5-СУРОО
Ыйык Китепке ишенсе болобу?
Кимдир бирөө жөнүндө жаңылыш ойлоп алган учуруң болду беле? Балким, ал тууралуу ар кандай кеп-сөздөрдү уккандыктан терс ойдо болуп жүргөндүрсүң. Бирок аны менен жакыныраак таанышкандан кийин, оюң өзгөргөндүр. Ошол сыяктуу эле, көптөр Ыйык Китеп жөнүндө жаңылыш ойдо.
Бүгүнкү күндө илимдүү адамдардын көбү Ыйык Китепти бедел тутпайт. Эмне үчүн? Себеби анда жазылгандар акылга сыйбагандай, илимге шайкеш келбегендей же чындыкка төп келбегендей көрсөтүлөт. Ал ойлор жаңылыш болушу мүмкүнбү?
Бул китепчеден Ыйык Китептин илимий жактан так экенин билгенде таң калдың болуш керек. Көптөр да ошентишкен. Алар көп диндердин окуулары Ыйык Китепке шайкеш келбей турганын билгенде андан бетер таң калышкан. Алсак, айрымдар Ыйык Китепте Кудайдын Ааламды жана андагы тиричиликтин баарын 24 сааттан турган 6 күндө жаратканы жазылган деп айтышат. Чын-чынында, Ыйык Китепте окумуштуулардын Ааламдын, Жердин жашына байланыштуу эсептөөсүнө каршы эч нерсе айтылбайт *.
Андан тышкары, Ыйык Китепте Кудайдын Жердеги тиричиликти кантип жаратканы кыскача эле баяндалган. Бул окумуштууларга ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө, теорияларды чыгарганга эркиндик берет. Ыйык Китепте тиричиликтин Кудайдын колунан бүткөнү жана ал тирүү организмдердин баарын «өз түрү боюнча» жаратканы айтылат (Башталыш 1:11, 21, 24). Бул сөздөр айрым теорияларга каршы келсе да, далилденген илимий фактыларга шайкеш келет. Илимдин тарыхы көрсөткөндөй, теориялар келет-кетет, ал эми фактылар калат.
Бирок көптөр динден көңүлү калгандыктан Ыйык Китепти изилдеп көргүсү келбейт. Алар динчил адамдардын эки жүздүүлүгүнө, ач көздүгүнө, согушту колдогонуна көңүл бурушат. Анткен менен Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашайм дегендердин жүрүм-турумуна карап эле Ыйык Китеп тууралуу туура эмес көз карашта болуу калыстыкка жатабы? Көптөгөн адамгерчиликтүү, ак ниет илимпоздор айрым расисттердин эволюция теориясын жамынып алып, мыкаачылыкка жаткан иштерди кылганын билгенде төбө чачы тик турган. Ушунун негизинде эле эволюция теориясы жөнүндө терс ойдо болуу туура болобу? Же эволюция теориясын изилдеп, аны колдо бар далилдер менен салыштырып көрүү туура болот беле?
Андыктан биз сени Ыйык Китепти окуп көргөнгө чакырабыз. Анда жазылгандардын көп диндердин окууларынан кыйла айырмаланарын көргөндө таң калышың мүмкүн. Ыйык Китеп согуштарга, улуттук кагылышууларга катышканга үндөбөйт. Тескерисинче, Кудайдын кызматчысы колуна курал албашы керектиги, атүгүл зордук-зомбулукка Ышая 2:2—4; Матай 5:43, 44; 26:52). Ошондой эле Ыйык Китеп диний фанатизмден алыс болгонго, сокур ишенимге жетеленбегенге чакырат. Анда жазылгандарга ылайык, чыныгы ишеним далилдерге негизделиши керек. Андан сырткары, Кудайдын кызматчылары ага сыйынууда акыл жөндөмүн колдонушу зарыл (Римдиктер 12:1; Еврейлер 11:1). Ыйык Китепте бир нерсеге кызыга берүүнүн туура эмес экени айтылбайт. Анын ордуна, адамдардын жүрөгүн өйүгөн маанилүү, кызыктуу суроолордун жообун тапканга үндөйт.
алып барган жек көрүү сезиминен арылышы керектиги айтылат (Мисалы, сен: «Эгер Кудай бар болсо, эмне үчүн адамдарды азаптан арылтпайт?» — деп ойлонуп көрдүң беле? Ыйык Китепте ушул жана башка суроолорго канааттандырарлык жооптор камтылат *. Андыктан биз сени чындыкты талыкпай издей бергенге чакырабыз. Ошонун аркасында акылга сыярлык, жүрөк козгоорлук, далилдерге негизделген жоопторду табасың. Себеби Ыйык Китеп өзүнөн өзү пайда болуп калган эмес.
^ 5-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепчени кара.
^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 11-бөлүмүн кара.