Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

«Бул — Менин Уулум»

«Бул — Менин Уулум»

БАЛДАРДЫН жакшы жүрүм-туруму ата-энесин кубандырат. Мисалы, кызы бир нерсени жакшы кылса, атасы: «Менин кызым го ушу»,— деп сүйүнөт. Же баласы жакшы бир нерсе кылса, сыймыктанып: «Менин уулум да»,— дейт.

Иса Атасын дайыма кубандырат. Ошон үчүн Атасы аны менен сыймыктанат. Иса үч досу менен тоого чыкканда Кудайдын эмне кылганы эсиңдеби? ~ Ооба, Атасы асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деген (Матай 17:5).

Иса ар дайым Атасын кубандырган нерселерди кылууну каалайт. Эмне үчүн экенин билесиңби? Анткени ал Атасын чындап сүйөт. Бир нерсени кылышың керек болгон үчүн эле кылуу оңой эмес. А эгер аны кылууну кааласаң, анда алда канча оңой болот.

Иса жерге келгенге чейин эле Атасынын айткандарынын баарын даярдуулук менен аткарчу. Себеби ал Атасын — Жахаба Кудайды — абдан сүйөт. Асманда Атасынын жанында болуу ага аябай жакчу. Бирок кийинчерээк Кудай ага өзгөчө бир тапшырма берет. Аны аткаруу үчүн Иса асмандагы үйүн таштап, жерде кичинекей бала болуп төрөлүшү керек эле. Ал ишти Жахаба тапшыргандыктан, Иса ага дароо эле макул болот.

Жебирейил периште Мариямга эмне жөнүндө айткан?

Бирок жерде төрөлүү үчүн ага апа керек эле. Анын апасы ким болгонун билесиңби? ~ Анын апасы Мариям болгон. Жахаба асмандан Жебирейил периштени Мариям менен сүйлөшүү үчүн жиберет. Жебирейил Мариямга ал уул төрөөрүн, анын аты Иса болорун айтат. А баланын атасы ким болот? ~ Периште баланын Атасы Жахаба Кудай болорун айтат. Ошондуктан Иса Кудайдын Уулу деп аталган.

Мариям ал кабарды кандай кабыл алат? ~ Ал: «Исанын апасы болууну каалабайм»,— дегенби? Жок, Мариям Кудайдын айтканын аткарууга даяр болчу. Бирок Кудайдын Уулу асманда жашаса, кантип жерде адам болуп төрөлө алат эле? Исанын төрөлүшү башка балдардын төрөлүшүнөн эмнеси менен айырмаланганын билесиңби? ~

Кудай биринчи адамдарды, Адам ата менен Обо энени, жаратканда аларды өзгөчө бир жол менен бириге тургандай кылып жараткан. Экөө бириккенден кийин, апасынын ичинде кичинекей бала чоңоё баштайт. Адамдар муну керемет деп эсептешет! Сен да ушинтип ойлойт болушуң керек.

Бирок Кудай андан да таң калыштуу бир нерсе жасаган. Ал өзүнүн Уулунун өмүрүн Мариямдын ичине көчүргөн. Кудай мындайды эч качан кылган эмес. Бул, чынында эле, керемет болгон! Башка балдар апаларынын ичинде чоңойгондой эле, Иса да Мариямдын ичинде чоңоё баштаган. Андан кийин Мариям Жусупка күйөөгө чыккан.

Төрөй турган маалы келгенде ал Жусуп менен Бетлехем шаарына барат. Бирок ал шаарга көп эл баргандыктан, экөө жашай турган үй таппай, мал сарайга токтошот. Мариям Исаны төрөгөндөн кийин, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, аны акырга жаткырат. Акыр деген уйга жана башка малга жем-чөп салган жашик.

Эмне үчүн Исаны акырга жаткырып жатышат?

Иса төрөлгөн күнү таң калыштуу бир нерсе болот. Бетлехемге жакын жерде койчуларга периште көрүнөт. Ал Исанын төрөлүшү аябай маанилүү окуя экенин айтат. Анан койчуларга: «Мен силерге элдин баарына чоң кубаныч тартуулай турган жакшы кабар жарыялаганы келдим. Бүгүн силерге Куткаруучу төрөлдү»,— дейт (Лука 2:10, 11).

Бул периштелердин бири койчуларга кандай кубанычтуу кабар айткан?

Ошондой эле ал жаңы төрөлгөн Исанын Бетлехемде акырда жатканын айтат. Капыстан эле асманда дагы көптөгөн периштелер пайда болуп, Кудайды даңктай башташат. Алар: «Кудайга даңк, жер үстүндө, анын жактыруусуна ээ болгондордун арасында тынчтык болсун»,— деп ырдашат (Лука 2:12—14).

Периштелер жок болуп кеткенден кийин, койчулар Бетлехемге барып, Исаны табышат. Алар Мариям менен Жусупка периштелерден уккандарынын бардыгын айтып беришет. Исанын апасы болууга макул болгонуна Мариям кандай гана сүйүнгөнүн элестетсең!

Кийинчерээк Жусуп менен Мариям Назарет деген шаарга көчүп барышат. Иса ошол жакта чоңоёт. Ал чоңойгондо элди окута баштайт. Бул Жахаба Кудайдын өзүнүн Уулуна берген тапшырмаларынын бири эле. Иса асмандагы Атасын абдан сүйгөндүктөн ал ишти даярдуулук менен аткарган.

Ал Улуу Окутуучу болгонго чейин, Чөмүлдүрүүчү Жакан аны Иордан дарыясында чөмүлдүргөн. Ошол күнү таң калыштуу бир нерсе болгон! Иса суудан чыгары менен, асмандан Жахабанын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деген үнү угулган (Матай 3:17). Атаң менен апаңдын сени жакшы көрөрүн айтканы сага жагабы? ~ Исага да Атасынын айткандары абдан жаккан.

Иса дайыма туура иш кылган. Ал өзүн эч качан башка кылып көрсөткөн эмес. Ал Кудаймын деген эмес. Жебирейил периште Мариямга Исанын Кудайдын Уулу деп аталарын айткан. Иса өзү да Кудайдын Уулу экенин айтчу. Ал өзүнүн Атасынан көптү билем деген эмес. Ал: «Атам менден чоң»,— деген (Жакан 14:28).

Иса асманда жүргөндө да Атасы тапшырган иштерди дайыма аткарчу. Ал «макул» деп коюп, өз билгенин кылган эмес. Ал Атасын сүйчү. Ошондуктан Атасынын айткандарынын баарын кунт коюп укчу. Ал эми жерге келгенде, асмандагы Атасы эмне үчүн жиберсе, ошонун бардыгын аткарган. Ал убактысын кереги жок нерселерге кетирген эмес. Ошондуктан Жахаба Уулуна аябай ыраазы болгон.

Биз да Жахабаны кубандыргыбыз келет, чынбы? ~ Ан үчүн, Исадай болуп, Кудайдын тилин алышыбыз керек. Кудай бизге Ыйык Китеп аркылуу сүйлөйт. Кудайдын тилин алабыз деп коюп, Ыйык Китепке карама-каршы келген нерселерге ишенүү же Кудайга жакпаган иштерди кылуу туура болот беле? ~ Жахабаны чындап сүйгөнүбүздө гана аны кубандыруу бизди бактылуу кыларын эсиңден чыгарба.

Эми Иса жөнүндө эмнелерди билишибиз жана эмнеге ишенишибиз керектигин көрсөткөн аяттарды окуп көрсөң: Матай 7:21—23; Жакан 4:25, 26 жана 1 Тиметей 2:5, 6.