Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮК

Кудайды уккандар кандай баталарга ээ болушат?

Кудайды уккандар кандай баталарга ээ болушат?

Өлгөндөрдүн көбү жер бетинде жашоо үчүн тирилет (Элчилер 24:15).

Кудайды угуунун аркасында кандай баталарга ээ болоруңарды элестетип көрсөңөр. Ден соолугуңар чың болот, карылык, оору деген болбойт. Эч ким жамандык кылбайт. Баарына ишеним арта аласыңар.

Оору, кайгы, ый болбойт. Бир да адам карыбайт жана өлбөйт.

Силер досторуңар, үй-бүлөңөр менен Бейиште жашоонун ырахатын көрөсүңөр.

Адамдар эч нерседен коркпой, чындап бактылуу болушат.

Кудайдын Падышалыгы азап-кайгынын баарын жок кылат (Аян 21:3, 4).