Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Алла-таала тууралуу эмнелерди билишибиз керек?

Алла-таала тууралуу эмнелерди билишибиз керек?

АДАМДАР ар кандай кудайларга сыйынышат. Бирок Ыйык Китепте бир эле чыныгы Кудай бар экени айтылат. Ал — теңдешсиз, эң жогорку жана түбөлүктүү Кудай. Ошондой эле ал адамдарга өмүр берип, асмандагынын, жердегинин баарын жараткан. Андыктан бир гана ошол Кудайга сыйынышыбыз керек.

Кудай мыйзамын Муса пайгамбарга «периштелер аркылуу» берген

Алла-тааланын наамы көп, бирок бир эле ысмы бар. Анын ысмы — ЖАХАБА. Ал Муса пайгамбарга: «Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге ата-бабаларыңардын Кудайы, Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы, Жакыптын Кудайы Жахаба жиберди“,— деп айт. Бул — менин түбөлүккө калчу ысмым, муундан муунга ушул ысмым менен эсте калам»,— деп айткан (Чыгуу 3:15). Жахаба деген ысым Ыйык Китепте 7 000дей жолу кездешет. 83-забурдун 18-аятында Алла-таала жөнүндө: «Сенин ысмың Жахаба экенин, Жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп жазылган.

Кудайдын ысмы жазылган Жансыз деңиз түрмөктөрүнүн үзүндүсү

Кудайды бир да адам көргөн эмес. Ал Муса пайгамбарга: «Сен менин жүзүмдү көрө албайсың, анткени менин жүзүмдү көргөн бир да киши тирүү калбайт»,— деп айткан (Чыгуу 33:20). Кудай асманда жашайт, аны бир да адам көрө албайт. Андыктан Кудайдын сүрөтүн тартуу, айкелин жасоо же ошо сыяктуу нерселерге сыйынуу туура эмес. Жахаба Кудай Муса пайгамбар аркылуу мындай буйрук берген: «Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба да, кызмат кылба, анткени мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын» (Чыгуу 20:2—5). Кийинчерээк дагы бир пайгамбарга: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм»,— деп жаздырган (Ышая 42:8).

Көптөр Кудайга ишенишет, бирок ал жөнүндө билүү, аны менен жакын мамиле түзүү мүмкүн эмес деп ойлошот. Дагы башкалар болсо Алла-тааланы сүйгөндүктөн эмес, андан корккондуктан ага сыйынышат. Кандай деп ойлойсуңар, Кудай ар бир адамга жекече кам көрөбү? Кудай жөнүндө көбүрөөк билип, ага жакындоо мүмкүнбү? Келгиле эмесе, Кудайдын сапаттары жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылганына токтололу.