Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-БӨЛҮМ

Коркуу сезимин кантип жеңүүгө болот?

Коркуу сезимин кантип жеңүүгө болот?

ЖАХАБАГА кызмат кылуу оңойбу? ~ Улуу Окутуучу оңой болот деп айткан эмес. Ал өлөр алдындагы түнү элчилерине: «Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле»,— деген (Жакан 15:18).

Петир Исаны эч качан таштабаарын айтып мактанган. Бирок Иса ага: «Ушул түнү сен менден үч жолу баш тартасың»,— деген. Чынында эле, Петир ошол эле түнү Исаны тааныбай турганын үч жолу айткан! (Матай 26:31—35, 69—75). Бирок кандайча ошондой болушу мүмкүн эле? ~ Петир менен башка элчилер коркуп кетишкен.

Элчилер эмне үчүн коркушканын билесиңби? ~ Алар маанилүү бир нерсени кылбай коюшкан. Кел, алардын эмнени кылбай коюшканын карап көрөлү. Муну билүү, башкалар эмне дешпесин же эмне кылышпасын, Жахабага кызмат кылышыбызга жардам берет. Бирок адегенде Иса өлөр түнү кандай окуя болгонун карап чыгалы.

Иса элчилери менен Пасах майрамын белгилейт. Жүйүттөр Кудайдын өз элин Мисирдин кулчулугунан кандайча бошотконун эстеп туруу үчүн жыл сайын ушундай майрам өткөрүшчү. Пасахты майрамдагандан кийин Иса дагы бир өзгөчө кечки тамак уюштурат. Кийинки бөлүмдөрдүн биринен ал кечки тамак Исаны эстөөгө бизге кандайча жардам берерин билебиз. Дасторкондо отурганда Иса элчилерин колдооруна ынандырып, аларды бекемдейт. Андан соң элчилери менен Гетсемани багына барат. Ал алардын жакшы көргөн жери болчу.

Гетсемани багына келгенде Иса элчилерин таштап коюп, тиленгени кетет. Ал Петирден, Жакыптан жана Жакандан тиленип турууну өтүнөт. Бирок алар уктап калышат. Бул үч жолу кайталанат! Иса үч жолу тиленгени кетип, үч жолу тең келгенде, Петир жана башка элчилер уктап жатышкан болот (Матай 26:36—47). Алар эмне үчүн сергек болушу жана тиленип турушу керек эле? ~ Кел, карап көрөлү.

Петир, Жакып жана Жакан эмне үчүн сергек болушу керек эле?

Ошол түнү Жүйүт Искариот да Иса жана анын элчилери менен Пасахты майрамдаган. Жүйүттүн ууру болуп калганы эсиңдедир. Эми ал чыккынчы да болуп калат. Ал Иса элчилери менен жолугуп жүргөн Гетсемани багындагы жерди жакшы билчү. Ошондуктан Исаны кармап берүү үчүн жоокерлерди ошол жерге алып барат. Куралданган кишилерди көрүп, Иса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сурайт.

Жоокерлер: «Исаны»,— деп жооп беришет. Иса алардан коркпойт, ошондуктан тайманбай: «Ал менмин»,— дейт. Исанын тайманбастыгын көрүп, жоокерлер таң калып, жерге жыгылышат. Анан Иса аларга: «Эгер мени издеп жүрсөңөр, анда элчилеримди коё бергиле»,— деп айтат (Жакан 18:1—9).

Жоокерлер Исаны кармап, байлашат. Элчилер болсо коркконунан качып кетишет. Бирок Петир менен Жакан андан ары эмне болорун билүү үчүн жоокерлерге көрүнбөй алардын аркасынан ээрчип жөнөшөт. Исаны башкы динкызматчы Каяпанын үйүнө алып барышат. Жакан башкы динкызматчыны тааныгандыктан, дарбаза кайтарган күң аял аны менен Петирге короого кирүүгө уруксат берет.

Динкызматчылар Каяпанын үйүнө чогулуп, Исаны соттоого даярданышат. Алар Исага өлүм өкүмүн чыгарууну каалашкандыктан ага каршы жалган күбөлөрдү алып келишет. Анан Исаны муштап, жаакка чабышат. Ошонун баары болуп жаткан учурда Петир жакын жерде болчу.

Эки элчини короого киргизген аял Петирди таанып калат. Анан Петирге: «Сен да Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — дейт. Бирок Петир Исаны тааныбай турганын айтат. Бир аздан кийин бөлөк күң аял Петирди таанып, башкаларга: «Бул да Иса менен чогуу жүргөн»,— дейт. Петир ошондо да Исадан баш тартып, аны тааныбай турганын айтат. Андан соң дагы бир нече киши Петирди таанып калып, ага: «Сен, чын эле, ошолордун бири экенсиң»,— дешет. Петир ошондо өзүнүн Окутуучусунан үчүнчү жолу баш тартып: «Мен ал кишини тааныбайм!» — деп жооп берет. Ал атүгүл тигилерди ишендирүү үчүн карганат. Дал ошол учурда Иса бурулуп, аны карайт (Матай 26:57—75; Лука 22:54—62; Жакан 18:15—27).

Эмне үчүн Петир Исадан баш тартып, калп айтканчалык коркуп кеткен?

Петирдин эмне үчүн калп айтып койгонун билесиңби? ~ Ооба, ал коркуп кеткен. Бирок эмне үчүн? Эмне үчүн ага кайраттуулук жетишкен эмес? Кел, ойлонуп көрөбүз. Исага кайраттуу болууга эмне жардам берген? ~ Ал Кудайга тиленгендиктен, Кудай аны бекемдеген. Исанын Петирге тиленүү жана сергек болуу керектигин үч жолу айтканын эстесең. Бирок Петир эмне кылган? ~

Ал улам-улам уктап кала берген. Ал тиленген эмес жана сергек болгон эмес. Ошондуктан Исаны жоокерлер кармашканда, Петир өзүн жоготуп койгон. Андан кийин сотто Исаны сабап, аны өлтүрөйүн деп жатышканын билгенде аябай коркуп кеткен. Бир нече эле саат мурун Иса элчилерине эмне деп эскертти эле? ~ Улуу Окутуучу дүйнө аны жек көргөнүн жана элчилерин да жек көрөрүн айткан.

Кандайча Петирдикиндей жагдайга туш болуп калышың мүмкүн?

Биз да ушундай жагдайга кабылышыбыз мүмкүнбү? Мисалы, класста балдар желекке таазим кылбагандарды жана туулган күндү майрамдабагандарды жамандап жатышат деп коёлу. Анан кимдир бирөө сенден: «Сен да желекке таазим кылбайсыңбы?» — деп сурасачы? Же: «Сени туулган күндү да белгилебейт деп уктук го» — десе, эмне кыласың? Алардан коркпой, чындыкты айта аласыңбы? ~ Же Петирге окшоп, калп айтып коёсуңбу? ~

Петир Исадан баш тарткандыгы үчүн кийинчерээк аябай өкүнгөн. Эмне кылганын түшүнгөндөн кийин эшикке чыгып, өксүп ыйлаган. Ооба, ал өкүнүп, кайрадан Исанын жолун жолдогон (Лука 22:32). Петирге окшоп коркуп кетпешибизге эмне жардам берет? ~ Петир тиленген эмес жана сергек болгон эмес. Ошондуктан Улуу Окутуучуну жолдоо үчүн эмне кылышыбыз керек? ~

Жахабага жардам сурап тиленишибиз зарыл. Кудай Исанын тиленүүсүнө кантип жооп бергенин билесиңби? ~ Ал Исаны периштесин жиберип бекемдеген (Лука 22:43). Периштелер бизге да жардам бере алабы? ~ Ыйык Китепте: «Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат»,— деп айтылат (Забур 33:8). Бирок Кудайдан жардам алуу үчүн тиленип коюу эле аздык кылат. Дагы эмне керек экенин билесиңби? ~ Иса жолдоочуларын сергек болууга үндөгөн. Ан үчүн эмне кылуу керек? ~

Биз жыйналыш жолугушууларында кунт коюп угуп, Ыйык Китептен окугандарыбызды баалашыбыз керек. Андан сырткары, кызмат кылууну улантууга жардам бериши үчүн Жахабага дайыма тиленип, жардам сурашыбыз зарыл. Ошентсек, Жахаба бизге коркуу сезимин жеңүүгө жардам берет. Ошондо башкаларга Улуу Окутуучу жана анын Атасы тууралуу айтуудан кубаныч алабыз.

Башкалардан коркуу кээде туура иш кылышыбызга тоскоолдук кылат. Бул аяттар андай сезимге алдырбашыбызга жардам берет: Накыл сөздөр 29:25; Жеремия 26:12—15, 20—24 жана Жакан 12:42, 43.