Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮК

Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керек?

Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керек?

Жамандыктан качкыла (1 Корунттуктар 6:9, 10).

Жахаба Кудайды жакшы көрсөк, ал жек көргөн иштерди кылбайбыз.

Кудай уурулук кылышыбызды, баңгизат колдонушубузду, ичкиликке берилип кетишибизди каалабайт.

Кудай киши өлтүрүүнү, бойдон алдырууну жана гомосексуализмди жек көрөт. Ал ач көз болушубузду, башкалар менен мушташышыбызды каалабайт.

Буркандарга сыйынбашыбыз, спиритизм менен алектенбешибиз керек.

Бейиште жаман иш кылган адамдарга орун болбойт.

Жакшы иштерди кылгыла (Матай 7:12).

Кудайга жагыш үчүн аны туурашыбыз керек.

Боорукер жана берешен болуу менен башкаларды сүйөрүңөрдү көрсөткүлө.

Чынчыл болгула.

Ырайымдуу, кечиримдүү болгула.

Башкаларга Жахаба Кудай жөнүндө айткыла (Ышая 43:10).