Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-бөлүк

Кудай ысрайыл элин куткарат

Кудай ысрайыл элин куткарат

Жахаба мисирликтерди жазалап, Мусанын жетеги астында ысрайыл элин Мисирден алып чыгат. Кудай ысрайылдыктарга Муса аркылуу мыйзам берет

КӨПТӨГӨН жылдар бою ысрайыл эли Мисир жерин байырлап, ошол жерде укумдап-тукумдап көбөйүшөт. Кийинчерээк бийликке Жусупту билбеген, элди эзип, баш көтөртпөй бийлик жүргүзгөн фараон келет. Ал ысрайылдыктардын көбөйүп баратканынан улам чочулап, аларды кулга айландырат. Атүгүл алардын жаңы төрөлгөн эркек балдарын Нил дарыясына чөктүрүп өлтүрүүнү буйрук кылат. Бирок бир аял эр жүрөктүк кылып, баласын себетке салып камыштын арасына жашырып, аман алып калат. Ошол баланы фараондун кызы таап алат да, ага Муса деген ат коюп, фараондун үйүндө багып чоңойтот.

Ошентип, Муса чоңоёт. Бир жолу ал мисирлик көзөмөлчүнүн колунан таяк жеп жаткан ысрайылдык кулга болушам деп, кыйынчылыкка кабылат. Ошонун айынан алыс жакка качып кетет да, ошол жакта жашап калат. Ошондо ал 40 жашта эле. Ал эми 80ге чыкканда, Жахаба аны Мисирдин фараонуна барып, андан Кудайдын элин бошотушун талап кылууга жиберет.

Бирок фараон караманча каршы чыгат. Ошондо Кудай мисирликтерге он жаза жиберет. Муса ар бир жазадан кийин фараондун алдына келип, ага кийинки жазаны болтурбай коюу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылса да, фараон Мусаны жана анын Кудайы Жахабаны тоотпой, элди коё бербей көгөрүп туруп алат. Жахабанын тилин алып курмандыкка чалынган козунун канын эшиктин кашегине сыйпап койгондордун тун уулдары аман калат. Кудайдын өкүмүн аткарууга жиберилген периште Кудайдын тилин алгандардын үйүнүн жанынан кыя өтүп, ал эми башкалардын тун уулдарын өлтүрөт. Жахабанын керемет жолу менен куткарган күнүн ысрайылдыктар Пасах деп атап, аны жыл сайын белгилеп, ошол күнү майрамдашчу.

Өзүнүн да тун баласынан айрылган фараон Мусага ысрайыл элин алып, Мисирден чыгып кетүүсүн буйрук кылат. Ысрайылдыктар кармалбастан тезинен чыгып кетишет. Бирок фараон элди коё берип жибергенине өкүнүп, майдан арабачан аскерлери менен алардын аркасынан кууп жөнөйт. Ысрайылдыктар Кызыл деңизге келип, андан ары эч жакка кача албайбыз деп ойлошот. Бирок Жахаба Кызыл деңизди экиге бөлүп, ысрайылдыктарды деңиздин кургак түбү менен алып өтөт. Мисирликтер аркасынан жулунуп киришкенде, Кудай экиге бөлүнгөн деңиздин сууларын коё берет. Ошондо фараон аскерлери менен кошо деңизге чөгүп өлөт.

Ысрайылдыктар Синай тоосуна келип жайланышканда, Жахаба алар менен келишим түзөт. Кудай ысрайылдыктарды жашоосунун дээрлик бардык тармагында коргоп, жетекчилик кылуу үчүн аларга Муса аркылуу мыйзамдарды берет. Ысрайылдыктар Жахабанын жетекчилигине бекем карманышса, Жахаба алар менен болуп, алар аркылуу башка элдерге батасын бермек.

Ысрайылдыктардын көпчүлүгү Кудайга толугу менен ишенбей, аны капа кылышкан. Ошондуктан Жахаба аларды 40 жыл бою чөл кезип жүрүүгө мажбур кылган. Муса пайгамбар Кудай алдында түз жүргөн Жашыя аттуу адамды өзүнүн ордуна дайындайт. Акыры, алар Кудай Ыбрайымга убада кылган жердин босогосуна келишет.

Мисирден чыгуу, Лебилер, Сандар, Мыйзамды кайталоо китептерине, ошондой эле Забур 135:10—15-аяттарга жана Элчилер 7:17—36-аяттарга негизделди.