Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-БӨЛҮМ

Кудайды сүйгөндөр менен достош

Кудайды сүйгөндөр менен достош

КИМ менен пикир алышканды, чогуу убакыт өткөргөндү жакшы көрсөк, ошолорду досторубуз деп айта алабыз. Бирок досторду туура тандаганыбыз абдан маанилүү. Кандай деп ойлойсуң, биздин эң жакшы досубуз ким? ~ Ооба, Жахаба Кудай.

Биз чынында эле Кудайдын досу боло алабызбы? ~ Ыйык Китепте байыркы убакта жашаган Ыбрайым «Жахабанын досу» болгону айтылат (Жакып 2:23). Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Ыбрайым Кудайдын тилин алган. Ал, Кудайдын тапшырмасын аткаруу кыйын болгондо да, анын тилин алган. Демек, Жахабанын досу болуш үчүн биз да, Ыбрайым менен Улуу Окутуучудай болуп, аны кубандырышыбыз керек (Башталыш 22:1—14; Жакан 8:28, 29; Эврейлер 11:8, 17—19).

Ыбрайым эмне үчүн «Жахабанын досу» деп аталган?

Иса элчилерине: «Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар»,— деген (Жакан 15:14). Муну менен Улуу Окутуучу анын достору Кудайдын тилин алгандар экенин айткысы келген. Анткени ал Жахаба айткан нерселерге окуткан. Ооба, Иса Кудайды сүйгөндөр менен гана дос болгон.

Улуу Окутуучунун эң жакын достору анын элчилери болгон. Аларды ушул китептин 75-бетиндеги сүрөттөн көрүүгө болот. Алар Иса менен чогуу жүрүшчү жана ага кабар айтуу кызматында жардам беришчү. Иса алар менен көп убакыт өткөргөн. Алар бирге тамактанышчу, Кудай жөнүндө сүйлөшүшчү жана ар кандай иштерди чогуу кылышчу. Бирок Исанын башка да көптөгөн достору болгон. Ал алардыкына көп барчу жана алар менен чогуу эс алчу.

Ошондой үйбүлөлөрдүн бири Иерусалимден алыс эмес жердеги Бетания деген айылда жашачу. Ошол үйбүлө эсиңдеби? ~ Алар: Мариям, Марта жана алардын биртууганы Лазар. Иса Лазарды досум деп атаган (Жакан 11:1, 5, 11). Иса алардыкына барганды абдан жакшы көрчү. Анткени алар Жахабаны сүйүшчү жана Ага кызмат кылышчу.

Иса Иерусалимге баратканда эмне үчүн булардын үйүнө көп токточу? Булардын аттарын билесиңби?

Бирок бул Иса Кудайга кызмат кылбагандарга жаман мамиле кылган дегенди билдирбейт. Иса атүгүл ошондой кишилердин үйүнө барып, алар менен чогуу тамактанган. Ошондуктан аны айрымдар «салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн досу» дешкен (Матай 11:19). Бирок Иса алардыкына кылган иштерин жактыргандыктан эмес, Жахаба жөнүндө айтуу үчүн барчу. Иса аларга оңолууга жана Кудайдын кызматчысы болууга жардам берген.

Закай эмне үчүн бакка чыккан?

Бир жолу Иса Жерихо шаары аркылуу Иерусалимге баратканда, мындай окуя болот. Анын аркасынан көп эл ээрчип бараткан. Элдин арасында Закай деген бир киши да бар болчу. Ал Исаны аябай көргүсү келет. Бирок бою кичинекей болгондуктан, элдин арасынан Исаны көрө албайт. Ошондуктан алдыга чуркап барып, бакка чыгат. Ал Исаны ошол жерден өтүп баратканда көрөм деп үмүттөнөт.

Иса ошол бактын жанына барып, өйдө жакты карап, Закайга: «Тезирээк түш, анткени мен бүгүн сенин үйүңдө болом»,— дейт. Закайдын бай экенин жана анын башкаларды алдоонун аркасында байыганын баары билчү. Анда Иса эмне үчүн ошондой кишинин үйүнө конокко баргысы келген? ~

Иса Закайдыкына анын кылган иштерин жактыргандыктан барган эмес. Ал аны менен Кудай жөнүндө сүйлөшкүсү келген. Ал Закайдын аны ушунчалык көргүсү келгенин билгендиктен, айткандарын жакшы угат болуш керек деп ойлогон. Ошондо аны менен Кудайдын адамдардан эмне талап кылары тууралуу сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болгон.

Иса эмне үчүн Закайдыкына барган жана Закай кандай убада берген?

Анын натыйжасы кандай болгон? ~ Закайга Исанын айткандарынын баары абдан жаккан. Ал элди алдаганы үчүн өкүнүп, алдамчылык менен тапкан акчанын баарын элге кайрып берерин убада кылган. Кийинчерээк ал Исанын жолдоочусу болгон. Ошондон кийин гана Иса аны менен дос болуп калган (Лука 19:1—10).

Улуу Окутуучуну туурап, досторубуз болбогон кишилерге барабызбы? ~ Ооба, бирок аларга кылган иштерин жактыргандыктан барбайбыз. Аларга кошулуп жаман иштерди да кылбайбыз. Биз аларга Кудай жөнүндө айтуу үчүн гана барабыз.

Кимдер менен убакыт өткөргөндү жакшы көрсөк, ошолор — биздин жакын досторубуз. Кудайга жаккан киши гана чыныгы досубуз боло алат. Айрымдар атүгүл Жахабанын ким экенин билишпейт. Бирок Кудай жөнүндө билүүнү каалашса, аларга чын жүрөктөн жардам беребиз. Алар Жахабаны чындап сүйгөндө гана алар менен жакын достошсок болот.

Дос тандоодо дагы бир нерсени эске алуу керек. Маселен, анын кылган иштерин байкап көр. Ал башкаларды шылдыңдоо үчүн жаман бир нерселерди кылабы? Бирок андай кылган туура эмес да, ээ? ~ Ал дайыма эле жаман бир нерселерге кабылып жүрөбү? Биз кандайдыр бир жаман иштерге аралашкыбыз келбейт да, чынбы? ~ Балким, туура эмес иштерди кылып, анан эч кандай жаза албаганы үчүн мактанаттыр? Бирок, ал жазаланбаган күндө да, Кудай баарын көрүп турат да, туурабы? ~ Ошондой киши бизге жакшы дос боло алабы? ~

Кел, Ыйык Китептен досторубуздун бизге кандай таасир этерин карап көрөлү. 1 Корунттуктар 15:33тү ачсаң. Таптыңбы? ~ Ал жерде: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп айтылат. Бул жаман кишилер менен пикирлешсек, биздин да жаман болуп каларыбызды билдирет. Ал эми жакшы кишилер менен пикирлешүү жакшы адаттарды өрчүтүүгө жардам берет.

Жашообузда эң биринчи орунда Жахаба турушу керектигин эч качан унутпайлы. Аны менен дос болбой калгыбыз келбейт да, чынбы? ~ Ошондуктан Кудайды сүйгөндөр менен гана дос болушубуз керек.

Бул аяттарда эмне үчүн досторду туура тандашыбыз керектиги айтылат: Забур 118:115; Накыл сөздөр 13:20; 2 Тиметей 2:22 жана 1 Жакан 2:15.