Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Кудайга чындап ишенгендер түбөлүккө бактылуу жашашат

Кудайга чындап ишенгендер түбөлүккө бактылуу жашашат

ЫЙЫК КИТЕПТЕ: «Адил адам ишениминин аркасында жашайт»,— деп жазылган (Римдиктер 1:17). Жүрөк козгоорлук бул сөздөр силерге да тиешелүү. Кандайча?

Иса Машаяк жердеги кызматын аяктагандан кийин Кудайдын жанына, асманга, барган. Шакирттери анын «жогору көтөрүлүп» кеткенин «булут каптап, көрүнбөй калганча» карап турушкан (Элчилер 1:9). Асмандан Кудай аны Падыша кылып дайындап, зор бийлик берген. Жакында Иса Машаяк «өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат. Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат. Ал, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге бөлөт» (Матай 25:31, 32). Бул качан болот?

Ыйык Китепте бүт дүйнө жүзүндө боло турган каргашалуу окуялардан Машаяктын элдерди соттой турган убагы жакын калганын билүүгө болору айтылган. Иса пайгамбар ал окуялар тууралуу мындай деген: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт. Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот. Коркунучтуу көрүнүштөр... көрүнөт» (Лука 21:7, 10, 11).

Бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктар Иса Машаяктын жакында элдерди соттой турганын көрсөтүп турат

Бүгүнкү күндө Иса пайгамбардын айткандарынын баары аткарылып жатканына күбө болуудабыз. Жакында Иса Машаяк ыймансыз адамдардын баарын жок кылат. Акырында Шайтандын өзү да жок кылынат. Жер бейишке айланат. Бардык адамдар бири-бири менен, атүгүл жаныбарлар менен тынчтыкта жашашат. Ошондо «карышкыр козунун жанында жашайт, кабылан улак менен чогуу жатат. Музоо, жалдуу жаш арстан, семиз мал — баары бирге болот. Аларды наристе ээрчитип жүрөт... алар эч кандай зыян келтиришпейт» (Ышая 11:6, 9). «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт... Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат» (Ышая 33:24; 35:5). Атүгүл өлгөндөр да тирилет. «Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт», ошондой эле «өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Ышая 25:8; Аян 21:4). Ооба, жакында Кудайдын жерге карата болгон ой-ниети толугу менен ишке ашат. Бизди кандай гана сонун келечек күтүп турат!

Кудайга болгон ишенимиңерди арттыра бергиле

Алла-таалабыз Бейиште ага ишенген адамдардын жашашын каалайт.

Кудайга ишенүү Ыйык Китептеги так билимге негизделет. Андыктан Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө билим ала бергиле.

Кудайга чындап ишенгендер Бейиште түбөлүк жашашат!

Кудайга чындап ишенгендер жакшы иштерди кылышат. Ыйык Китепте: «Ишсиз ишеним... өлүк»,— деп жазылган (Жакып 2:26). Жакшы иштерди кылуу менен Кудайдын эң сонун сапаттары болгон күчүн, адилеттүүлүгүн, акылмандыгын жана сүйүүсүн чагылдырасыңар. Андыктан Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткөнгө умтула бергиле.

Кудайга ишенгендер азыр да, келечекте да бактылуу өмүр сүрүшөт. Ооба, Кудайга болгон ишенимиңерди мындан ары да арттыра берсеңер, мол бата аласыңар.