Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Алла-тааланын пайгамбарларга айткан сөзү

Алла-тааланын пайгамбарларга айткан сөзү

БАЙЫРКЫ убакта жашаган пайгамбарлар Кудайга бекем ишенишкен. Алар анын убадаларынын аткарыларынан эч күмөн санашпагандыктан, Кудайдын айтканы боюнча жашашкан. Кудай кандай убадаларды берген?

Эйден багында Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин албай ага каршы чыгышканда, Кудай дароо эле «байыркы жыландын», тактап айтканда, «Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаардын» башын жанчып, биротоло жок кыла турган «тукумдун» келерин убада кылган (Башталыш 3:14, 15; Аян 12:9, 12). Ошол «тукум» ким болмок?

Ушул сөздөр айтылгандан 2 000 жылдай убакыт өткөндөн кийин Кудай Ыбрайым пайгамбарга келе турган «тукум» анын урпактарынан чыгарын айткан. Кудай ага: «Тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»,— деген (Башталыш 22:18).

Биздин заманга чейин 1473-жылы Алла-таала Муса пайгамбарга келе турган «тукум» жөнүндө көбүрөөк ачып берген. Муса Ыбрайым пайгамбардын урпактары болгон ысрайыл элине: «Жахаба Кудайың сага элиңдин арасынан, бир туугандарыңдын арасынан, мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт, ошону уккула»,— деп айткан (Мыйзам 18:15). Ооба, келе турган «тукум» Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан төрөлүп, Мусадай болгон пайгамбар болмок.

Ошол пайгамбар Дөөтү падышанын тукумунан чыгып, улуу падыша болмок. Кудай Дөөтү падышага: «Сенин ордуңа сенден төрөлгөн тукумуңду коюп, анын... падышалык тагын түбөлүккө бекем кылам»,— деп убада берген (2 Шемуел 7:12, 13). Ошондой эле Кудай Дөөтү падышанын урпактарынан төрөлө турган «тукумдун» «Тынчтык төрөсү» деп аталарын айтып, андан ары мындай деген: «Анын бийлиги кеңири жайылып, Дөөтүнүн тактысында жана падышалыгында тынчтык чексиз болот. Ал падышалык бекем орнотулуп, азыр да, түбөлүк да акыйкаттык, адилдик менен чыңдала берет» (Ышая 9:6, 7). Кудай пайгамбарга айткандай, ошол адил Падыша бүт жер жүзүнө тынчтык менен адилеттикти орнотмок. Бирок убадаланган «тукум» качан келмек?

Убадаланган «тукум»... Ыбрайымдын урпактарынан чыкмак, Мусадай болгон пайгамбар болмок, Дөөтү падышанын тукумунан чыкмак, б.з. 29-жылы келмек, жыланды, Шайтанды, жок кылмак

Кийинчерээк Жебирейил периште Даниел пайгамбарга: «Эмесе, билип, түшүнүп ал: Иерусалимди калыбына келтирүүгө, кайра курууга буйрук берилгенден Машаяк Жол башчы келгенге чейин жети жума жана алтымыш эки жума өтөт»,— деген (Даниел 9:25). Жебирейил периште айткан 69 жуманын ар бири 7 жылдан турган, башкача айтканда, 69 жума 483 жылды түзгөн. Ал мезгил б.з.ч. 455-жылы башталып б.з. 29-жылы аяктаган *.

Көптөр күтүп келген Мусадай болгон пайгамбар, тагыраак айтканда, Машаяк чын эле б.з. 29-жылы келгенби? Келгиле анда, ушул суроого жооп алалы.

^ Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 255-бетиндеги 2-тиркемени карагыла.