Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-бөлүктү кайталоо

1-бөлүктү кайталоо

Сени окуткан киши менен төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  1. Ыйык Китептеги келечек жөнүндө жазылган убадалар эмнеси менен жакты?

    (Кара: 2-бөлүм.)

  2. Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине эмне үчүн ишенесиң?

    (Кара: 3, 5-бөлүмдөр.)

  3. Жахабаны атынан атаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

    (Кара: 4-бөлүм.)

  4. Ыйык Китепте баарын Жахаба Кудай ­жаратканы айтылат (Аян 4:11). Сен буга ишенесиңби?

    (Кара: 6-бөлүм.)

  5. Окугула: Накыл сөздөр 3:32.

    • Жахабаны эмне үчүн эң жакшы Досубуз деп айта алабыз?

    • Жахаба досторунун эмне кылышын күтөт? Бул акылга сыярлык деп ойлойсуңбу?

      (Кара: 7, 8-бөлүмдөр.)

  6. Окугула: Забур 62:8.

    • Жахабадан эмнелерди сурап тиленип ­жатасың? Дагы эмнелер тууралуу ­тиленсең болот?

    • Жахаба Кудай тиленүүбүзгө кантип жооп берет?

      (Кара: 9-бөлүм.)

  7. Окугула: Еврейлер 10:24, 25.

    • Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынан кандай пайда алып жатасың?

    • Жыйналышка барыш үчүн күч-аракет жумшаганыңдын акыбети кайтат деп ­ойлойсуңбу?

      (Кара: 10-бөлүм.)

  8. Ыйык Китепти күн сайын окуганыбыз эмне үчүн пайдалуу? Сен аны кайсы маалда окуп жатасың?

    (Кара: 11-бөлүм.)

  9. Ушуга чейин Ыйык Китепти изилдеп келе ­жатасың. Сага эмнеси өзгөчө жакты?

  10. Ыйык Китепти изилдей баштагандан бери кандай кыйынчылыктарга кабылдың? Аны токтотпой изилдей бергенге эмне жардам берет?

    (Кара: 12-бөлүм.)