Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮК

Кудайды кантип уга алабыз?

Кудайды кантип уга алабыз?

Кудай бизге Ыйык Китеп аркылуу сүйлөйт (2 Тиметей 3:16).

Кудай ой-ниетин пайгамбарлар аркылуу өзгөчө бир китепке жаздырган. Ал «Ыйык Китеп» деп аталат. Анда адамдар үчүн маанилүү маалымат камтылган.

Кудай акылмандыктын булагы болгондуктан, биз үчүн эмне жакшы экенин эң сонун билет. Кудайды уксаңар, чыныгы акылмандыкка ээ болосуңар (Накыл сөздөр 1:5).

Кудай бардык адамдардын Ыйык Китепти окушун каалайт. Азыр көптөр Ыйык Китепти өз эне тилинде окуй алышат.

Эгер Кудайды угууну кааласаңар, Ыйык Китепти окуп, аны түшүнүшүңөр керек.

Ар кайсы жакта жашаган адамдар Кудайды угуп жатышат (Матай 28:19).

Жахабанын Күбөлөрү силерге Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бере алышат.

Алар дүйнө жүзүндөгү адамдарды Кудай жөнүндөгү чындыкка окутууда.

Бул үчүн эч кандай акы төлөбөйсүңөр. Силер жашаган жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залынан да Кудай жөнүндө көбүрөөк биле аласыңар.