Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮК

Жер качан бейишке айланат?

Жер качан бейишке айланат?

Кыйынчылыктар Падышалыктын жакында иш-аракет кыларын көрсөтөт (Лука 21:10, 11; 2 Тиметей 3:1—5).

Ыйык Китепте бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар алдын ала жазылган. Анда адамдардын акчаны сүйгөн, ата-энесинин тилин албаган, ырахатты сүйгөн, ырайымсыз болушары айтылган.

Ошондой эле катуу жер титирөөлөр, ачарчылык, жугуштуу оорулар, согуштар болмок. Булардын баары бүгүнкү күндө аткарылууда.

Андан сырткары, Иса Падышалык тууралуу жакшы кабардын бүт жер жүзүнө таратыларын айткан (Матай 24:14).

Кудайдын Падышалыгы жамандыктын баарын жок кылат (2 Петир 3:13).

Жахаба жакында ыймансыз адамдардын баарын жок кылат.

Шайтан жана жин-перилер жазаланышат.

Кудайдын тилин алгандар аман калып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө эч нерседен коркпой, бири-бирине ишенип, сүйүү көрсөтүп жашашат.