Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮК

Шайтанды угуунун кесепети кандай болгон?

Шайтанды угуунун кесепети кандай болгон?

Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин албагандыктан өлүшкөн (Башталыш 3:6, 23).

Обо эне жыланды угуп, тыюу салынган жемиштен жеген. Анан Адам атага берген, ал да жеген.

Алар туура эмес иш кылып, күнөөгө батышкан. Кудай аларды Бейиштен кууп чыккан.

Алар да, балдары да кыйналып жашап, акыры, карып, өлүмгө моюн сунушкан. Алар рухий чөйрөгө өтүшкөн эмес; жашоосу токтогон.

Өлгөндөр топурак сыяктуу эле жансыз (Башталыш 3:19).

Биз Адам ата менен Обо эненин урпактары болгондуктан, өлүмгө моюн сунабыз. Өлгөндөр эч нерсе кыла алышпайт: көрө да, уга да алышпайт (Насаатчы 9:5, 10).

Жахаба адамдардын өлүшүн каалаган эмес. Жакында ал өлгөндөрдү тирилтет. Алар Кудайга тил алышса, түбөлүк жашашат.