Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Кудайдын жерге карата ой-ниети

Кудайдын жерге карата ой-ниети

КУДАЙ жерди адамдар жашашы үчүн эң сонун кылып жараткан. Забурда: «Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген»,— деп жазылган (Забур 115:16).

Алла-таала Адам атаны жаратардан мурун Эйден деген жерге бак отургузуп, аны кооз бейишке айланткан. Тооратта Эфрат менен Тигр (Хидекел) дарыяларынын башаты Эйденде болгону айтылат *. Эйден багы азыркы Түркиянын чыгыш жагында жайгашкан деген божомолдоолор бар. Ырас, Эйден багы чынында эле болгон.

Алла-таала Адам атаны жаратып, «Эйден багына аны иштетсин, карасын деп жайгаштырган» (Башталыш 2:15). Кийинчерээк Обо энени жараткан. Анан экөөнө: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деп буйруган (Башталыш 1:28). Арийне, Кудай «жерди... куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (Ышая 45:18).

Бирок Адам ата менен Обо эне билип туруп Кудайдын мыйзамын бузуп, ага каршы чыгышкан. Ошон үчүн Кудай аларды Бейиштен кууп чыгарган. Адам атанын урпактары анын күнөөсүнүн кесепетин азыркыга чейин тартып келишет. Инжилде: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— делет (Римдиктер 5:12).

Анда Жахаба Кудайдын жерди бейишке айлантам деген ой-ниети ишке ашпай калабы? Жок, ал сөзсүз ишке ашат. Анткени Кудай: «Менин оозуман чыккан сөз курулай кайтып келбейт. Мен эмнени кааласам, ал ошону аткарат, эмнеге жиберсем, ошону ишке ашырат»,—деп айткан (Ышая 55:11). Ооба, жер кайрадан бейишке айланат.

Бейиште жашоо кандай болот? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делгенин кийинки беттерден билебиз.

^ Тооратта: «Эйденде бакты сугара турган дарыя агып турчу, ал төрт дарыяга бөлүнчү. Биринчисинин аты — Пишон... Экинчи дарыянын аты — Гихон... Үчүнчү дарыянын аты — Хидекел [Тигр]. Ал Ашурдан чыгышты көздөй агат. Төртүнчү дарыянын аты — Эфрат»,— деп жазылган (Башталыш 2:10—14). Пишон менен Гихон дарыяларынын кайсы жерде болгону белгисиз.