Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Алар бизден күчтүү

Алар бизден күчтүү

СЕН экөөбүздөн күчтүү бирөөлөр бар экенин билет чыгарсың. Кандай деп ойлойсуң, алар кимдер? ~ Ооба, Жахаба Кудай. Анын Уулу Исачы? ~ Албетте, ал да күчтүү!

Иса Кудай менен асманда жашаган. Ал Кудайдын рухий Уулу, башкача айтканда, периште болчу. Иса жалгыз эле периште же Кудайдын жалгыз эле уулу болгонбу? ~ Жок, Кудай миллиондогон башка периштелерди да жараткан. Алар да бизден күчтүү (Даниел 7:10, «ЖД»; Эврейлер 1:7).

Мариям менен сүйлөшкөн периштенин аты эсиңдеби? ~ Жебирейил. Ал Мариям төрөй турган баланын Кудайдын Уулу болорун айткан. Иса жерде кадимки бала болуп төрөлүшү үчүн, Кудай өзүнүн рухий Уулунун өмүрүн Мариямдын ичине көчүргөн (Лука 1:26, 27).

Жусуп менен Мариям Исага эмне жөнүндө айтып бериши мүмкүн эле?

Сен буга ишенесиңби? Исанын Кудай менен асманда жашаганыначы? ~ Ал жөнүндө Иса өзү айткан. Бирок ал аны каяктан билген? Ал кичинекей кезинде Мариям ага Жебирейилдин айткандарын айтып берсе керек. Жусуп да ага анын чыныгы Атасы Кудай экенин айткан болушу керек.

Иса чөмүлтүлгөндөн кийин, Кудай асмандан: «Бул — менин Уулум»,— деп айткан (Матай 3:17). Ал эми Иса өлөр алдындагы түнү: «Ата, эми мени дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр»,— деп тиленген (Жакан 17:5). Ооба, Иса Кудайдан аны кайрадан асманга алып кетишин суранган. Бирок Жахаба анын өтүнүчүн кандайча аткармак? ~ Ооба, ан үчүн Кудай аны баштагыдай эле көзгө көрүнбөгөн рухий жаратуу же периште кылышы керек эле.

Эми сага абдан маанилүү бир суроо берейин. Кандай деп ойлойсуң, бардык эле периштелер жакшыбы? ~ Качандыр бир убакта алардын баары жакшы болчу. Анткени аларды Жахаба жараткан да, Жахаба болсо жаман эч нерсе жаратышы мүмкүн эмес. Бирок кийинчерээк алардын бири жаман периште болуп калат. Ал кандайча болгон?

Аны билүү үчүн тээ мурунку убакка — Кудай биринчи эркек менен аялды, Адам ата менен Обо энени, жараткан убакка — кайрылалы. Айрымдар аны ойдон чыгарылган окуя деп айтышат. Бирок Улуу Окутуучу андай деп эсептеген эмес. Ал анын чынында эле болгонун билген.

Кудай Адам ата менен Обо энени жараткандан кийин аларды Эйден деп аталган кооз бакка жайгаштырган. Ал бак, чынында эле, бейиш болгон. Кудай Адам ата менен Обо эненин көп балалуу болуп, Бейиште түбөлүк жашашын каалаган. Бирок алар маанилүү бир нерсени түшүнүшү керек эле. Экөөбүз бул тууралуу сүйлөшкөнбүз. Кел, чогуу эстеп көрөлү.

Адам ата менен Обо эне Бейиште түбөлүк жашаш үчүн эмне кылышы керек эле?

Жахаба Адам ата менен Обо энеге бактагы бардык жемиштерден каалашынча жей алышарын айткан. Бирок бир гана дарактын жемишинен жегенге тыюу салган. Кудай аларга, эгер тил алышпаса, сөзсүз өлүшөрүн эскерткен (Башталыш 2:17). Демек, Адам ата менен Обо эне эмнеге үйрөнүшү керек эле? ~

Тил алчаактыкка. Ооба, адамдын өмүрү Жахаба Кудайга тил алуудан көзкаранды! Кудайдын тилин алам деп айтып эле коюу аздык кылат. Адам ата менен Обо эне Кудайга тил аларын иш жүзүндө көрсөтүшү керек эле. Кудайга тил алуу менен алар аны сүйөрүн жана анын жетекчилик кылышын каалаарын көрсөтүшмөк. Ошондо Бейиште түбөлүк жашай алышмак. Эгер тыюу салынган бактан жешсечи, бул эмнени билдирмек? ~

Анда камкор Кудайдын алар үчүн кылгандарын таптакыр баалабаганын көрсөтүшмөк. Сен алардын ордунда болсоң, Жахабаны угат белең? ~ Башында Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин алышчу. Бирок кийинчерээк Обо энени андан күчтүү бирөө алдаган. Ал аны Кудайга тил албоого түрткөн. Ал ким эле? ~

Жыланды Обо эне менен ким сүйлөштүргөн?

Ыйык Китепте Обо эне менен жыландын сүйлөшкөнү айтылат. Бирок жыландар сүйлөй алышпайт да. Анда муну кандай түшүнсө болот? ~ Чынында, ошондо периште сүйлөгөн. Бирок ал баарын жылан сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөн. Ал периштенин жаман ою бар болчу. Ал Адам ата менен Обо энени өзүнө сыйындырып, алардын өзүнүн айткандарынын баарын аткарышын каалаган. Ал Кудайдын ордун ээлегиси келген.

Ошол периште Обо энеге жаман ой салып, жылан аркылуу: «Кудай силерди алдап жатат. Бул бактан жесеңер, эч нерсе деле болбойсуңар, кайра, Кудайга окшоп, акылдуу болуп каласыңар»,— деген. Сен ушуга ишенет белең? ~

Обо эне Кудай ага бербеген нерсени алгысы келген. Ал тыюу салынган дарактын жемишинен жеп, Адам атага да берген. Адам ата жыландын айткандарына ишенген эмес. Бирок Обо эне менен бирге болууну Кудайдан артык көргөн. Ошондуктан ал да тыюу салынган жемиштен жеген (Башталыш 3:1—6; 1 Тиметей 2:14).

Анын жыйынтыгы кандай болгон? ~ Адам ата менен Обо эне жеткилеңсиз болуп калышкан. Анан карып, өлүшкөн. Алардын жеткилеңсиздиги балдарына да тукум кууп өткөн. Ошондуктан бардык адамдар карышат жана өлүшөт. Кудай калп айткан эмес! Адамдын өмүрү, чынында эле, Кудайга тил алуудан көзкаранды (Римдиктер 5:12). Ыйык Китепте Обо энени алдаган периште Шайтан Ибилис деп аталат. Ага кошулуп кеткен жаман периштелер болсо жин-перилер деп аталышат (Жакып 2:19; Аян 12:9).

Адам ата менен Обо эне Кудайды укпай койгондо эмне болушкан?

Кудай жараткан жакшы периштенин эмне үчүн жаман болуп калганын түшүндүңбү? ~ Анткени ал жаман нерсе жөнүндө ойлоно баштаган. Ал баарынан чоң болгусу келген. Кудайдын Адам ата менен Обо энеге балалуу болууну буйруганын билгендиктен ал баарынын Кудайга эмес, ага сыйынышын каалаган. Шайтан бир да киши Жахабанын тилин албай тургандай кылууну көздөйт. Ошол себептен бизди жаман нерселер жөнүндө ойлоого мажбурлоого аракет кылат (Жакып 1:13—15).

Шайтан Жахабаны эч ким чындап сүйбөйт дейт. Ал сени да, мени да Жахабаны, чынында, сүйбөйт, анын айткандарын аткарууну каалабайт деп ырастайт. Ал бизди Жахабаны өзүбүзгө керек учурда эле угат дейт. Анын айтканы чынбы? Чын эле биз Ибилис айткандайбызбы?

Улуу Окутуучу анын калпычы экенин айткан. Ал Жахабанын тилин алып, аны чындап сүйөрүн көрсөткөн. Иса Кудайды оңой болгондо эле эмес, башкалар ага тоскоолдук кылганда да укчу. Ошондой эле ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага болгон берилгендигин сактаган. Ошондуктан Кудай аны тирилтип, ага түбөлүк өмүр берген.

Демек, биздин эң негизги душманыбыз ким экен? ~ Ооба, ал — Шайтан Ибилис. Сен аны көрө аласыңбы? ~ Албетте, жок! Ошентсе да анын чынында эле бар экенин билебиз. Ал бизден алда канча күчтүү. Бирок Шайтандан да ким күчтүү? ~ Жахаба Кудай. Андыктан ал сени ушул душмандан коргой алат.

Биз кимге гана сыйынышыбыз керектигин окуп көр: Мыйзам 30:19, 20; Жашыя 24:14, 15; Накыл сөздөр 27:11 жана Матай 4:10.