5-БӨЛҮМ
Кун — Кудайдын эң баалуу белеги
-
Кун деген эмне?
-
Ал кандайча төлөнгөн?
-
Кун сен үчүн кандай мааниге ээ?
-
Ал үчүн ыраазы экениңди кантип билдирсең болот?
1, 2. а) Кандай белекти баарынан баалуу деп эсептейсиң? б) Эмне үчүн кунду эң баалуу белек деп айтууга болот?
КАНДАЙ белекти баарынан баалуу деп эсептейсиң? Сөзсүз эле кымбатын эмес, чынбы? Анткени белектин баалуулугу акча менен эле өлчөнбөйт. Ал биринчи кезекте сага кубаныч тартуулаган жана керегиңе жарай турган нерсе болушу кажет. Ошондо ал сен үчүн чындап баалуу болот.
2 Баалуулугу жагынан тең келгис бир белек бар. Аны адамзатка Жахаба тартуулаган. Кудай бизге көптөгөн жакшы нерселерди берген, анткен менен алардын эң баалуусу — Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы. Жахаба Уулун биз үчүн кун катары берген. (Оку: Матай 20:28.) Бул бөлүмдөн көрө турганыбыздай, кун — баарынан кымбат белек, себеби ал сага зор кубаныч тартуулап, эң зарыл муктаждыктарыңды канааттандыра алат. Ооба, ал — Жахабанын сага болгон сүйүүсүнүн күчтүү далили.
КУН ДЕГЕН ЭМНЕ?
3. Кун деген эмне жана анын баалуулугун баамдоо үчүн эмнени түшүнүшүбүз керек?
3 Жөнөкөй сөз менен айтканда, кун — Жахабанын адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн көргөн чарасы (Эфестиктер 1:7). Кун жөнүндөгү ыйык китептик окууну түшүнүү үчүн тээ Эйден багында болуп өткөн окуяны эсибизге салалы. Адам атанын күнөө кылганда эмнеден айрылганын түшүнгөнүбүздө гана кундун эмне себептен ушунчалык баалуу белек болуп эсептелерин баамдайбыз.
4. Жеткилең кезинде Адам атанын жашоосу кандай болгон?
4 Адам атаны жаратканда Жахаба ага, чынында эле, баа жеткис нерсени — жеткилең өмүрдү — берген. Элестетсең, денеси жана акылы жеткилең болгондуктан, Адам ата эч качан оорумак да, карымак да, өлмөк да эмес. Ал Жахаба менен өзгөчө мамиледе болгон. Ыйык Китепте анын Кудайдын уулу болгону айтылат (Лука 3:38). Алар, мээримдүү ата менен баласына окшоп, абдан жакын мамиледе болушкан. Жахаба аны менен сүйлөшүп, канааттануу тартуулаган тапшырмаларды берип, андан эмне күтүлөрүн айтып турган (Башталыш 1:28—30; 2:16, 17).
5. Адам атанын Кудайга окшош болуп жаратылганы эмнени билдирет?
5 Кудай Адам атаны «өзүнө окшош кылып жараткан» (Башталыш 1:27). Бул анын сырткы көрүнүшү Кудайдыкына окшош болгонун билдирбейт. 1-бөлүмдөн окуганыбыздай, Жахаба — көзгө көрүнбөгөн рух (Жакан 4:24). Ошондуктан анын денеси биздикиндей эмес. Адам ата Жахабага мүнөздүү сүйүү, акылмандык, адилеттүүлүк жана күч сыяктуу касиет-сапаттарды чагылдыргандыктан, ага окшоштурулуп жаратылган деп айтылат. Ал Атасына чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгону менен да окшош болчу. Адам ата салынган программа боюнча иш кылган роботтой болгон эмес. Тескерисинче, өз алдынча чечим чыгарып, жаман менен жакшыны өзү тандай алган. Эгерде ал Кудайга тил алса, жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашамак.
6. Кудайга баш ийбей коюу менен Адам ата эмнеден айрылган жана бул урпактарына кандай таасир эткен?
Башталыш 3:17—19). Андан да өкүнүчтүүсү, ал белектен Адам ата өзү эле эмес, анын келечектеги бүт тукумдары ажырап калган. Кудайдын Сөзүндө: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазылат (Римдиктер 5:12). Ооба, ар бирибизге Адам атанын күнөөсү тукум кууп өткөн. Ошондуктан Ыйык Китепте анын өзүн жана урпактарын күнөө менен өлүмдүн кулчулугуна сатканы айтылат (Римдиктер 7:14). Кудайга билип туруп баш ийбей коюшкандыктан, Адам ата менен Обо эненин күнөөсү эч качан кечирилбейт. Ал эми алардын тукумдары, анын ичинде биз жөнүндө эмне айтууга болот?
6 Кудайдын тилин албай койгону үчүн Адам ата чоң жазага — өлүм жазасына — тартылган. Күнөөсүнүн айынан ал жеткилең өмүрүнөн жана анын аркасында келүүчү баталардын баарынан айрылган (7, 8. «Кун» деген сөздүн кандай эки негизги мааниси бар?
7 Жахаба адамзатты куткаруу үчүн кундун төлөнүшүнө кам көргөн. Кун деген эмне? Бул сөздүн эки негизги мааниси бар. Биринчиден, ал бир нерсени кайтарып алуу же кимдир бирөөнү бошотуп алуу үчүн, алсак, туткунга түшкөн адамды куткарыш үчүн төлөнчү бааны билдирет. Экинчиден, Ыйык Китепке ылайык, ал келтирилген зыяндын ордун толугу менен жаба турган бааны билдирет. Мисалы, кимдир бирөө жол кырсыгына себепкер болсо, андан чыгымдын баарын толугу менен төлөп берүү талап кылынат.
8 Адам атанын айынан баарыбыз дуушар болгон чоң зыяндын ордун толтуруу мүмкүн беле? Бүт адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан кантип куткарууга болот эле? Кел анда, Жахабанын кандай кун
бергенин жана анын сен үчүн кандай мааниге ээ экенин карап көрөлү.КУН КАНДАЙЧА ТӨЛӨНГӨН?
9. Кандай кун талап кылынган?
9 Адам ата жеткилең өмүрдү жоготкондуктан, аны жеткилең эмес адамдардын бири да кайрып бере албайт болчу (Забур 49:7, 8). Ан үчүн ага тең келген баадагы кун төлөнүшү керек эле. Бул Кудайдын Сөзүндө жазылган жана адилеттүүлүккө негизделген «жанга жан» деген принципке ылайык келет (Мыйзам 19:21). Адам ата жоготкон «жандын», башкача айтканда, өмүрдүн баасына эмне тең келмек? Ал үчүн «ылайыктуу кун» — башка жеткилең адамдын өмүрү — талап кылынган (1 Тиметей 2:6).
10. Кундун төлөнүшүнө Жахаба кантип кам көргөн?
10 Жахаба кундун төлөнүшүнө кантип кам көргөн? Ал асмандагы жеткилең рухий уулдарынын бирин жерге жиберген. Бирок Кудай жөн эле бир периштени эмес, эң сүйүктүү, жалгыз өзү жараткан Уулун жиберген. (Оку: 1 Жакан 4:9, 10.) Уулу да асмандан жерге келүүгө даяр болгон (Филипиликтер 2:7). Ошентип, мурунку бөлүмдөн билгенибиздей, Жахаба анын өмүрүн Мариям деген кыздын боюна керемет жолу менен көчүргөн. Кудайдын ыйык руху аркылуу төрөлгөндүктөн Иса жеткилең болгон жана ага күнөө тукум кууп өткөн эмес (Лука 1:35).
11. Кандайча бир адам миллиондогондор үчүн кун төлөй алмак?
11 Кандайча бир адам миллиондогон адамдар үчүн кун төлөй алмак? Бүт адамзат күнөөнүн жолуна кандайча түшүп калганын эстесең. Адам ата күнөө кетиргенде, жеткилең өмүрдөн өзү эле эмес, келечектеги урпактары да айрылган. Алардын баарына күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн. Ал эми Ыйык Китепте «акыркы Адам» деп аталган Иса Машаяк жеткилең өмүргө 1 Корунттуктар 15:45). Ошондуктан ал Адам атага тең келген жана бизди куткаруу үчүн өзүн бере алган. Иса Кудайга толук тил алып, ошондой эле өзүнүн жеткилең өмүрүн курмандыкка берип, Адам атанын күнөөсү үчүн ылайыктуу кун төлөгөн. Анын аркасында Адам атанын урпактарында үмүт пайда болгон (Римдиктер 5:19; 1 Корунттуктар 15:21, 22).
ээ болгон жана эч кандай күнөө кылган эмес (12. Сыноолорго туруштук берүү менен Иса эмнени далилдеген?
12 Ыйык Китепте Иса Машаяктын өлөр алдында канчалык азап чеккени майда-чүйдөсүнө чейин баяндалат. Адамдар аны сабашкан, жаза устунуна кадап, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн (Жакан 19:1, 16—18, 30; «Тиркеменин» 204—206-беттери). Иса эмне үчүн мынчалык кыйналышы керек эле? Шайтан адамдардын сыноо учурунда Жахабага болгон берилгендигин сакташарына шек келтирген. Бул тууралуу кийинчерээк окуйбуз. Катуу сыноодо ишенимдүүлүгүнөн жазбоо менен Иса Шайтандын шек келтирүүсү негизсиз экенин далилдеген. Ал чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгон жеткилең адамдын, Ибилистин ар кандай айла-амалдарына карабастан, Кудайга берилген бойдон кала аларын тастыктаган. Сүйүктүү Уулунун берилгендиги Жахабаны кандай гана кубандырган! (Накыл сөздөр 27:11).
13. Кун кандайча төлөнгөн?
13 Кун кандайча төлөнгөн? Б. з. 33-жылы, еврей календары боюнча, 14-нисанда Кудай өзүнүн жеткилең, күнөөсүз Уулунун өлтүрүлүшүнө жол берген. Иса Машаяк өзүнүн жеткилең өмүрүн «бир эле жолу» жана биротоло курмандыкка чалган (Еврейлер 10:10). Өлгөнүнө үч күн болгондо, Жахаба аны рухий жаратуу кылып тирилткен. Асманга барганда Иса Адам атанын тукумдары үчүн кун катары төлөнгөн жеткилең өмүрүнүн баасын Кудайга тапшырган (Еврейлер 9:24). Жахаба Исанын курмандыгынын баасын адамзаттын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткарылышына өбөлгө түзгөн кун катары кабыл алган. (Оку: Римдиктер 3:23, 24.)
КУН СЕН ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?
14, 15. «Күнөөлөрүбүз кечирилиши» үчүн, эмне кылышыбыз зарыл?
14 Кун төлөнгөндүктөн, биз жеткилеңсиздигибизге карабай көптөгөн баталарга ээ боло алабыз. Кел анда, Кудайдын ошол эң баалуу белегинин аркасында ала турган баталардын айрымдарына токтолуп өтөлү.
15 Күнөөлөрүбүз кечирилет. Жеткилеңсиз болгондуктан бизге туура иштерди жасоо оңойго турбайт. Баарыбыз тилибиз же ишибиз менен көп күнөө кетиребиз. Бирок Иса төлөгөн кундун аркасында «күнөөлөрүбүз кечирилет» (Колосалыктар 1:13, 14). Ан үчүн чындап өкүнүшүбүз керек. Ошондой эле Жахабага момундук менен кайрылып, Уулунун курмандыгына болгон ишенимибиздин негизинде күнөөлөрүбүздү кечиришин суранышыбыз зарыл. (Оку: 1 Жакан 1:8, 9.)
16. Эмненин негизинде Кудайга таза абийир менен кызмат кыла алабыз жана таза абийирдин кандай пайдасы бар?
16 Кудайдын алдында таза абийирге ээ болобуз. Абийири таза болбосо, адам өзүн үмүтсүз жана эч нерсеге татыксыз сезиши ыктымал. Ырайымдуу Кудайыбыз Жахаба кундун негизинде күнөөлөрүбүздү кечиргендиктен, биз ага жеткилеңсиздигибизге карабай таза абийир менен кызмат кыла алабыз (Еврейлер 9:13, 14). Бул Кудай алдында сүйлөө эркиндигине ээ болууга, ага эркин кайрылууга мүмкүндүк берет (Еврейлер 4:14—16). Абийири таза болсо, адам өзүн бактылуу сезет жана жан дүйнө бейкуттугуна, өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болот.
17. Иса биз үчүн өлгөндүктөн, кандай баталарга ээ боло алабыз?
Римдиктер 6:23тө: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп айтылат. Бул китептин 3-бөлүмүнөн жер бетиндеги бейиште кандай сонун жашоо болорун окуганбыз (Аян 21:3, 4). Ал бөлүмдө саналып өткөн баталардын баарына, анын ичинде чың ден соолукка жана түбөлүк өмүргө, Иса биз үчүн өлгөндүктөн, ээ боло алабыз. Ал баталарды алыш үчүн, Кудайга кун төлөгөнүнө ыраазы экенибизди көрсөтүшүбүз керек.
17 Жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз.ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫҢДЫ КАНТИП БИЛДИРСЕҢ БОЛОТ?
18. Эмне себептен Жахабага кун төлөгөнү үчүн ыраазы болушубуз керек?
18 Эмне себептен Жахабага кун төлөгөнү үчүн терең ыраазы болушубуз керек? Кимдир бирөөнүн сага белек бериш үчүн көп күч-аракет, убакыт жана каражат жумшаганын билсең, анын белегин өзгөчө баалаарың шексиз. Андай белек кубандырбай койбойт, себеби аны тартуулаган адамдын сени чындап жакшы Жакан 3:16да: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун... берди»,— деп айтылат. Ырас, кун — Кудайдын бизге болгон сүйүүсүнүн эң зор далили. Ошондой эле ал адамзат үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берген Исанын да сүйүүсүн айгинелеп турат. (Оку: Жакан 15:13.) Арийне, кун бизди Жахаба менен Уулунун ар бир адамды сүйөрүнө ынандырат (Галатиялыктар 2:20).
көрөрүн далилдеп турат. Кун эң баалуу белек болуп саналат, анткени аны берүү үчүн Кудай чоң курмандыкка барган.19, 20. Кудайга кун үчүн ыраазы экениңди кантип көрсөтсөң болот?
19 Кудайга кун үчүн ыраазы экениңди кантип көрсөтсөң болот? Эң алды, улуу белек берүүчү Жахабаны таанып-билүү зарыл (Жакан 17:3). Ал үчүн колуңдагы китептин жардамы менен Ыйык Китепти изилдөөнү уланта бер. Жахаба жөнүндө билген сайын, ага болгон сүйүүң арта берет. Ал эми сүйүү ага жагууга болгон каалооңду күчөтөт (1 Жакан 5:3).
20 Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенериңди көрсөт. Ыйык Китепте Исага байланыштуу: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп айтылган (Жакан 3:36). Канткенде Исага ишенерибизди көрсөтө алабыз? Албетте, сөз жүзүндө эле эмес. Жакып 2:26да: «Ишсиз ишеним... өлүк»,— делет. Ооба, чыныгы ишеним иштерибиз аркылуу көрүнөт. Исага ишенерибизди көрсөтүүнүн бир жолу — аны сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө да тууроо (Жакан 13:15).
21, 22. а) Эмне себептен жыл сайын өткөрүлчү Эскерүү кечесине катышуу зарыл? б) 6, 7-бөлүмдөрдө эмне жөнүндө айтылат?
21 Жыл сайын өткөрүлчү Эскерүү кечесине катыш. Б. з. 33-жылы 14-нисанда кечинде Иса пайгамбар өзгөчө аземди негиздеген. Ыйык Китепте ал «Мырзабыздын кечки тамагы» деп аталат (1 Корунттуктар 11:20; Матай 26:26—28). Ал Исанын өлүмүн Эскерүү кечеси деп да аталат. Иса ал аземди элчилери менен келечектеги бардык жолдоочулары анын жеткилең өмүрүн курмандыкка берип, кун төлөгөнүн эстеп жүрүшү үчүн негиздеген. Ага байланыштуу Иса: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп буйрук берген (Лука 22:19). Эскерүү кечеси Жахаба менен Исанын кун төлөө аркылуу бизге зор сүйүү көрсөткөнүн эсибизге салып турат. Кун үчүн ыраазы экенибизди жыл сайын өткөрүлчү ал кечеге катышуу менен көрсөтө алабыз *.
22 Кун, чынында эле, Жахаба берген баа жеткис белек (2 Корунттуктар 9:14, 15). Ал атүгүл өлүм уйкусунда жаткандарга да пайда алып келет. Бул жөнүндө 6, 7-бөлүмдөрдөн биле алабыз.
^ 21-абз. Иса Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечеси жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Тиркеменин» 206—208-беттерин кара.”