21-БӨЛҮМ
Жакшы кабар кантип жарыяланып жатат?
Жахаба Кудай жакында өзүнүн асмандагы Падышалыгы аркылуу бардык кыйынчылыктарыбызды жок кылат. Бул кубанычтуу кабар болгондуктан, элдин баары угушу керек. Иса Машаяк шакирттерине бул кабарды бардыгына айтууну буйруган (Матай 28:19, 20). Жахабанын Күбөлөрү анын ушул буйругун кантип аткарып жатышат?
1. Матай 24:14тө жазылган пайгамбарлык кантип аткарылып жатат?
Иса пайгамбар: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча... таратылат»,— деген (Матай 24:14). Жахабанын Күбөлөрү бул маанилүү ишти кубанып аткарып жатышат. Жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча 1 000ден ашык тилде жарыяланууда! Мындай чоң иш уюшкандыкты, көп күч-аракетти талап кылат. Муну Жахабанын жардамысыз кыла албайбыз.
2. Кабар жарыяланышы үчүн кандай күч-аракет жумшалып жатат?
Биз бардык жерде кабар айтабыз. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларына окшоп, «үймө-үй кыдырып» да айтабыз (Элчилер 5:42). Кылдат күбөлөндүргөнгө жардам берген ушундай ыкманын аркасында жыл сайын миллиондогон кишилерге жакшы кабар жетип жатат. Баары эле үйүндө боло бербегендиктен, эл көп жерлерде да кабар айтабыз. Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу башкаларга айтканга дайыма мүмкүнчүлүк издейбиз.
3. Жакшы кабар айтуу жоопкерчилиги кимдерге тапшырылган?
Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын баарына. Биз бул жоопкерчилигибизге олуттуу карайбыз. Жагдай-шартыбызга жараша мүмкүн болушунча көптөргө кабар айтканга аракет кылабыз, анткени алардын өмүрү кылдын учунда турганын билебиз. (Оку: 1 Тиметей 4:16.) Бул үчүн акы албайбыз, себеби Ыйык Китепте: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айтылган (Матай 10:7, 8). Айрымдар укпаса да, кабар айтканыбызды уланта беребиз. Анткени ушунун аркасында Жахабанын тилин алып, аны кубантабыз.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Жахабанын Күбөлөрү бүт жер жүзү боюнча кабар айтыш үчүн канчалык күч-аракет жумшап жатат? Жахаба аларга кантип жардам берүүдө? Ушулар жөнүндө бил.
4. Баарына кабар айтыш үчүн көп күч жумшайбыз
Биз, Жахабанын Күбөлөрү, жакшы кабарды бардык жакта жарыялаш үчүн бүт күчүбүздү жумшап жатабыз. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:
-
Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтыш үчүн кылып жаткан аракети эмнеси менен жүрөгүңдү козгоду?
Окугула: Матай 22:39; Римдиктер 10:13—15. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Кабар айтканыбыз кандайча башкаларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтүп турат?
-
Жахаба жакшы кабарды жарыялап жаткандарга кандай карайт? (Римдиктер 10:15ти кара.)
5. Биз Кудайдын кызматташтарыбыз
Көптөгөн окуялар биз аткарып жаткан ишти Жахаба өзү жетектеп жатканын көрсөтүп турат. Мисалы, Жаңы Зеландияда жашаган Пол деген ишенимдешибиз бир жолу түштөн кийин үймө-үй кабар айтып жүрүп бир аялга жолугуп калган. Көрсө, ал аял ошол күнү эртең менен Кудайга «Жахаба» деп ысмынан кайрылып, андан кимдир бирөөнү жиберишин сураныптыр. «Үч сааттан кийин эле анын үйүнө мен барып калыптырмын»,— дейт Пол.
Окугула: 1 Корунттуктар 3:9. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Жаңы Зеландияда болгон жана башка ушу сыяктуу окуялар Жахабанын кабар айтуу ишин жетектеп жатканын кандайча көрсөтүп турат?
Окугула: Элчилер 1:8. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Кабар айтуу ишин аткарууда эмне үчүн Жахабанын жардамына муктажбыз?
Билесиңби?
Жума сайын иш күндөрүндөгү жолугушуудан кантип кабар айтса болорун үйрөнөбүз. Эгер алардын бирине катышкан болсоң, ал жактагы кабар айтканды үйрөткөн ыкмалар жөнүндө кандай ойдосуң?
6. Кудайдын кабар айткыла деген буйругуна баш иебиз
1-кылымда каршылаштар кабар айтуу ишин токтотконго аракет кылышкан. Ошондо Машаяктын жолдоочулары «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргошкон» (Филипиликтер 1:7). Бүгүнкү күндө биз да ошентебиз a.
Окугула: Элчилер 5:27—42. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Эмне үчүн кабар айтканыбызды токтотпойбуз? (29, 38, 39-аяттарды кара.)
АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн үйлөрдү кыдырышат?»
-
Сен эмне деп жооп берет элең?
НЕГИЗГИ ОЙ
Иса жолдоочуларына жакшы кабарды бардык элдерге айтууну буйруган. Жахаба элине бул ишти аткарганга жардам берип жатат.
Кайталоо
-
Жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча кантип таратылып жатат?
-
Кабар айтканыбыз башкаларды жакшы көрөрүбүздү кандайча көрсөтүп турат?
-
Кандай деп ойлойсуң, кабар айтуу иши чындап эле кубаныч тартуулайбы? Эмне үчүн?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Жахабанын Күбөлөрү чоң шаарларда кантип кабар айтып жатышат?
«Парижде эл көп жерлерде кабар айтуу өнөктүгү өткөрүлүүдө» (5:11)
Жахабанын Күбөлөрү качкындарга кантип жардам берип жатышат?
Бир аял Кудайга толук убакыт кызмат кылгандын аркасында кандайча бактылуу болгон?
Сот майданындагы айрым жеңиштерибиз кабар айтышыбызга кандайча шарт түзгөнү тууралуу окуп көр.
a Кабар айткыла деп Жахаба өзү буйрук берген. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнө жакшы кабарды таратыш үчүн бийликтегилерден уруксат алуунун зарылдыгы жок.