизде „жашоо дарагынын“ чындык экенин көрсөткөн бир да далил жок»,— деген сөздөрү келтирилген30. Ошол эле макалада биолог Майкл Роуз: «„Жашоо дарагынын“ кыйылганы баарыбызга маалым. Болгону, биология жөнүндөгү бүтүндөй көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керектигин моюнга ала албай жатабыз»,— деген31 *.

ПАЛЕОНТОЛОГИЯЛЫК ЖЫЛНААМА ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Көп илимпоздор палеонтологиялык жылнаама бардык тирүү организмдердин түпкү теги бир деген ойду бышыктайт деп ойлошот. Алардын ою боюнча, ал жылнаамага ылайык, балыктар жерде-сууда жашоочу жандыктарга, сойлоочулар сүт эмүүчүлөргө айланган. Бирок калдыктар чын эле ошондой экенин далилдейби?

Палеонтолог-эволюционист Дейвид Рауп мындай деген: «Дарвиндин күндөрүндөгү жана учурдагы геологдор тиричиликтин өрчүү процесси акырындык менен эмес, ирээтсиз же үзүк-үзүк жүргөнүн байкашкан. Тактап айтканда, жаңы түрлөр бир заматта эле пайда болгон жана жашап жаткан учурунда бир аз эле өзгөргөн же такыр өзгөргөн эмес. Анан капысынан эле жок болуп кеткен»32.

Чынында, калдыктардын басымдуу бөлүгү көрсөткөндөй, тирүү организмдер узак убакыт өтсө да, эч өзгөрбөй, кандай болсо, ошол бойдон калган. Алардын башка түргө айланганына далилдер жок. Дене түзүлүшү өзгөчө болгон жана функциясы бири-биринен айырмаланган организмдер бир заматта эле пайда болгон. Мисалы, жаңырыкты кабыл алуу жөндөмү бар жарганаттын өзүнөн мурунку теги деп эсептелген жандык менен байланышы бар экенин көрсөткөн айкын далил жок.

Бардык жаныбарлардын негизги топторунун жарымынан көбү салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде пайда болгон. Көптөгөн жаңы жана бири-биринен кыйла айырмаланган организмдер палеонтологиялык жылнаамада заматта эле пайда болуп калгандыктан, илимпоздор ал доорду «Кембрий жарылуусу» деп аташат. Ал доор канчага созулган?

Окумуштуулардын буга байланыштуу эсептөөсү туура деп коёлу. Жердин тарыхын камтыган убакытты футбол талаасынын бир четинен экинчи четине чейинки узундугуна салыштырсак болот (1). Ушундай масштаб менен эсептесек, сен ошол талаанын сегизден жети бөлүгүн басып өткөндө Кембрий доорунун башына келмексиң (2). Палеонтологиялык жылнаама боюнча, жаныбарлардын негизги топтору ошол мезгилдеги кыска убакыт аралыгында эле пайда болуп калат. Канчалык кыска убакыттын ичинде? Жолуңду улай турган болсоң, ар түрдүү жандыктар сенин бир кадамыңа жетпеген аралыкта эле пайда болуп калат.

Миң түркүн организмдердин бир заматта пайда болгону эволюционисттерди Дарвиндин теориясынан шек саната баштаган. Маселен, биолог-эволюционист Стюарт Ньюмен 2008-жылы берген дил маегинде тиричиликтин жаңы формаларынын бир заматта пайда болгонун түшүндүргөн жаңы эволюция теориясы керек экенин айткан. Ал мындай деген: «Дарвиндин бардык эволюциялык өзгөрүүлөрдү түшүндүргөн теориясы четке чыгып калды. Менимче, макроэволюцияны — түргө чейинки баскычтагы өзгөрүүлөрдү — түшүндүрүүгө келгенде, Дарвиндин теориясы катардагы теориялардын бири эле болуп калат. Атүгүл аны ал теориялардын эң маанилүүсү дегенге да болбойт»33.

КУПУЛГА ТОЛБОГОН «ДАЛИЛДЕР»

Эмне үчүн айрым окуу китептеринде катардагы калдыктардын көлөмү туура эмес көрсөтүлөт?

Солдо: Окуу китептериндеги көлөмү

Оңдо: Чыныгы көлөмү (салыштырмалуу)

Анда балыктардын жерде-сууда жашоочуларга, сойлоочулардын сүт эмүүчүлөргө айланганын ырастайт деп эсептелген калдыктарчы? Аларды эволюция процессин тастыктаган төгүндөлгүс далил десек болобу? Кылдат изилдесек, бир нече көйгөй пайда болот.

Биринчи көйгөй, окуу китептеринде сойлоочулардан сүт эмүүчүлөргө чейинки жандыктардын көлөмү туура эмес көрсөтүлөт. Алардын айрымдары өтө эле чоң, башкалары өтө эле кичинекей тартылган.

Андан да олуттуу экинчи көйгөй — ал жандыктардын туугандык байланышы бар экенин көрсөткөн далилдердин жоктугу. Эволюциялык баскычтагы ал жандыктардын ортосундагы аралык, окумуштуулардын айтымында, миллиондогон жылдарды түзөт. Бул туурасында зоолог Генри Жи: «Табылган калдыктардын ортосундагы убакыт аралыгы аябай узак болгондуктан алардын бирин ата-теги, экинчисин урпагы деп айта албайсың»,— деген34 *.

Балыктар менен жерде-сууда жашоочулардын калдыктары жөнүндө сөз кылып, Малком Гордон мындай деген: «Табылган калдыктар ошол убакта ал топтогу жаныбарлардын биотүрдүүлүгүнүн деңгээли кандай болгонун толугу менен ачып бере албайт». Ал: «Биз ал жаныбарлардын өзүнөн кийинки жаныбарлар менен же өз ара кандай байланышта болгонун (эгер болсо) эч качан биле албайбыз»,— деп кошумчалаган35 *.

«ТАСМА» ЧЫНЫНДА ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ?

2004-жылы «Нэшнл жиогрэфик» журналына чыккан бир макалада палеонтологиялык жылнаама «эволюция жөнүндөгү тасмага салыштырылган. Монтаждалып жатканда андагы ар бир 1 000 кадрдын 999у жок болуп кеткен»36. Бул мисал эмнени көрсөтүп турат?

Палеонтологиялык жылнааманын «95 кадры» бир түрдүн экинчи түргө эволюциялык жол менен өзгөрбөгөнүн көрсөтүп турат. Анда эмне үчүн палеонтологдор «5 кадрды» өздөрүнүн теорияларына ылайык келгидей кылып жайгаштырып жатышат?

Көркөм тасманын 100 кадрын таап алганыңды элестетсең. Башында ал 100 000 кадрдан турган. Ошол 100 кадрдан тасманын маани-маңызын түшүнө алат белең? Балким, болжолдоп анча-мынча нерсени түшүнмөксүң. Бирок 100 кадрдын бешөө эле сен түшүнгөн ойго шайкеш келип, калган 95и таптакыр башка нерсени көрсөтүп турсачы? Ошол 5 кадрдын негизинде эле тасманы толук түшүндүм деп айта алат белең? Мүмкүн, сен ал 5 кадрды өзүң түшүнгөн ойго ылайык келгидей кылып жайгаштырып алгандырсың. Калган 95 кадрды кошкондон кийин тыянак чыгарганың туура болбойт беле?

Бул мисалдын палеонтологиялык жылнаамага кандай тиешеси бар? Андагы калдыктардын көбү — тасманын 95 кадры — түрлөрдүн бир аз эле өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Бирок көп жылдар бою окумуштуулар бул чындыкты моюнга албай келишкен. Эмне үчүн? Көптөгөн эмгектердин автору Ричард Моррис муну мындай деп түшүндүргөн: «Сыягы, палеонтологдор, жаңы ачылыштар такыр башканы көрсөтүп турса да, эволюция акырындык менен өрчүгөн деген көптөр кабыл алган ойго кармана беришкен. Алар табылган калдыктарды көптөр ишенген эволюция теорияларынын негизинде эле түшүндүргөнгө аракет кылып келишкен»37.

«Калдыктарды бир катарга тизип, алар санжыраны түзөт деп айтуу чын-төгүнү текшерилген илимий теория эмес. Ал теорияны жомокко салыштырса болот. Ал бүйүр кызытарлык, атүгүл тарбиялык мааниси бар болушу мүмкүн. Бирок тууралыгын ырастаган бир да илимий далил жок» («In Search of Deep Time—Beyond the Fossil Record to a New History of Life», by Henry Gee, pp. 116-117).

Ал эми учурдагы эволюционисттерчи? Алар деле калдыктарды казылып алынган көптөгөн калдыктардын жана генетикалык изилдөөлөрдүн негизинде эмес, учурда көпчүлүк кабыл алган эволюция жөнүндөгү теориялардын негизинде эле өздөрү каалагандай жайгаштырып жаткан жокпу? *

Кандай жыйынтык чыгарасың? Кайсынысы чындык? Анда буга чейин карап чыккан фактыларга токтололу.

  • Жер бетиндеги тиричиликтин алгачкы формасы «жөнөкөй» болгон эмес.

  • Атүгүл клетканы түзгөн компоненттердин кокустуктан пайда болушу такыр мүмкүн эмес.

  • Клетканы башкарган «компьютердик программа», ДНК, тагыраак айтканда, код ушунчалык татаал. Адамдар ойлоп тапкан бир да программа же маалымат сактоо системасы ага тең келбейт.

  • Генетикалык изилдөөлөр тирүү организмдердин түпкү теги бир болбогонун көрсөтүп турат. Андан тышкары, палеонтологиялык жылнаамада жаныбарлардын негизги топтору бир заматта эле пайда болуп калган.

Ушул фактыларды карап чыккандан кийин кандай жыйынтыкка келдиң? Далилдер Ыйык Китепте тиричиликтин башаты жөнүндө жазылгандарга шайкеш келеби? Көптөр илимий ачылыштар ага карама-каршы келет деген ойду жакташат. Чынында эле ошондойбу? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

^ 9-абз. Тип (филум) деген термин дене түзүлүшү бирдей жаныбарлардын чоң тобуна карата айтылат. Окумуштуулар тирүү организмдерди 7 баскычтан турган система боюнча классификациялайт. Ар бири өзүнөн кийинкисинен кичирейип кете берет. Биринчи чоң баскыч дүйнө деп аталат. Андан кийинкилери: тип, класс, түркүм, тукум, уруу, түр. Алсак, жылкынын классификациясы төмөнкүдөй болот: дүйнөсү — жаныбарлар, тиби — хордалуулар, классы — сүт эмүүчүлөр, түркүмү — түгөйсүз туяктуулар, тукуму — жылкылар, уруусу — жылкы, түрү — үй жаныбары.

^ 10-абз. «Нью сайентист» журналындагы макаланы жазгандар, Эрик Баптесте, Майкл Роуз эволюция теориясынын жалган экенин айткысы келген эмес. Алар Дарвиндин теориясынын өзөгүн түзгөн «жашоо дарагын» ырастаган далилдер жок экенин гана белгилешкен. Ошентсе да эволюция теориясын ырастаган далилдерди издеп келишет.

^ 21-абз. Генри Жи эволюция теориясынын жалган экенин эмес, палеонтологиялык жылнаамадан чектелүү эле нерселерди биле аларыбызды айткысы келген.

^ 22-абз. Малком Гордон эволюция теориясын жактайт.

^ 27-абз. Мисалы, « Адамдын эволюциясы» деген кутучаны кара.

^ 50-абз. Эске алчу нерсе, кутучада айтылган окумуштуулардын бири да Ыйык Китептеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүгө ишенбейт. Алардын баары эволюция теориясын жактайт.

^ 54-абз. Эволюционисттер «гоминид» деген сөздү адамдын түркүмүнө карата колдонушат. Аларды адам сымал жандыктардын эң байыркы түрү деп эсептешет.