Ыйык Китепти күндө окуу
Ыйык Китепти окуу сага да жагарына шектенбейбиз. Аны кайсы жеринен баштап окусаң болот? Төмөндөгү сунуштарды карап көр. Анан өзүңө кызыктуу болгон теманы тандап, келтирилген аяттарды окуп чык.
Белгилүү кишилер жана окуялар
-
Нух жана Топон суу: Башталыш 6:9—9:19
-
Муса жана Кызыл деңиз: Чыгуу 13:17—14:31
-
Рут менен Наами: Рут 1—4-бөлүмдөр
-
Дөөтү менен Голиат: 1 Шемуел 17-бөлүм
-
Абигейил: 1 Шемуел 25:2—35
-
Даниел жана арстандар жаткан ор: Даниел 6-бөлүм
-
Элизабет менен Мариям: Лука 1, 2-бөлүмдөр
Күнүмдүк турмушка керектүү кеңештер
-
Үй-бүлөлүк жашоо: Эфестиктер 5:28, 29, 33; 6:1—4
-
Достук: Накыл сөздөр 13:20; 17:17; 27:17
-
Тиленүү: Забур 55:22; 62:8; 1 Жакан 5:14
-
Исанын тоодо айткан насааты: Матай 5—7-бөлүмдөр
Жардамга муктаж болгондо
-
Көңүл чөгөттүк: 23-забур; Ышая 41:10
-
Күнөө: Забур 86:5; Жезекиел 18:21, 22
Ыйык Китепте эмне делет?
-
Акыркы күндөр: Матай 24:3—14; 2 Тиметей 3:1—5
-
Келечекке болгон үмүт: Забур 37:10, 11, 29; Аян 21:3, 4
КЕҢЕШ: Жогоруда келтирилген аяттардын контекстин билиш үчүн ошол аяттар камтылган бөлүмдү(-дөрдү) толугу менен окуп чык. Окуган ар бир бөлүмүңдү бул адабияттын аягындагы «Окугандарыңды белгиле» деген таблицага белгилеп кой. Күн сайын Ыйык Китептен үзүндү окуганды максат кылып ал.