Топон сууга байланыштуу эскертүүгө ким кулак каккан, ким кулак каккан эмес?
5-БӨЛҮК
Нухтун убагындагы адамдардын көбү жаман иштерди кылышкан (Башталыш 6:5).
Адам ата менен Обо эне балалуу болуп, жер жүзүндө адамдар көбөйгөн. Кийинчерээк айрым периштелер Шайтандын козголоңуна кошулуп кетишкен.
Алар жерге келип, аялдарга үйлөнүү үчүн адамдардыкындай денеге ээ болушкан. Алардан ачуулуу, күчтүү алптар төрөлгөн.
Жер жүзү жамандык кылган адамдарга толуп кеткен. Ыйык Китепте «жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып... жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман» болгону айтылат.
Башталыш 6:13, 14, 18, 19, 22).
Нух пайгамбар Кудайды угуп, кеме курган (Нух пайгамбар жакшы адам болгон. Жахаба Кудай Нухка Топон суу каптатып, жаман адамдарды жок кыларын айткан.
Кудай Нух пайгамбарга чоң кеме куруп, ага үй-бүлөсүн жана жаныбарлардын бардык түрүнөн киргизүүнү буйруган.
Нух элдерге Топон суу каптаарын эскерткен, бирок эч ким кулак каккан эмес. Айрымдар аны шылдыңдашса, башкалары жек көргөн.
Кеме курулуп бүткөндөн кийин, Нух ага жаныбарларды киргизген.