Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-БӨЛҮМ

Эмне үчүн иштеш керек?

Эмне үчүн иштеш керек?

САГА эмне көбүрөөк жагат: ойногонбу же иштегенби? ~ Ойногондун эч кандай деле жаман жери жок. Ыйык Китепте Иерусалимдин «көчөлөрү ойноп жүргөн жаш балдар менен жаш кыздарга толгону» айтылган (Захария 8:5).

Улуу Окутуучу балдардын ойногонун караганды жакшы көрчү. Жерге келгенге чейин ал: «Мен Анын [Кудайдын] жанында сүрөтчү [чебер жардамчы] болчумун... Анын алдында ар дайым кубанып турчумун»,— деген. Исанын асманда Жахабанын жакшы жумушчусу же «чебер жардамчысы» болгонун байкасаң. Ал ошондой эле: «Менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон»,— деп айткан. Ооба, буга чейин билгенибиздей, Улуу Окутуучу чоңдорго, ошондой эле балдарга да чындап көңүл бөлгөн (Накыл сөздөр 8:30, 31).

Иса асманда жашап жүргөндө эмнеден кубаныч алган?

Кандай деп ойлойсуң, Иса кичинекей кезинде ойногонбу? ~ Ойносо керек. Ал асманда жакшы жумушчу болгон, ал эми жерде жүргөндө иштеди беле? ~ Иса «жыгач устанын уулу» деп аталган. Андан сырткары, анын өзүн да «жыгач уста» деп аташкан. Бул эмнени көрсөтүп турат? ~ Исаны өзүнүн баласындай кылып баккан Жусуп, аны жыгач устачылыкка үйрөткөн болушу керек. Ошондуктан Иса да жыгач уста болгон (Матай 13:55; Марк 6:3).

Ал кандай уста болгон? ~ Эгер ал асманда жүргөндө Кудайдын чебер жардамчысы болсо, жерде жүргөндө да чебер уста болсо керек, чынбы? ~ Бирок ошол учурда жыгач устачылык кылуу оңой эмес болчу. Иса токойго барып, бак кыйып, аны бөлүп, өзү көтөрүп келсе керек. Анан ошондон үстөл, отургуч жана башка көптөгөн нерселерди жасашы керек эле.

Кандай деп ойлойсуң, Иса устачылыкты жакшы көрчү беле? ~ Ал эми сага башкаларга үстөл, отургуч жасап берүү жагат беле? ~ Ыйык Китепте адамдын «өз иштери менен ыракаттанганы» жакшы экени айтылат. Эмгектенүүдөн оюн менен көңүл ачуудан ала албаган өзгөчө кубаныч алууга болот (Насаатчы 3:22).

Иштөө мээге да, денеге да пайдалуу. Көпчүлүк балдар телевизор көрүп же видеооюндарды ойноп эле отурушат. Ошондуктан алар бат эле толуп кетишет, анан алсыз болуп калышат. Аларды чындап бактылуу деп айтууга болбойт. Алар башкаларды да бактылуу кыла алышпайт. Бирок канткенде бактылуу болууга болот? ~

Ушул китептин 17-бөлүмүнөн башкаларга бергенде жана көмөк кылганда бактылуу боло аларыбыз тууралуу билгенбиз (Элчилер 20:35). Ыйык Китепте Жахаба «бактылуу Кудай» делет (1 Тиметей 1:11). Накыл сөздөр китебинен Исанын Жахабанын «алдында ар дайым кубанып турганы» жөнүндө окудук. Иса эмне үчүн бактылуу болгон? ~ Ал: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам» — деп, анын бир себебин айткан (Жакан 5:17).

Иса өмүр бою эле устачылык менен алектенген эмес. Жахаба аны жерде өзгөчө тапшырма аткарууга дайындаган. Кандай тапшырма экенин билесиңби? ~ Иса: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Ал кабар айтып жүргөндө, кээ бир кишилер ага ишенип, бул сүрөттөгү самариялык аялга окшоп, анын сөздөрүн башкаларга айтышкан (Жакан 4:7—15, 27—30).

Иса жерде жүргөндө эмне иш кылган?

Иса ал тапшырмага кандай караган? Аны аткаруу ага жакканбы? ~ Ал: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деген (Жакан 4:34). Жакшы көргөн тамагыңды жегенде кубанасыңбы? ~ Бул сага Исанын Кудай ага тапшырган ишти канчалык жакшы көргөнүн түшүнүүгө жардам берет.

Кудай бизди иштегенди үйрөнүп, бактылуу боло алгыдай кылып жараткан. Ал «эмгектин үзүрүн көрүү» белек экенин айткан. Ошондуктан бала кезиңден эле иштегенге үйрөнсөң, жашооң кызыктуу болот (Насаатчы 5:18).

Бул балдар чоңдордун жумушун кылышы керек дегенди билдирбейт. Бирок балдар да иштей алат. Ата-энең үйбүлөңөрдүн жашай турган жери болушуна кам көрөт жана үйбүлөңөрдү багуу үчүн күнүгө иштейт. Үй иштерине да көп күч талап кылынарын билет чыгарсың. Анткени үйдү таза кармоо оңой эмес.

Үйүңдөгүлөргө кантип жардам бере аласың? ~ Маселен, дасторкон даярдап, идиш-аяк жууп, таштанды чыгарып, өзүңдүн бөлмөңдү жыйнап жана оюнчуктарды ордуна коюп жардам берсең болот. Булардын айрымдарын кылып жүргөндүрсүң. Бул үйбүлөң үчүн чоң жардам болуп эсептелет.

Оюнчуктарды ордуна коюу эмне үчүн маанилүү?

Кел, мындай жумуш эмне үчүн пайдалуу экенин карап көрөлү. Ойноп бүткөндөн кийин оюнчуктарыңды ордуна коюшуң керек. Кандай деп ойлойсуң, бул эмне үчүн маанилүү? ~ Ошондо үй чачык болбойт. Андан сырткары, бөөдө кырсыктан да сактайт. Оюнчуктарыңды ордуна койбосоң, эмне болушу мүмкүн экени жөнүндө ойлонуп көрсөң. Апаң бөлмөгө киргенде аларга чалынып кетиши мүмкүн. Ал эми колунда бир нерсе бар болсо, жыгылып, бир жерин катуу оорутуп алышы да ыктымал. Атүгүл аны доктурга алып барууга да туура келиши мүмкүн. Эгер ошондой болсо, кандай гана жаман болмок, ээ? ~ Оюнчуктарды ордуна коюунун канчалык маанилүү экенин эми түшүндүң болуш керек.

Балдар дагы кантип эмгектене алышат? Мектепте окуп. Мектептен окуганды үйрөнөсүң. Айрым балдар окуганды жакшы көрүшсө, кээ бирлери үчүн бул оор. Бирок окуган башында кыйындай сезилсе да, жакшы окуганды үйрөнгөнүңө кийин кубанасың. Окуганды үйрөнсөң, канчалаган кызыктуу көп нерселерди билериңди элестетсең! Мисалы, Кудайдын Сөзүн, Ыйык Китепти, өзүң окуй аласың. Ошондуктан мектепте жакшы окусаң, көптөгөн пайдаларды аласың, туурабы? ~

Кээ бирөөлөр жалкоолонуп, иштегенден качышат. Ошондой кишилерди билет чыгарсың. Бирок Кудай бизди иштей алгыдай кылып жараткандыктан, эмгекти сүйүүгө үйрөнүшүбүз керек. Улуу Окутуучунун иштегенди канчалык жакшы көргөнү эсиңдеби? ~ Жумуш ал үчүн даамдуу тамактай болгон. Ал эмне иш кылган? ~ Ал башкаларга Жахаба Кудай жөнүндө жана түбөлүк өмүргө кантип ээ болуу керектиги тууралуу айткан.

Эмгекти сүйүүгө бизге эмне жардам берет? Өзүңдөн: «Бул жумушту эмне үчүн кылышым керек?» — деп сурап көр. Анткени кандайдыр бир ишти эмне үчүн кылып жатканыңды билсең, аны аткаруу алда канча жеңилирээк болот. Жумуш чоң болобу, кичине болобу, аны жакшы аткарганга аракет кыл. Ошондо, Улуу Окутуучудай болуп, кылган ишиңден ырахат аласың.

Ыйык Китеп эмгекчил болууга жардам берет. Накыл сөздөр 10:4; 22:29; Насаатчы 3:12, 13 жана Колосалыктар 3:23тү окуп көр.