Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13–БӨЛҮМ

Ыбрайым — Кудайдын досу

Ыбрайым — Кудайдын досу

ТОПОН СУУДАН кийин адамдар отурукташкан жерлердин бири Ур деп аталган. Ал белгилүү шаарлардан болгон, анда кооз үйлөр бар эле. Бирок Урдун тургундары жалган кудайларга сыйынып, Бабылдын жашоочуларына окшоп, жаман иштерди кылышчу. Ур менен Бабылда жашаган адамдар Жахабага кызмат кылган Нух менен анын уулу Шемдей эмес эле.

Ишенимдүү Нух Топон суудан 350 жыл өткөндөн кийин өлгөн. Андан туура эки жыл өткөндөн кийин, сүрөттөгү адам төрөлөт. Кудай аны абдан жакшы көрчү. Анын аты — Ыбрайым. Ал үйбүлөсү менен Ур шаарында жашачу.

Күндөрдүн биринде Жахаба Ыбрайымга мындай дейт: «Урду жана туугандарыңды калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар». Ыбрайым Кудайдын тилин алып, Урдун ыңгайлуу шарттарын таштаганбы? Ооба, ал ошондой кылган. Ыбрайым дайыма Кудайдын тилин алгандыктан, ал Кудайдын досу деп таанылып калган.

Урдан Ыбрайым менен кошо бир нече тууганы чыккан. Алардын арасында атасы Терах, иниси Лот жана албетте, аялы Сара да болгон. Бир нече убактан кийин алар Харан деген жерге келишип, ошол жерде Терах өлгөн. Ал жер Урдан алыс болчу.

Көп өтпөй Ыбрайым үйүндөгүлөрү менен Харандан чыгып, Канаан деген жерге келет. Ошондо Жахаба ага: «Бул жерди сенин балдарыңа берем»,— дейт. Ыбрайым Канаанда чатырда жашап калат.

Кудай Ыбрайымга жардам бергендиктен, анын койлору жана башка малы көбөйөт. Ошондой эле жүздөгөн кызматчылары да болот. Бирок Ыбрайым менен Саранын баласы жок эле.

Ыбрайым 99 жашка чыкканда, Жахаба ага: «Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң деп убада берем»,— дейт. Бирок абдан карып калган Ыбрайым менен Сара кантип балалуу болушмак?