3-бөлүктү кайталоо
Сени окуткан киши менен төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Окугула: Накыл сөздөр 27:11.
Эмне үчүн Жахабага берилгендик сактагың келет?
(Кара: 34-бөлүм.)
Ыйык Китепте так көрсөтмө жок болсо, кантип туура чечим чыгарсаң болот?
(Кара: 35-бөлүм.)
Канткенде бардык жагынан чынчыл боло аласың?
(Кара: 36-бөлүм.)
Окугула: Матай 6:33.
Жумушка, акчага байланыштуу чечим чыгарарда «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын» издээриңди кантип көрсөтөсүң?
(Кара: 37-бөлүм.)
Өмүрдү Жахаба баалагандай баалаарыңды кандай жолдор менен көрсөтө аласың?
(Кара: 38-бөлүм.)
Окугула: Элчилер 15:29.
Жахабанын канга байланыштуу мыйзамына баш иериңди кантип көрсөтө аласың?
Анын талаптарын акылга сыярлык деп эсептейсиңби?
(Кара: 39-бөлүм.)
Окугула: 2 Корунттуктар 7:1.
Кадимки тазалык жана адеп-ахлактык тазалык деген эмне?
(Кара: 40-бөлүм.)
Окугула: 1 Корунттуктар 6:9, 10.
Ыйык Китепте жыныстык мамиле тууралуу эмне делет? Сен ага кошуласыңбы?
Ыйык Китепте ичимдик тууралуу эмне делет?
(Кара: 41, 43-бөлүмдөр.)
Окугула: Матай 19:4—6, 9.
Кудай никеге байланыштуу кандай норма бекиткен?
Эмне үчүн нике жана ажырашуу мыйзамдуу түрдө катталышы керек?
(Кара: 42-бөлүм.)
Кандай майрамдар Жахабага жакпайт? Эмне үчүн?
(Кара: 44-бөлүм.)
Окугула: Жакан 17:16; Элчилер 5:29.
Канткенде бейтараптуу боло аласың?
Өкмөттүн мыйзамы Кудайдын мыйзамына каршы келгенде эмне кыласың?
(Кара: 45-бөлүм.)
Окугула: Марк 12:30.
Кудайды сүйөрүңдү кантип көрсөтө аласың?
(Кара: 46, 47-бөлүмдөр.)