Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9–БӨЛҮМ

Нух кеме курат

Нух кеме курат

НУХТУН аялы жана үч баласы болгон. Балдарынын аттары — Шем, Хам жана Жепет. Үч баласынын тең аялы бар болгондуктан, Нухтун үйбүлөсү сегиз адамдан турган.

Кудай Нухка ал мурда жасап көрбөгөн ишти, чоң кеме курууну, буйрат. Анын көлөмү абдан чоң, ал эми көрүнүшү узун сандыкка окшош болгон. Кудай Нухка: «Кемени үч кабат кылып кур жана бөлмөлөргө бөл»,— деген. Ал бөлмөлөрдө Нух, үйбүлөсү жана жаныбарлар жашамак, ошондой эле келечекте керектеле турган тамак-аш сакталмак.

Кудай Нухка кемени суу кирбегидей кылып курууну буйрат жана: «Жердегилердин баарын жок кылыш үчүн топон суу каптатам, кеменин сыртындагылардын баары өлөт»,— деп айтат.

Нух менен балдары Жахабанын тилин алып, кеме кура башташат. Башка адамдар болсо аларды шылдыңдап, жаман иштерди кыла беришет. Нух Кудайдын ой-ниети тууралуу адамдарга айтат, бирок ага эч ким ишенбейт.

Кеме абдан чоң болгондуктан, аны курууга көп жыл керектелет. Акыр-аягы, кеме курулуп бүтөт. Кудай Нухка кемеге жаныбарларды киргиз дейт. Айрым айбанаттардан эркек-ургаачы кылып — экиден, ал эми башка түрлөрүнөн жетиден киргизүү керек эле. Кудай Нухка кемеге канаттуулардын бардык түрүнөн киргизүүнү да буйрат. Нух так ошондой кылат.

Кемеге аягында Нух жана анын үйбүлөсү кирет. Анан Кудай кеменин эшигин жабат. Нух үйбүлөсү менен кеменин ичинде күтүп отурушат. Сен да алар менен бирге күтүп отурганыңды элестетсең. Кудай айткан Топон суу чын эле болот болду бекен?