Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-БӨЛҮМ

Кудай Исаны кантип коргогон?

Кудай Исаны кантип коргогон?

КИЧИНЕКЕЙЛЕРДИ жана алсыздарды коргош үчүн Жахаба кээде укмуштуудай нерселерди кылат. Сейилбакта же токойдо сейилдеп жүрүп Жахабанын ошондой камкордугунун бир түрүн көрүүгө болот. Бирок башында эмне болуп жатканын түшүнбөшүбүз мүмкүн.

Кетип баратсаң, так алдыңа чымчык конуп калат. Ал жарадар окшойт. Бир канатын кызыктай кылып сүйрөп алган. Ага жакыныраак барайын десең, ары качат. Анан күтүлбөгөн жерден учуп кетет. Көрсө, канаты эч нерсе болгон эмес турбайбы! Анда ал өзүн эмнеге жарадардай кылып көрсөткөн? ~

Көрсө, ал конгон жерге жакын бадалдын арасында балапандары бар экен. Чымчык сен аларды таап алып, аларга зыян келтирет деп корккон. Ошондуктан өзүн жарадар көрсөтүп, сени балапандарынан ары алып кеткен. Балапандарын коргогон чымчыктай болуп, бизди ким коргой аларын билесиңби? ~ Ыйык Китепте Жахаба өзүнүн балапандарына кам көргөн чоң, күчтүү канаттууга, бүркүткө, салыштырылат (Мыйзам 32:11, 12).

Бул чымчык балапандарын кантип коргоп жатат?

Иса Жахабанын эң кымбат жана сүйүктүү Уулу. Ал асманда жүргөндө Атасына окшогон күчтүү рухий жаратуу болгон. Андыктан башка бирөөнүн коргоосуна муктаж болгон эмес. Бирок жерде адам болуп төрөлгөндө ал алсыз болуп, коргоого муктаж болуп калган.

Кудайдын эркин аткаруу үчүн Иса чоңоюп, жеткилең чоң киши болушу керек эле. Муну билген Шайтан аны кичинекей кезинде эле өлтүрүүгө аракет кылган. Ыйык Китепте Жахабанын Уулун кантип коргогону тууралуу кызыктуу окуя бар. Ошону билгиң келеби? ~

Иса төрөлгөндөн көп өтпөй, Шайтан чыгышта жаркыраган жылдыз пайда кылган. Астрологдор, жылдыздарды изилдеген кишилер, ошол жылдызды ээрчип, Иерусалимди карай жүздөгөн чакырым жол жүрүшөт. Шаарга келип, жүйүттөрдүн болочок падышасы кайсы жерде төрөлөрүн сурашат. Ыйык Китепте ал жөнүндө эмне айтылганын билген кишилер: «Падыша Бетлехемде төрөлөт»,— деп жооп беришет (Матай 2:1—6).

Астрологдор Исаны тапкандан кийин, Исаны коргоо үчүн Кудай аларга кандай буйрук берген?

Иерусалимде башкарган жаман падыша, Ирод, Бетлехемде төрөлгөн жаңы падыша жөнүндө угар замат астрологдорго: «Баргыла да, баланы жакшылап издегиле. Табарыңар менен мага кабарлап койгула»,— дейт. Ирод Исаны эмне үчүн аябай тапкысы келгенин билесиңби? ~ Анткени ичи күйүп, аны өлтүргүсү келген!

Бирок Жахаба өзүнүн Уулун кантип коргогон? ~ Исаны тапкан соң астрологдор ага аябай көп белек беришет. Андан кийин Кудай аларга Иродго кайра барбоону түш аркылуу эскертет. Ошондуктан астрологдор өздөрүнүн өлкөсүнө Иерусалим аркылуу эмес, башка жол менен кетип калышат. Ирод аны билгенде аябай ачууланат. Ал Исаны ушунчалык өлтүргүсү келгендиктен Бетлехемдеги эки жашка чейинки бардык эркек балдарды өлтүрүүнү буйруйт! Бирок ал кезде Иса шаарда эмес болчу.

Исанын кандайча аман калганын билесиңби? ~ Астрологдор кетер замат, Жахаба Мариямдын күйөөсү Жусупка: «Тур, баланы алып, Мисирге кач»,— деп буйрук берет. Ал жактан Ирод Исага эч кандай зыян келтире алмак эмес. Кийинчерээк, бир нече жылдан кийин, Жусуп менен Мариям Мисирден кайтып келгенде, Кудай Жусупка дагы бир жолу эскертет. Түшүндө Жахаба ага үйбүлөсү менен Назаретке жөнөшүн айтат. Иса ошол жерде коопсуз болмок (Матай 2:7—23).

Кудай кичинекей Исаны дагы кантип коргогон?

Жахаба өзүнүн Уулун кандайча коргогонун көрдүңбү? ~ Ким чымчыктын бадалдын арасындагы балапандарына же кичинекей Исага окшош? Балким, сен окшоштурсуң? ~ Анткени сага да кимдир бирөө зыян келтиргиси келип жатат. Анын ким экенин билесиңби? ~

Ыйык Китепте Шайтандын бизди жегиси келген арылдаган арстан сыяктуу экени айтылат. Арстандар, адатта, жаныбарлардын балдарына кол салгандай эле, Шайтан менен анын жин-перилери да көпчүлүк учурда балдарга кол салышат (1 Петир 5:8). Бирок Жахаба Шайтандан күчтүү. Ал өзүнүн балдарын коргойт жана Шайтан келтирген зыянды жок кыла алат.

Ушул китептин 10-бөлүмүндө айтылгандай, Ибилис менен анын жин-перилери адамдарды эмне кылууга түртөрү эсиңдеби? ~ Ооба, алар бизди Кудай туура эмес көргөн нерсеге, тыюу салынган жыныстык катнашта болууга, азгырышат. Кимдер жыныстык катнашта боло алышат? ~ Ооба, никеде турган бөлөк жыныстагы чоң кишилер гана.

Өкүнүчтүүсү, чоң кишилердин айрымдары кичинекей балдар менен жыныстык катнашта болууну жакшы көрөт. Алар кичинекей балдар менен ушундай жаман иш кылгандан кийин, балдар да алардан үйрөнгөн жаман нерселерди кыла башташат. Ошентип, алар да өздөрүнүн жыныстык мүчөлөрүн туура эмес колдоно башташат. Мындан көп жыл мурун Содом шаарында ушундай болгон. Ыйык Китепте ал шаарда жашаган кишилердин, «жаш-карысы дебей», Лоттун коноктору менен жыныстык катнашта болууга аракет кылышканы айтылат (Башталыш 19:4, 5).

Исага коргоо керек болгондой эле, сага да сени менен жыныстык катнашта болгусу келген чоң кишилерден, атүгүл балдардан да коргоо керек. Адатта, андай кишилер достой болуп көрүнүшөт. Алар, ал эмес, сени менен кыла турган нерсесин эч кимге айтпашың үчүн, сага бир нерсе убада кылышы да ыктымал. Бирок андай кишилер, Шайтан менен анын жин-перилери сыяктуу эле, өз кызыкчылыктарын гана көздөшөт. Алар ырахат алууну гана каалашат. Ан үчүн алар балдарды ошондой жаман ишке азгырууга аракет кылышат. Андай кылуу туура эмес!

Ырахат алуу үчүн алар эмне кылышы мүмкүн экенин билесиңби? ~ Алар сенин жыныстык мүчөлөрүңдү кармалап-сылашы ыктымал. Же атүгүл өздөрүнүн жыныстык мүчөлөрүн сеникине тийгизиши мүмкүн. Бирок сен жыныстык мүчөлөрүң менен ойноого эч кимге жол бербешиң керек. Эч кимге, байкеңе да, эжеңе да, ал эмес, ата-энеңе да андай кылууга жол бербе!

Эгер кимдир бирөө жыныстык мүчөлөрүңө тийгени жатса, эмне дешиң жана эмне кылышың керек?

Бирок бузулган кишилерден кантип коргоно аласың? ~ Жыныстык мүчөлөрүң менен ойноого эч кимге жол бербе. Эгерде кимдир бирөө ошентүүгө аракет кылса, чечкиндүү түрдө, катуу: «Жолобо! Айтам сени!» — деп айт. Бирок ал киши буга сени күнөөлөсө, ишенбе, анткени ал калп! Бар дагы, ал жөнүндө, ал ким болбосун, баарын айт! Ал: «Эч кимге айтпай эле кой»,— деп суранса да, айт. Андай киши сени коркутушу же тескерисинче, аябай сонун белек берерин айтышы мүмкүн. Бирок андан токтоосуз түрдө кетишиң жана ал жөнүндө баарын айтышың керек.

Коркуунун кереги жок, болгону, сак болушуң керек. Ата-энең жаман кишилерден, кооптуу жерлерден абайлашың керектигин айтканда, аларды сөзсүз угушуң зарыл. Эгерде тил алчаак болсоң, жаман кишилер сага зыян келтире албайт.

Тыюу салынган жыныстык катнаштан кантип коргонуу керектиги тууралуу окуп көр: Башталыш 39:7—12; Накыл сөздөр 4:14—16; 14:15, 16; 1 Корунттуктар 6:18 жана 2 Петир 2:14.