Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3–БӨЛҮМ

Биринчи эркек менен аял

Биринчи эркек менен аял

БУЛ сүрөт мурунку сүрөттөн эмнеси менен айырмаланат экен? Ооба, бул жерде адамдар бар. Алар — биринчи эркек менен аял. Аларды ким жараткан? Кудай. Анын атын билесиңби? Анын аты — Жахаба. Ал биринчи эркекти — Адам деп, ал эми аялды Обо деп атаган.

Жахаба Адам атаны мындайча жараткан. Ал топурактан кишинин жеткилең денесин жасап, анан анын таноосуна үйлөйт, ошондо Адам тирүү жан болот.

Жахаба Адамга тапшырма берет. Ал жаныбарлардын бардыгына ат коюп чыгышы керек болот. Жаныбарлардын ар бирине ылайыктуу ат табуу үчүн Адам аларга узак убакыт байкоо жүргүзсө керек. Ал жаныбарларга ат коюп жүрүп бир нерсени байкайт. Эмнени, билесиңби?

Жаныбарлардын бардыгы түгөйү менен эле. Алардын арасында ата-пил жана эне-пил, ата-арстан жана эне-арстан болгон. Адамдын гана түгөйү жок эле. Ошондо Жахаба Адамды катуу уктатып, анын бир кабыргасын алат да, андан аял жаратат. Ал Адамдын аялы болот.

Ошондо Адам абдан кубанган! Обо да сонун бакта жашай турганына кандай гана сүйүнгөнүн элестетсең! Эми алар балалуу болуп, бардыгы чогуу бактылуу жашай алышмак.

Жахаба Адам менен Обонун түбөлүк өмүр сүрүшүн каалаган. Ошондой эле алардын жер бетин Эйден сыяктуу кооз бакка айлантышын да ниет кылган. Адам менен Обо ал ишти аткарып жатышканын элестетип кубанышса керек! Жерди кооз бакка айлантуу ишине катышууну каалайт белең? Тилекке каршы, Адам менен Обонун бактылуу жашоосу узакка созулган эмес. Кел, анын себебин билели.