Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Азгырыктарга каршы тур

Азгырыктарга каршы тур

СЕНИ кимдир бирөө жаман бир нерсе кылууга үндөдү беле? ~ Мүмкүн, ал: «Бол, бол эми, коркпо!» — дегендир. Же болбосо: «Мунун эч деле жаман жери жок, кайра, кызыктуу болот!» — деп айткандыр. Ушундай болду беле? ~ Кимдир бирөө ошенткенде сени азгырган же кандайдыр бир жаман ишке түрткөн болот.

Бизди бирөө азгырса, эмне кылышыбыз керек? Ага макул болуп, айткандарын кылышыбыз керекпи? ~ Бул Жахаба Кудайга жакмак эмес. Бирок кимге жакмак экенин билесиңби? ~ Ооба, Шайтан Ибилиске.

Шайтан — Кудайдын душманы. Ал — биздин да душманыбыз. Биз аны көрө албайбыз, анткени ал — рух. Бирок ал бизди көрө алат. Бир жолу ал Исаны, Улуу Окутуучуну, азгыруу үчүн аны менен сүйлөшкөн. Кел, ошондо Исанын эмне кылганын карап көрөлү. Бул бизге кимдир бирөө азгырганда канткенде туура иш кыла аларыбызды түшүнүүгө жардам берет.

Иса чөмүлтүлгөндөн кийин эмнени эстесе керек?

Иса дайыма Кудайдын каалоосун аткаргысы келген. Ал муну Иордан дарыясында сууга чөмүлтүлгөнү менен көрсөткөн. Чөмүлтүлгөндөн кийин, Шайтан аны азгырган. Ыйык Китепте Иса чөмүлтүлгөндө «асмандын ачылганы» айтылат (Матай 3:16). Бул анын асманда Кудай менен өткөргөн жашоосун эстегенин билдириши мүмкүн.

Чөмүлтүлгөндөн кийин Иса эстегендери жөнүндө ой жүгүртүү үчүн чөлгө барган. Ал ошол жакта кырк күн, кырк түн болуп, эч нерсе жебегендиктен аябай ачка болгон. Дал ошондо Шайтан аны азгырган.

Шайтан Исаны азгырганда таштарды эмнеге айландыр деди эле?

Шайтан ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйручу»,— деп айткан. Өзгөчө, ачка болуп турганыңда, нан кандай гана даамдуу! Иса чынында эле таштарды нанга айландыра алат беле? ~ Албетте. Анткени ал Кудайдын Уулу болчу жана өзгөчө күчкө ээ болгон.

Сага Шайтан таштарды нанга айландыр десе, анын айтканын кылат белең? ~ Иса ачка болчу. Ал бир эле жолу таштарды нанга айландырып койсо болбойт беле? ~ Иса күчүн ушундайча колдонуу туура эмес экенин билген. Ал Жахабадан андай күчтү өзүнүн кызыкчылыгына колдонуу үчүн эмес, башкаларга Жахабага жакындоого жардам берүү үчүн алган.

Ошондуктан Иса Шайтанга Ыйык Китептеги: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашашы керек»,— деген сөздөрдү айткан. Ал Кудайга жаккан нерселерди кылуу тамактан да маанилүү экенин билген.

Бирок Шайтан ошону менен эле токтоп калган эмес. Ал Исаны Иерусалимдеги ибадаткананын бийик дубалынын үстүнө чыгарып: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, дубалдан секирчи. Анткени периштелер сени сактап калат деп жазылып турат эмеспи»,— деген.

Шайтан эмне үчүн антип айткан? ~ Ал Исаны кандайдыр бир жаман иш кылууга азгыргысы келген. Бирок Иса бул жолу да Шайтанды уккан эмес. Ал ага: «„Кудайың Жахабаны сынаба“,— деп жазылган»,— деп жооп берген. Иса өмүрүн тобокелге салып, Жахабаны сыноо туура эмес экенин билген.

Шайтан Исаны кайра азгырган. Ал аны бийик тоого чыгарып, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды, башкача айтканда, өкмөттөрдү жана алардын даңкын көрсөткөн. Анан Исага: «Эгер алдыма жыгылып, мага сыйынсаң, ушунун баарын сага берем»,— деп сунуштаган.

Кел, бир аз ой жүгүртүп көрөлү. Чын эле бардык өкмөттөр Шайтандыкыбы? ~ Иса муну четке каккан эмес. Эгер Шайтандыкы болбосо, Иса ал тууралуу сөзсүз айтмак. Ооба, Шайтан, чын эле, бардык элдерди башкарып жатат. Ыйык Китепте ал атүгүл «бул дүйнөнүн башкаруучусу» делет (Жакан 12:31).

Эмне үчүн Шайтан Исага бул падышалыктардын бардыгын сунуштай алган?

Шайтан сага: «Мага сыйынсаң, каалаганыңдын баарын берем»,— десе, эмне кылат элең? ~ Иса, Шайтан кандай жол менен азгырбасын, ага сыйынуу туура эмес экенин билген. Ошондуктан: «Кет жанымдан, Шайтан! Ыйык Китепте: „Кудайың Жахабага гана сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деп айткан (Матай 4:1—10; Лука 4:1—13).

Кимдир бирөө азгырса, эмне кыласың?

Биз да азгырыктарга дуушар болобуз. Кандай азгырыктарга экенин билесиңби? ~ Мисалы, апаң торт жасады дейли. Анан сага: «Ага түшкү тамакка чейин тийбе»,— дейт. Бирок сен аябай ачкасың. Кичине болсо да, жегиң келип жатат. Ошондо эмне кыласың? Апаңдын тилин аласыңбы? ~ Шайтан апаңдын тилин албашыңды каалайт.

Исаны эстесең. Ал да абдан ачка болгон. Бирок ал Кудайды кубандыруу баарынан да маанилүү экенин түшүнгөн. Апаңдын тилин алуу менен Исаны туураган болосуң.

Же балдар сага насыбай сунуш кылышы мүмкүн. Алар насыбай атсаң, көңүлүң көтөрүлүп, өзүңдү аябай сонун сезип каларыңды айтышаттыр. Бирок ал баңгизат да. Андан ооруп, атүгүл өлүп да калышың ыктымал. Ошондой эле сага тамеки тартууну сунушташы мүмкүн. Анда да баңгизат бар. Алар сага: «Кел, тартып көрөбүз, коркпой эле кой»,— дешсе, эмне кыласың? ~

Исаны эстесең. Шайтан аны өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, ибадаткананын дубалынан секирүүгө үндөгөн. Бирок Иса андай кылган эмес. Кимдир бирөө сени да коркунучтуу бир нерсе кылууга азгырса, эмне кыласың? ~ Иса Шайтанды уккан эмес. Ошондуктан сен да жаман иш кылууга азгыргандардын эч кимисин укпа.

Кудайга сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонуу эмне үчүн туура эмес?

Кимдир бирөө сени Ыйык Китепте сыйынбаш керек деп айтылган кандайдыр бир нерсеге сыйынууга мажбурлашы да мүмкүн (Чыгуу 20:4, 5). Бул мектепте өткөрүлгөн кайсы бир майрамда же азем учурунда болушу ыктымал. Эгер баш тартсаң, мектептен чыгарып жиберерин айтып коркутушу мүмкүн. Андай учурда эмне кыласың? ~

Бардыгы туура иш кылып жатса, туура иш кылуу, албетте, оңой. Бирок тегерегиңдегилер жамандыкка азгырганда, бул сен үчүн сыноо болушу мүмкүн. Сага атүгүл анын эч деле жаман жери жок экенин айтышы ыктымал. Бирок Кудайдын ошол ишке кандай караары баарынан маанилүү. Анткени ал бизге караганда баарын жакшы билет.

Башкалар эмне дебесин, биз Кудай туура эмес деп эсептеген иштерди кылбашыбыз керек. Ошондо Кудай бизге ыраазы болот, ошондой эле Шайтанды кубандырбайбыз.

Бул аяттардан жаман иш кылууга азгырылбоо үчүн эмне кылышыбыз керектиги тууралуу көбүрөөк биле алабыз: Забур 1:1, 2; Накыл сөздөр 1:10, 11; Матай 26:41 жана 2 Тиметей 2:22.