Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-бөлүк

Жер кайрадан бейишке айланат!

Жер кайрадан бейишке айланат!

Машаяк башкарган асман Падышалыгы аркылуу Жахабанын ысмы ыйыкталып, эгедерлиги акталат, ошондой эле жамандыктын баары жок болот

ЫЙЫК ЖАЗМАНЫН Аян деп аталган акыркы китебинде адамзатты жаркын келечек күтүп турганы айтылат. Элчи Жакан жазган ошол китепте алдыда боло турган окуялар аян аркылуу сүрөттөлүп, Жахабанын бардык ой-ниети толугу менен аткарылары баяндалат.

Биринчи аянда Жакан тирилтилген Исанын жыйналыштарды мактап, кайсы жактардан оңолушу керектигин айтканын көрөт. Ал эми кийинки аянда Кудайды даңктап жаткан периштелердин курчоосундагы асман тактысын көрөт.

Кудайдын ниети ишке ашкан сайын, дүйнө жүзүндөгү абал курчугандан курчуй берет. Аянда Козуга, тактап айтканда, Иса Машаякка жети мөөр менен бекитилген түрмөк берилет. Биринчи төрт мөөр ачылганда, дүйнөгө атчандар чыгат. Биринчи чыккан ак боз аттын үстүндөгү чабандес Падыша таажысын кийген Исаны билдирет. Ал эми кийинки чыккан ар кандай түстөгү аттарга минген чабандестер дүйнө түзүлүшүнүн акыркы күндөрүндө боло турган согушту, ачарчылыкты жана жугуштуу ооруларды билдирет. Жетинчи мөөр ачылганда, Кудайдын сот өкүмүн жарыяланышын билдирген жети сурнай тартылат. Булар каймана маанидеги жети балээни, башкача айтканда, Кудайдын каарынын төгүлгөнүн билдирет.

Аянда Кудайдын Падышалыгы жаңы төрөлгөн эркек балага салыштырылган. Ошол падышалык асманда орногондо, асманда согуш чыгып, Шайтан жана анын жин-перилери жерге куулуп түшүрүлгөн. Жаканга: «Жер жана деңизге кайгы»,— деген катуу үн угулган. Ооба, Ибилис убактысынын аз калганын билгендиктен, азыр абдан каарданып жүрөт (Аян 12:12).

Жакан асмандан Козу катары сүрөттөлгөн Исаны жана аны менен чогуу турган, элдер арасынан тандалып алынган 144 000 адамды көрөт. Алар «[Иса] менен... падышалык кылышат». Мына ушундайча Аян китебинде Иса Машаяк менен бирге башкара тургандардын саны 144000 экени ачылып берилген (Аян 14:1; 20:6).

Бул дүйнөнүн падышалары «Кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган [Армагедон] согушуна» чогулуп жатышат. Алар асман кошуунун жетектеген ак боз ат минген Исага каршы согуш жүргүзүшөт, бирок алардын бардыгы жок кылынат. Шайтан болсо түпсүз туңгуюкка ыргытылат. Ал эми Иса 144 000 адам менен жер үстүнөн «миң жыл» башкарат. Миң жыл аяктагандан кийин Шайтан да биротоло жок кылынат (Аян 16:14; 20:4).

Машаяктын Миң жылдык башкаруусу Кудайга баш ийген адамдарга кандай баталарды төгөт? Аян китебинен: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— дегенди окуйбуз (Аян 21:4). Ооба, жер кайрадан бейишке айланат!

Ошентип, Аян китеби Ыйык Китепте жазылган кабарды жыйынтыктайт. Машаяк башкарган Падышалык аркылуу Кудайдын ысмы ыйыкталып, анын эгедерлиги түбөлүккө акталат!

Аян китебине негизделди.