Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-БӨЛҮМ

Жахаба менен Исанын кылганын эскерүү

Жахаба менен Исанын кылганын эскерүү

САГА кимдир бирөө аябай сонун белек берсе, эмне кылат элең? ~ Белек берген кишиге ырахмат айтып, андан кийин аны унутуп калат белең? Же ошол кишини жана анын эмне кылганын эстеп жүрөт белең? ~

Жахаба Кудай бизге эң сонун белек берген. Ал өзүнүн Уулун, биз үчүн өлүшү үчүн, жерге жиберген. Исанын эмнеге биз үчүн өлүшү керек болгонун билесиңби? ~ Бул суроого жооп алуу абдан маанилүү.

23-бөлүмдөн Адам ата Кудайдын жеткилең мыйзамын бузуп, күнөө кетиргенин билгенбиз. Адам атадан, адамзаттын атасынан, баарыбызга күнөө өткөн. Күнөөнү кантип жок кылса болот? ~ Каймана мааниде айтканда, бизге өмүр бою жеткилең бойдон кала турган башка ата керек. Кандай деп ойлойсуң, бизге ким ошондой ата боло алат? ~ Албетте, Иса.

Жахаба Исаны бизге Адам атанын ордуна ата болушу үчүн жерге жөнөткөн. Ыйык Китепте: «„Биринчи киши Адам тирүү жан болуп калды“. Ал эми акыркы Адам өмүр берүүчү рух болуп калды»,— делет. Биринчи Адам ким болгон? ~ Кудай топурактан жараткан эң биринчи киши. Ал эми экинчи Адам деген ким? ~ Иса. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Биринчи адам [Адам ата] жерден; ал топурактан жаратылган, ал эми экинчи адам [Иса] асмандан»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:45, 47; Башталыш 2:7).

Кудай Исанын өмүрүн Мариямдын ичине көчүргөндүктөн, Исага Адам атанын күнөөсү тукум кууп өткөн эмес. Иса жеткилең болуп төрөлгөн (Лука 1:30—35). Ошондуктан ал төрөлгөндө, периште койчуларга: «Силерге Куткаруучу төрөлдү»,— деген (Лука 2:11). Бирок кичинекей Иса Куткаруучу болушу үчүн эмне кылышы керек эле? ~ Ооба, ал чоңоюп, Адам атадай чоң киши болушу керек болчу. Ошондо Иса экинчи Адам боло алмак.

Куткаруучубуз Иса бизге «Түбөлүк Ата» болот. Ал жөнүндө да Ыйык Китепте айтылат (Ышайа 9:6, 7). Ооба, күнөө кетирип, жеткилеңсиз болуп калган Адам атанын ордуна бизге жеткилең Иса ата боло алат. Ошентип, экинчи Адамды ата кылып алсак болот. Албетте, Исанын да атасы бар. Анын Атасы — Жахаба Кудай.

Адам ата менен Иса кайсы жагынан бирдей болушкан жана бул эмне үчүн маанилүү?

Иса биздин Куткаруучубуз болушу үчүн, аны жакшыраак билишибиз керек. Бизди эмнеден куткаруу керек экени эсиңдеби? ~ Ооба, Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн. Исанын биз үчүн курмандыкка берген жеткилең өмүрү кун деп аталат. Кундун негизинде Жахаба биздин күнөөлөрүбүздү кечирет (Матай 20:28; Римдиктер 5:8; 6:23).

Биз Кудайдын жана анын Уулунун биз үчүн эмне кылганын дайыма эстеп жүрүүнү каалайбыз, чынбы? ~ Иса жолдоочуларына өзүнүн эмне кылганын эскерип жүрүү үчүн өзгөчө бир нерсе кылууну айткан. Кел, ал эмне экенин билели.

Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө отурганыңды элестетсең. Кеч кирип калган. Иса элчилери менен дасторкондун үстүндө отурат. Дасторкондо отко какталып бышырылган козунун эти, нан жана кызыл шарап турат. Ал — өзгөчө кечки тамак. Иса ал кечки тамакты эмне үчүн уюштурганын билесиңби? ~

Ал кечки тамак ысрайыл эли Мисирде кулчулукта жүргөндө Жахабанын эмне кылганын эскерүү болуп саналган. Ошондо Жахаба өз элине: «Ар бир үйбүлө бирден козу сойсун жана анын канын үйүнүн эшигинин кашегине сыйпасын»,— деп буйрук берген. Андан кийин: «Үйүңөргө кирип, козуну жегиле»,— деп кошумчалаган.

Ысрайылдыктар так ошондой кылышкан. Ошол түнү Кудайдын периштеси Мисир жерин кыдырып, көпчүлүк үйбүлөлөрдүн тунгучтарын өлтүргөн. Бирок эшигинин кашегине козунун каны сыйпалган үйлөрдө бир да бала өлгөн эмес. Кудайдын периштеси андай үйлөрдүн жанынан кыя өтүп кеткен. Фараон, Мисирдин падышасы, абдан корккондуктан ысрайылдыктарга: «Силерди коё берем! Мисирден кеткиле!» — деген. Ошондо ысрайылдыктар буюмдарын эшектер менен төөлөргө артып, жолго чыгышкан.

Козунун каны ысрайыл элин кандайча сактап калган?

Жахаба өз элинин анын аларды куткарганын дайыма эстеп жүрүшүн каалаган. Ошондуктан: «Бүгүнкүдөй кечки тамакты жыл сайын кылгыла»,— деген. Алар ошол өзгөчө кечки тамакты Пасах деп аташкан. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ «Пасах» деген сөз түзмө-түз «кыя өтүү» дегенди билдирет. Анткени Кудайдын периштеси ошол түнү эшиктин кашегине кан сыйпалган үйлөрдөн кыя өткөн (Чыгуу 12:1—13, 24—27, 31).

Иса жана анын элчилери ошол кечки тамакты жеп жатышканда ушулар тууралуу ойлонушат. Андан соң Иса абдан маанилүү бир нерсе кылат. Ошол учурда Жүйүт Искариот кетип калган болчу. Иса нанды алып, тиленип, аны сындырат да, шакирттерине: «Алгыла, жегиле»,— дейт. Анан: «Бул нан мен өлгөндө силер үчүн бериле турган менин денемди билдирет»,— деп кошумчалайт.

Андан соң кызыл шарап куюлган чөйчөктү алып, Кудайга дагы бир жолу ыраазычылык билдирет да, элчилерине: «Мындан баарыңар ичкиле»,— дейт. Анын маанисин мындай деп түшүндүрөт: «Бул шарап силер үчүн төгүлүп, күнөөлөрүңөрдөн арылта турган канымды билдирет. Муну мени эскерүү үчүн кылгыла» (Матай 26:26—28; 1 Корунттуктар 11:23—26).

Исанын шарапка салыштырылган каны биз үчүн эмнени билдирет?

Иса бул сөздөрдү шакирттерине аны эскерүү үчүн кылуу керек экенин айтканын байкадыңбы? ~ Мындан ары Пасахты майрамдоонун кереги жок болуп калган. Анын ордуна, алар жылына бир жолу Исаны жана анын өлүмүн эскерүү үчүн ушундай өзгөчө кечки тамакка чогулуп турушу керек эле. Ал Мырзабыздын кечки тамагы деп аталат. Бүгүн аны биз Эскерүү кечеси деп да атайбыз. Эмне үчүн? ~ Анткени ал кечки тамак Иса менен анын Атасы Жахаба Кудайдын биз үчүн эмне кылганын эсибизге салып турат.

Нан Машаяктын денесин эске салат. Биз түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн, Иса өз өмүрүн даярдуулук менен берген. Ал эми кызыл шарапчы? ~ Ал Исанын баалуу канын эсибизге салып турушу керек. Анын каны Мисирде союлган козунун канынан алда канча баалуу. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Ыйык Китепте Исанын каны аркылуу күнөөлөр кечирилери айтылат. Ал эми күнөөдөн арылгандан кийин эч качан оорубайбыз, карыбайбыз жана өлбөйбүз. Эскерүү кечесине барганда ушу жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү.

Эскерүү кечесине катышкандардын бардыгы нан менен шараптан ооз тийиши керекпи? ~ Ооз тие тургандарга Иса: «Силер падышалыгымда мени менен болосуңар жана тактыларга отуруп, жанымда болосуңар»,— деген (Лука 22:19, 20, 30). Ооба, ооз тийгендер асманда Иса менен бирге падышалык кылышат. Демек, Эскерүү кечесинде нан менен шараптан Иса менен асманда бийлик кылууга үмүттөнгөндөр гана ооз тийишет.

Бирок Эскерүү кечесине символдордон ооз тийбегендер да барышы керек. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени Иса өмүрүн бардыгыбыз үчүн берген. Эскерүүгө баруу менен Кудайдын бизге кандай сонун белек бергенин унутпаганыбызды көрсөтөбүз.

Бул аяттарда Исанын куну канчалык баалуу экени көрсөтүлгөн: 1 Корунттуктар 5:7; Эфестиктер 1:7; 1 Тиметей 2:5, 6 жана 1 Петир 1:18, 19.