10-БӨЛҮМ
Кудайга ишенгендердин душманы
ЖАХАБА КУДАЙ жерди жарата электен мурун эле периштелерди жараткан. Кийинчерээк бир периште Кудайдай болгусу келип, бардыгынын ага сыйынышын көксөй баштаган. Ал ушул максатына жетүүнү көздөп, Алла-таалага каршы чыккандыктан Шайтан болуп калган. Шайтан деген сөз «Душман» дегенди билдирет. Шайтан Кудайга кантип каршы чыккан?
Шайтан жылан аркылуу сүйлөп, Обо энени азгырган. Ал кууланып, Обо энеге Алла-таала Эйден багынын ортосундагы дарактын жемишинен жегенге тыюу салуу менен силерден жакшы бир нерсени жашырып жатат дегендей сөздөрдү айткан. Шайтан: «Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген. Ал ушундайча Кудайды жалганчы деп айтууга батынып, Обо энеге Алла-таалага баш ийбей өзүңөр каалагандай жашасаңар жакшы болот деген ойду кыйытып айткан. (Башталыш 3:5). Обо эне Шайтанга ишенип, Кудайдын мыйзамын бузган. Анан Адам атаны да ошондой кылууга түрткөн. Шайтан ошондон тартып Кудайга чындап ишенгендердин душманы болуп келет. Ал бүгүнкү күндө да Кудайдан корккон адамдарды ак жолдон тайдырганга аракет кылат. Ал кандай ыкмаларды колдонот?
Жалган диндин таралышы
Шайтан Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан болгон ысрайыл элин туура жолдон адаштырыш үчүн буркандарга сыйынууну, адамдар ойлоп чыгарган каада-салттарды жайылткан. Иса Машаяк ысрайыл элинин дин кызматчыларынын Кудайга сыйынганы куру бекер экенин айткан, анткени алар «адамдардын осуяттарын Кудайдын окууларындай кылып үйрөтүшкөн» (Матай 15:9). Ал эл Иса Машаякты кабыл албай койгондон кийин Кудайдын эли болбой калган. Иса пайгамбар аларга: «Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деген (Матай 21:43). Ошентип, Иса пайгамбардын жолун жолдогондор Кудайдын эли болуп калган.
Шайтан Иса пайгамбардын жолун жолдогондорду да адаштырууга бүт күчүн жумшаган. Анын арам ою ишке ашканбы? Иса пайгамбар айткан бир мисалдан бул суроого жооп алууга болот. Ал мисалда бир киши талаасына жакшы үрөн себет. Анан душманы келип, буудайдын арасына отоо чөптүн уругун сээп кетет. Оруп-жыюу маалы келгенге чейин буудай да, отоо чөп да өсө берет. Андан соң отоо чөптөрдү жулуп, боо-боо кылып байлап өрттөп жиберишет. Буудайды болсо кожоюндун кампасына жыйнашат.
Иса пайгамбар шакирттерине бул мисалдын маанисин түшүндүрүп берип, «үрөн сепкен киши» өзү экенин айткан. Андан ары сөзүн улап: «Жакшы үрөндөр — Падышалыктын уулдары, ал эми отоо чөптөр — кара өзгөйдүн уулдары. Отоо чөптөрдү сепкен душман — Ибилис. Орок маалы — бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени, орокчулар болсо периштелер»,— деген (Матай 13:38, 39). Ал шакирттерин буудайга салыштырган. Бирок Шайтан алардын арасына жалган шакирттерди, отоо чөптөргө окшогон адамдарды, «сепкен». Иса пайгамбар алдын ала айткандай эле, ал өлгөндөн бир нече кылым өткөндөн кийин жалган шакирттер пайда болгон. Ошондон тартып үчилтик кудай (Троица) деген сыяктуу жалган окуулар тарай баштаган. Жалган шакирттер буркандарга сыйынып, саясатка аралаша башташкан. Бирок Иса пайгамбардын жолун жолдоп, туура иш кылган адамдар да болгон.
Кудайга чындап ишенгендер
Иса пайгамбар айткандай, жакында периштелер отоо чөпкө салыштырылган адамдарды жок кылыш үчүн аларды буудайга салыштырылгандардан ажыратып бөлөт. Ошондо кимдердин Кудайга чындап ишенери аттын кашкасындай белгилүү болот. Акырында Кудайга ишенгендердин душманы болгон Шайтан Ибилис да жок кылынат. Ооба, Кудайдын жолунда жүргөндөр каардуу душмандан биротоло кутулушат!
Кудайга чындап ишенгендерди кантип аныктаса болот? Бул суроонун жообун кийинки бөлүмдөн биле аласыңар.