11-БӨЛҮМ
Кудайга чындап ишенгендерди кантип аныктаса болот?
КӨПТӨР Кудайга ишенем деп ырасташат. Бирок Иса пайгамбар Кудайга чындап ишенгендер салыштырмалуу аз болорун айткан. Ал: «Чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз»,— деген (Матай 7:13, 14).
Бүгүнкү күндө Кудайга чындап ишенгендерди кантип аныктаса болот? Иса пайгамбар: «Аларды иштеринен билесиңер... ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет»,— деп айткан (Матай 7:16, 17). Демек, Алла-таалага чындап ишенген адамдарды «жакшы жемиштеринен», башкача айтканда, жакшы иштеринен билсек болот. Андай адамдар Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүшөт. Келгиле анда, алар кандай сапаттарды чагылдырарына токтололу.
Күчүн кыянат колдонушпайт
Кудайга чындап ишенгендер күчүн, бийлигин Кудайды даңктаганга жана башкаларга кам көргөнгө колдонушат. Иса Машаяк: «Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун»,— деген (Марк 10:43). Ошондой эле үйдө болобу, сыртта болобу, башкаларга катаал мамиле кылышпайт. Зайыптарына назик мамиле кылып, аларды урматтап-сыйлашат жана кам көрүшөт. Ыйык Китепте: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:19). Мындан тышкары: «Күйөөлөр, мындан ары да аялыңарга алган билимиңерге жараша мамиле кылгыла. Алар менен бирге силер баа жеткис өмүр белегинин мураскорлору болгондуктан, аялзатынын алсызыраак экенин, морт идиштей экенин эске алып, аларга урмат көрсөткүлө. Ошондо тиленүүлөрүңөргө тоскоолдук болбойт»,— деп да жазылган (1 Петир 3:7).
Ал эми Кудайга чындап ишенген зайыптар «күйөөсүн терең урматташат» (Эфестиктер 5:33). Алар «күйөөсүн, балдарын сүйүшөт» (Тит 2:4). Кудай жолундагы ата-энелер балдарына убакыт бөлүп, аларга Кудайдын мыйзамдарын үйрөтүшөт. Ошондой эле үйүндө, иштеген жеринде, дегеле бардык жерде башкаларга терең урмат-сый менен мамиле кылышат. Анткени Ыйык Китептеги: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деген кеңешке ылайык иш кылганга аракет кылышат (Римдиктер 12:10).
Андан сырткары, Кудайдын эли Тооратта жазылган: «Пара алба»,— деген буйрукту аткарат (Чыгуу 23:8). Алар бийлигин кыянат колдонуп, пайда көрүүгө умтулбайт. Тескерисинче, башкаларга, айрыкча, муктаж болгондорго жардам берүүгө аракет кылышат. Анткени Инжилде: «Жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп жазылган (Еврейлер 13:16). Алар Иса пайгамбардын: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине өз тажрыйбасынан улам ынанып келишет (Элчилер 20:35).
Адилеттик менен иш кылышат
Кудайга чындап ишенгендер анын мыйзамдарын чын ыкластан аткарышат, анткени алар үчүн «анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 Жакан 5:3). Алар Забурда жазылган: «Жахабанын мыйзамы жеткилең... буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Жахабанын осуяты таза, көздү ачат»,— деген сөздөргө толук кошулушат (Забур 19:7, 8).
Ыйык Китепте, мындан сырткары, бир пайгамбардын: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деген сөздөрү жазылган (Элчилер 10:34, 35). Ошондуктан Кудайдан чындап корккон адамдар башкаларга мамиле кылууда Кудайды туурашат. Алар бир расаны же өлкөнү экинчисинен жогору коюшпайт жана бардык адамдарга социалдык абалына карабай бирдей мамиле кылышат.
Алла-тааланын жол-жобосу менен жашаган адамдар «бардык жагынан чынчыл болууга» умтулушат (Еврейлер 13:18). Ошондой эле башкаларды ушактап, жалган жалаа жабышпайт. Кудайга жаккан адам кандай болушу керектиги жөнүндө Дөөтү пайгамбар мындай деген: «Ал тили менен эч кимге жалаа жаппайт, жакынына кыянаттык кылбайт» (Забур 15:3).
Акылмандыкка жетектелишет
Кудайга чындап ишенгендер Ыйык Китепте жазылгандардын баарына ишенишет жана анда айтылгандарды иш жүзүндө колдонушат. Анткени «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенинен шектенишпейт (2 Тиметей 3:16). Алар башкаларга мамиле кылууда «баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйгөн, эстүү, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай» болгон «жогорудан келген акылмандыкка» жетектелишет (Жакып 3:17). Кудайга жакпаган үрп-адаттарга карманышпайт, сыйкырчылыктан жаа бою качышат жана буркандарга сыйынышпайт (1 Жакан 5:21).
Кудайды жана жакындарын чын жүрөктөн сүйүшөт
Муса пайгамбар: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен сүй»,— деген (Мыйзам 6:5). Ооба, Кудайга бекем ишенгендер Кудайды бүт жүрөгү менен сүйүшөт. Алар Кудайдын ысымын ыйык тутушат. «Жахабага ыраазычылык билдирип», «анын ысмын чакырышат» (Забур 105:1). Ошондой эле Тоораттагы: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген буйрукту аткарышат (Лебилер 19:18). Зордук-зомбулуктан оолак болуп, «бардык адамдар менен тынчтыкта болгонго» умтулушат (Римдиктер 12:18). Каймана мааниде «алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат», башкача айтканда, «согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:4). Дүйнөнүн булуң бурчунда жашашса да, бир үй-бүлөдөй болуп биримдикте, ынтымакта жашашат (Жакан 13:35). Силер ушундай адамдарды билесиңерби?