Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Иса эмне үчүн Улуу Окутуучу болгон?

Иса эмне үчүн Улуу Окутуучу болгон?

МЫНДАН эки миңден ашуун жыл мурун өзгөчө бир бала төрөлгөн. Ал чоңойгондон кийин тарыхтагы эң улуу адам болгон. Ошол убакта самолёттор да, машинелер да болгон эмес. Ошондой эле телевизорлор, компьютерлер жана Интернет да жок болчу.

Аны Иса деп аташкан. Ал дүйнөдөгү эң акылдуу киши болгон. Иса эң мыкты окутуучу да болгон. Ал оор суроолорго жөнөкөй жана түшүнүктүү жооп бере алган.

Иса элди ар кайсы жерлерде, мисалы, деңиздин жээгинде, кайыкта, үйдө жана жолдо окуткан. Анын машинеси жок болчу жана ал автобус, поезд менен жүргөн эмес. Ал элди жөө жүрүп окуткан.

Биз башкалардан көп нерселерге үйрөнө алабыз. Бирок эң маанилүү нерсеге Улуу Окутуучудан, Исадан, гана үйрөнөбүз. Анын сөздөрү Ыйык Китепте жазылган. Ошол сөздөрдү окуганыбызда Иса бизге сүйлөп жаткандай болот.

Иса эмне үчүн Улуу Окутуучу болгон? Анткени аны да бирөө окуткан. Ошондуктан ал угуу аябай маанилүү экенин билген. Ал кимди уккан? Анын окутуучусу ким болгон? ~ Атасы. Ал эми Исанын Атасы — Кудай.

Иса адам болуп жерге келгенге чейин Атасы менен асманда жашаган. Ал башка кишилерден ушунусу менен айырмаланган. Анткени төрөлгүчө эч ким андай болуп асманда жашаган эмес. Ал жакшы Уул болгон жана Атасын уккан. Ошондуктан Атасынан үйрөнгөндөрүн башкаларга айтып бере алган. Сен да атаң менен апаңды уксаң, Исаны туураган болосуң.

Исанын эмне үчүн Улуу Окутуучу болгонунун дагы бир себеби бар — ал адамдарды жакшы көргөн. Ал адамдарга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүүнү каалаган. Иса чоңдорду да, балдарды да жакшы көргөн. Балдар Иса менен бирге болууну жакшы көрүшчү, анткени ал алар менен сүйлөшүп, аларды укчу.

Кичинекей балдар Иса менен бирге болууну эмне үчүн жакшы көрүшчү?

Бир жолу ата-энелер кичинекей балдарын Исага алып келишет. Бирок анын достору Улуу Окутуучунун балдар менен сүйлөшкүдөй убактысы жок деп ойлошот. Анан алардан кетүүсүн суранышат. Буга Иса кандай караган? ~ Ал: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла»,— деген. Иса кичинекей балдар менен сүйлөшүүнү каалачу. Ал аябай акылман жана элге таанымал болсо да, балдарды окутууга убакыт бөлгөн (Марк 10:13, 14).

Иса балдарды эмне үчүн окутканын жана укканын билесиңби? Анткени ал балдардын бактылуу болушун каалаган. Ал ошол себептен аларга Кудай жөнүндө, өзүнүн асмандагы Атасы жөнүндө, айтып берчү. А сенчи, башкаларды кантип бактылуу кыла аласың? ~ Аларга Кудай жөнүндө билгендериңди айтып бер.

Бир жолу Иса досторун маанилүү нерсеге үйрөтүү үчүн кичинекей баланы мисал кылган. Ал бир кичинекей баланы чакырып, досторунун ортосуна тургузган. Анан аларга өзгөрүлүп, ошол кичинекей баладай болушу керектигин айткан.

Чоң кишилер менен чоңураак балдар кичинекей балдардан эмнеге үйрөнө алышат?

Иса досторун эмнеге үйрөткүсү келген? Чоң кишилер, ал эмес, чоңураак балдар кандайча кичинекей балдардай болушу керек? ~ Кичинекей балдар чоңдорго караганда аз билгендиктен дайыма үйрөнүүгө даяр. Иса шакирттерине кичинекей балдарга окшоп момун болуунун маанилүү экенин түшүндүргүсү келген. Ооба, биз башкалардан көп нерселерге үйрөнө алабыз. Ошондой эле Исанын окуткандары өзүбүздүн оюбуздан алда канча маанилүү экенин түшүнүшүбүз зарыл (Матай 18:1—5).

Иса бир нерселерди кызыктуу кылып айтып бере алгандыктан да Улуу Окутуучу болгон. Ал жөнөкөй жана түшүнүктүү сүйлөгөн. Адамдарга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүү үчүн канаттуулар, гүлдөр жана алар жакшы билген дагы көп нерселер тууралуу айткан.

Бир жолу Иса тоонун этегинде отурганда, ага көптөгөн кишилер келет. Ошондо ал баяндама сүйлөйт. Аны сүрөттөн көрсөң болот. Исанын ошол баяндамасы Тоодогу насаат деп аталат. Ал: «Көктө учкан канаттууларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!» — дейт.

Иса канаттуулар менен гүлдөрдү мисал кылып, бизди эмнеге үйрөткүсү келген?

Анан мындай деп кошумчалайт: «Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес. Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун?» (Матай 6:25—33).

Исанын эмнеге үйрөткүсү келгенин түшүндүңбү? ~ Ал эмне жейбиз, эмне киебиз деп тынчсызданбашыбызды каалаган. Бизге ушунун баары керек экенин Кудай билет. Иса иштебей эле койсо болорун айткысы келген эмес. Ал жашообузда биринчи орунда Кудай турушу керектигин айткан. Эгер Кудайдын ишин биринчи орунга койсок, ал бизди тамак-ашсыз, кийимсиз калтырбайт. Сен ушуга ишенесиңби? ~

Исанын сөздөрү элге кандай таасир эткен? ~ Ыйык Китепте Исанын окутканына элдин таң калганы айтылат. Эл аны абдан кызыгып уккан. Анын айткандары аларга туура иш кылууга жардам берген (Матай 7:28).

Ооба, Исаны угуп, андан үйрөнүү абдан маанилүү. Бирок аны кантип уга алабыз? ~ Анын сөздөрү китепте жазылган. Кайсы китепте экенин билесиңби? ~ Ыйык Китепте. Аны кунт коюп окуу менен Исаны уга алабыз. Исаны угушубуз керектигин Кудай өзү айткан. Ал кызыктуу окуя Ыйык Китепте жазылган. Кел анда, ошол окуянын кандайча болгонун карап көрөлү.

Бир жолу Иса Жакып, Жакан жана Петир деген үч досу менен тоого чыгат. Ал кишилер тууралуу кийинчерээк көбүрөөк билебиз. Анткени алар Исанын жакын досторунан болгон. Алар тоого чыкканда, аябай таң калыштуу окуя болот. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Исанын бети капысынан эле күндөй болуп жаркырап, кийими болсо апапакай болуп калат.

«Бул — менин сүйүктүү Уулум... Аны уккула»

Анан Иса жана анын достору асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм. Аны уккула»,— деген үн угушат (Матай 17:1—5). Асмандан ким сүйлөгөнүн билесиңби? ~ Кудай. Ооба, аларга Уулун угуу керектигин Кудай өзү айткан.

А бизчи? Кудайдын тилин алып, анын Уулун, Улуу Окутуучуну, угабызбы? ~ Баарыбыз угушубуз керек. Исаны кантип уга аларыбыз эсиңдеби? ~

Ооба, Кудайдын Уулу Исаны Ыйык Китептен анын жашоосу тууралуу окуп, уга алабыз. Улуу Окутуучу бизге кандай гана кызыктуу нерселерди айтып бере алат! Ыйык Китепте жазылгандарды билүү сага кубаныч тартуулайт. Ал эми билгендериңди досторуңа айтып берсең, азыркыдан да бактылуу болосуң.

Исаны угуу канчалык пайдалуу экенине ынануу үчүн Ыйык Китебиңден Жакан 3:16; 8:28—30 жана Элчилер 4:12ни ачып окуп көр.