Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21–БӨЛҮМ

Жусупту биртуугандары жек көрөт

Жусупту биртуугандары жек көрөт

КАРАСАҢ, бул бала капалуу, көңүлү чөккөн. Анын аты — Жусуп. Биртуугандары аны Мисирге кетип бараткан адамдарга сатып жиберишти. Ал жакта Жусуп кулга айланат. Агалары эмне себептен ага мындай жамандык кылышты? Анткени алар Жусупту көрө алышчу эмес.

Атасы Жакып Жусупту абдан жакшы көрчү. Ошондуктан ага узун, кооз көйнөк тиктирип берген. Жакыптын Жусупту ушунчалык жакшы көрөрүн көрүшкөндө, анын 10 биртууганы көз арта башташат да, аны жек көрүп калышат. Бирок алардын жек көргөнүнүн дагы башка себеби болгон.

Жусуп эки түш көрөт. Экөөндө тең биртуугандары ага жүгүнүп жатышкан болот. Жусуп ал түштөрүн айтып бергенде, агалары аны ого бетер жек көрүп калышат.

Күндөрдүн биринде Жакып Жусупту кой кайтарып жүргөн агаларынын ал-жайын билип келүүгө жиберет. Биртуугандары анын келатканын көрүп, кээ бирлери: «Келгиле, муну өлтүрүп салабыз!» — дешет. Алардын эң улуусу Рубейин: «Жок, антпегиле»,— деп өтүнөт. Ошондо алар Жусупту кармап, кийимин чечип алып, өзүн суусу жок чуңкурга салып салышат. Анан аны эмне кылуу керектигин ойлоно башташат.

Ошол кезде алардын жанынан ысмайылдыктардын кербени өтүп бараткан болот. Жүйүт биртуугандарына: «Келгиле, Жусупту ысмайылдыктарга сатып жиберебиз»,— дейт. Ошентип, алар Жусупту 20 күмүш дилдеге сатып жиберишет. Кандай гана кара санатайлык жана ташбоордук!

Эми атасына эмне деп айтып барышат? Алар бир текени союп, анын канына Жусуптун түстүү кооз кийимин бир нече ирет малышат. Анан кан болгон кийимди атасына алып келишет да: «Карачы, биз муну таап алдык. Бул Жусуптун кийими эмеспи?» — дешет.

Жакып баласынын кийимин таанып: «Жусуп жырткычка жем болгон турбайбы»,— деп боздоп ыйлайт. Ошентип, биртуугандардын ойлогону оңунан чыгат. Жакып сай-сөөгү сыздап, көп күн ыйлайт. Бирок Жусуп өлгөн эмес. Кел, анын кул болуп жүргөндө эмне болгонун билели.