3-БӨЛҮК
Мисирден чыккандан Ысрайылдын биринчи падышасына чейин
Муса ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан чыгарып, Синай тоосуна алып келет. Ал жерден Кудай аларга мыйзамдарын берет. Кийинчерээк Муса Канаан жерин көрүп келүүгө 12 чалгынчыны жиберет. Бирок алардын ону ал жер тууралуу жаман маалымат алып келишет. Алардын айынан эл Мисирге кеткиси келет. Ишенимсиз болушканы үчүн Кудай ысрайылдыктарды 40 жыл чөл кездирип жазалайт.
Акырында Жашыя ысрайыл элин Канаан жерине алып барууга дайындалат. Жахаба аларга Канаан жерин басып алууга жардам берүү үчүн кереметтерди жасайт. Ал агып жаткан Иордан дарыясын токтотот, Жерихонун дубалын кулатат жана күндү батырбай токтотуп коёт. Алты жылдан кийин ысрайылдыктар Убадаланган жерди канаандыктардан тартып алышат.
Ысрайылда Жашыядан баштап, 356 жыл бою башкаруучулар бийлик кылат. Алардын көбү менен, мисалы, Барак, Гидон, Иптах, Шимшон жана Шемуелдер менен таанышабыз. Ошондой эле Рахап, Дебора, Жаел, Рут, Наами, Делила аттуу аялдар тууралуу да окуйбуз. ҮЧҮНЧҮ бөлүктө 396 жылдык тарых баяндалат.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
38-АҢГЕМЕ
Он эки чалгынчы
10 чалгынчы башка нерсени, эки чалгынчы башка нерсени айткан. Ысрайылдыктар кимисине ишенет?
39-АҢГЕМЕ
Арундун таягы гүлдөйт
Бир түндүн ичинде эле жөнөкөй таяк кантип гүлдөп, мөмө байлап калган?
43-АҢГЕМЕ
Жашыя жолбашчы болот
Муса күүлүү-күчтүү болсо деле, эмне үчүн анын ордуна Жашыя жол башчы болуп дайындалган?
44-АҢГЕМЕ
Рахап чалгынчыларды жашырат
Рахап эки чалгынчыга кантип жардам берген? Рахап алардан эмнени суранган?
48-АҢГЕМЕ
Акылдуу гибондуктар
Тынчтык келишимин түзүш үчүн гибондуктар Жашыяга калп айтышкан. Ошентсе да ысрайылдыктар сөзүнө турушкан.
49-АҢГЕМЕ
Күн токтойт
Жахаба Жашыянын тиленүүсүнө жооп берип, эч качан боло элек бир керемет жасайт.
50-АҢГЕМЕ
Эржүрөк эки аял
Ысрайылды согушка Барак баштап барса да, даңкка эмне үчүн Жаел деген аял ээ болгон?
51-АҢГЕМЕ
Рут менен Наами
Рут Наамини жалгыз калтырбаш үчүн жана Жахабага кызмат кылыш үчүн өз жерин таштаган.
52-АҢГЕМЕ
Гидон жана анын 300 жоокери
Кудай өзгөчө ыкма колдонуп, Гидондун жоокерлеринин санын азайтат.
53-АҢГЕМЕ
Иптахтын убадасы
Иптахтын Жахабага берген убадасы өзүнө эле эмес, кызына да таасир эткен. Кандайча?
55-АҢГЕМЕ
Кичинекей бала Кудайга кызмат кылат
Кудай башкы дин кызматчы Эйлиге жаман кабар айттырыш үчүн кичинекей Шемуелди колдонот.