Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Анын келишин каалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Анын келишин каалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

ИСА жолдоочуларына үйрөткөн тиленүүнү билесиңби? ~ Билбесең, кел, Ыйык Китептен Матай 6:9—13-аяттарды окуйлу. Көпчүлүк учурда «Асмандагы Атабыз» деп аталган бул тиленүүдө «Падышалыгың келсин» деген сөздөр бар. Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин билесиңби? ~

Кел, ойлонуп көрөбүз. Падыша — бул өлкөнү же мамлекетти башкарган киши. Падышалык болсо анын башкаруусу. Айрым өлкөлөрдө өлкөнү башкарган киши президент деп аталат. Ал эми Кудайдын өкмөтүнүн башкаруучусу эмне деп аталат? ~ Падыша. Ошондуктан Кудайдын өкмөтү Падышалык деп аталат.

Жахаба Кудай өзүнүн өкмөтүнүн Падышасы кылып кимди тандаган? ~ Өзүнүн Уулу Иса Машаякты. Иса эмне үчүн адамдар тандаган башкаруучулардын баарынан жакшы башкаруучу? ~ Анткени ал өзүнүн Атасы Жахабаны сүйөт. Ал дайыма туура иш кылат.

Иса Бетлехемде төрөлөрдөн көп жыл мурун, Ыйык Китепте анын төрөлөрү жана Кудай тандаган Башкаруучу болору айтылган. Кел, ошол тууралуу Ышайа 9:6, 7-аяттардан окуп көрөлү. Ал жерде мындай деп айтылат: «Бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде. Ага: ...Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат... Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт».

Бул аятта Исанын эмне үчүн «Төрө» деп аталганын билесиңби? ~ Себеби ал — Кудайдын Падышалыгынын Башкаруучусу. Ошондой эле ал — Улуу Падышанын, Жахабанын, Уулу. Ошондуктан Жахаба Исаны жерди миң жыл башкара турган өкмөтүнүн Падышасы кылып дайындаган (Аян 20:6). Иса чөмүлтүлгөндөн кийин: «„Өкүнгүлө, анткени асман падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айта баштаган» (Матай 4:17).

Кандай деп ойлойсуң, Иса эмне үчүн Падышалык жакындап калганын айткан? ~ Анткени кийинчерээк асманда башкара турган Падыша ошол элдин арасында болчу! Иса ошол себептен: «Кудайдын падышалыгы силердин араңарда»,— деген (Лука 17:21). Жахабанын Падышасы биздин арабызда болушун каалайт белең? ~

Исага жерде кандай маанилүү тапшырма аткарыш керек болгону эсиңдеби? ~ Ал: «Башка шаарларга да Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Иса ал тапшырманы өзү жалгыз аткара албай турганын билген. Ошондуктан эмне кылган? ~

Иса жерде кандай тапшырма аткарышы керек эле?

Ал башкаларга кантип кабар айтууну көрсөткөн. Кабар айтууга алгач 12 элчисин үйрөткөн (Матай 10:5, 7). Кабар айтууну элчилер эле үйрөнгөнбү? Жок, Ыйык Китепте Исанын дагы көптөгөн башка кишилерди үйрөткөнү айтылат. Убакыттын өтүшү менен ал дагы 70 шакирт тандап, аларды эки-экиден кабар айтууга жөнөткөн. Алар эмне жөнүндө кабар айтышкан? ~ Иса шакирттерине: «Аларга: „Кудайдын падышалыгы силерге жакындап калды“,— дегиле»,— деп буйрук берген (Лука 10:9). Ошонун аркасында башкалар Кудайдын өкмөтү тууралуу билген.

Ысрайылдагы байыркы салтка ылайык, жаңы падыша, эл көрсүн үчүн, шаарга кодик минип кирчү. Иса да Иерусалимге акыркы жолу барганында ошенткен. Анткени ал Кудайдын Падышалыгынын болочок Башкаруучусу эле. Ал эми эл Исанын Падыша болушун каалайбы? ~

Иса кодик минип келатканда, көптөр жолго кийимдерин, кээ бирөөлөр болсо бактын бутактарын төшөйт. Ошентүү менен Исаны өздөрүнүн Падышасы катары кабыл алып жатканын көрсөтүшөт. Анан катуу үн менен: «Жахабанын ысмы менен Падыша катары келатканга Анын батасы тийсин!» — деп кыйкырышат. Бирок баары эле кубана бербейт. Динкызматчылардын айрымдары атүгүл Исага: «Шакирттериңди тыйып койбойсуңбу»,— дешет (Лука 19:28—40).

Эл Исанын Падыша болушун эмне үчүн каалабай калган?

Беш күндөн кийин Исаны кармап, Понтий Пилаттын аксарайына алып барышат. Исанын душмандары аны өзүн падыша кылып көрсөтүп, Рим өкмөтүнө каршы чыгып жатат деп күнөөлөшөт. Пилат чын эле ошондой бекенин билгиси келет. Иса ага бийликке эч качан умтулбаганын айтат. Анан: «Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— дейт (Жакан 18:36).

Ошондо Пилат элдин алдына чыгып: «Мен Исадан эч кандай айып тапкан жокмун»,— деп айтат. Бирок эл Исанын алардын Падышасы болушун жана анын бошотулушун каалабайт (Жакан 18:37—40). Пилат Иса менен дагы бир жолу сүйлөшүп көрүп, анын эч кандай жаман иш кылбаганын түшүнөт. Ошондуктан Исаны акыркы жолу элдин алдына алып чыгып: «Мына, силердин падышаңар!» — дейт. Бирок алар: «Өлтүр аны! Өлтүр! Устунга када!» — деп кыйкырышат.

«Падышаңарды устунга кадайынбы?» — деп сурайт Пилат алардан. Жогорку динкызматчылар ага: «Императордон башка падышабыз жок»,— деп жооп беришет. Элестетип эле көрсөң! Ал каардуу динкызматчылар элди Исага каршы тукурушкан! (Жакан 19:1—16).

Андан бери көп деле эч нерсе өзгөргөн жок. Азыр да көптөр Исанын Падыша болушун каалашпайт. Алар Кудайга ишенебиз деп айтышы мүмкүн. Бирок Кудай же Иса айткан нерселерди аткарышпайт. Алар жерде өздөрүнүн өкмөтү болушун каалашат.

Ал эми бизчи? Кудайдын Падышалыгы жана ал алып келе турган баталар жөнүндө билгенде кандай сезимде болобуз? ~ Кудайга болгон сүйүүбүз артат, чынбы? ~ Кудайды сүйөрүбүздү жана анын Падышалыгынын башкаруусу алдында жашагыбыз келерин кантип көрсөтсөк болот? ~

Иса эмне үчүн чөмүлтүлгөн жана Кудай аны колдоорун кантип көрсөткөн?

Биз Исаны туурашыбыз керек. Ал Жахабага болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн? ~ «Мен ар дайым ага жакканды жасайм»,— деген Улуу Окутуучу (Жакан 8:29). Ооба, Иса жерге Кудайдын «эркин аткаруу» жана «анын ишин аягына чыгаруу» үчүн келген (Эврейлер 10:7; Жакан 4:34). Кел, анын кабар айтардан мурун эмне кылганын карап көрөлү.

Иса Иордан дарыясына Чөмүлдүрүүчү Жаканга барат. Анан экөө сууга кирип, Жакан Исаны толугу менен сууга чумкутат. Жакан аны эмне үчүн чөмүлдүргөнүн билесиңби? ~

Кудайдын Падышалыгы жөнүндө башкаларга кайсы жерлерде айта алабыз?

Ал тууралуу Иса өзү суранган. Кудай Исанын чөмүлдүрүлүшүн каалаганын кайдан билебиз? ~ Ал суудан чыкканда, асмандан Кудайдын: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген үнү угулган. Кудай атүгүл Исага көгүчкөн сыяктуу болуп түшкөн ыйык рух берген. Чөмүлтүлүү менен ал Жахабага өмүр бою, түбөлүккө, кызмат кылууну каалаарын көрсөткөн (Марк 1:9—11).

Сеники баары алдыда. Чоңойгондо эмне кыласың? ~ Исадай болуп, чөмүлтүлөсүңбү? ~ Сен аны туурашың керек, анткени Ыйык Китепте анын изи менен так жүрүшүбүз үчүн ал бизге үлгү калтырганы айтылат (1 Петир 2:21). Чөмүлтүлүү менен Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жашагың келерин көрсөтөсүң. Бирок чөмүлтүлүп коюу эле жетишсиз.

Биз Исанын айткандарынын бардыгын аткарышыбыз керек. Ал биздин «дүйнөгө таандык болбошубуз» керектигин айткан. Эгер бул дүйнөнүн иштерине катышсак, анын айткандарын аткарган болобузбу? Иса жана анын элчилери дүйнөдөн оолак болушкан (Жакан 17:14). Алар эмне иш кылышкан? ~ Башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтышкан. Бул алардын жашоосундагы негизги нерсе болчу. Биз аларды ушул жагынан туурай алабызбы? ~ Ооба, Кудайдын Падышалыгынын келиши тууралуу чын жүрөктөн тиленсек, ал жөнүндө башкаларга айтабыз.

Кудайдын Падышалыгынын келишин каалаарыбызды кантип көрсөтөбүз? Мунун жообун төмөнкү аяттардан табабыз: Матай 6:24—33; 24:14; 1 Жакан 2:15—17 жана 5:3.