Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39–БӨЛҮМ

Арундун таягы гүлдөйт

Арундун таягы гүлдөйт

ГҮЛ ачып, бадам байлаган таякты карасаң. Бул — Арундун таягы. Ал бир эле түндүн ичинде гүлдөп, мөмө байлап калат! Кел, эмне себептен экенин көрөлү.

Ысрайылдыктар бир топтон бери чөл кезип жүрүшөт. Алардын айрымдары Мусанын — жолбашчы, ал эми Арундун башкы ыйык кызмат кылуучу болгонуна каршы. Ал адамдардын арасына Корак, Датан, Абырам жана 250 уруу башчы кирет. Алар Мусага келип: «Эмнеге өзүңөрдү башкалардан жогору коюп жатасыңар?» — дешет.

Муса Корак жана анын тарабындагыларга: «Эртең колуңарга жыпар жыттуу зат түтөтүүчү идишти алып, ага түтөтүлүүчү заттан салгыла. Анан Жахабанын жыйын чатырына келгиле. Ошондо Жахаба кимди тандаарын көрөбүз»,— дейт.

Эртеси Корак жана анын 250 таламдашы жыйын чатырына келишет. Аларга кошулуп аларды жактаган көп киши келет. Жахаба аябай ачууланат. «Бул жаман адамдардын чатырынан алыс тургула,— дейт Муса элге,— алардын буюмдарына тийбегиле». Эл Мусанын тилин алып, Корак, Датан жана Абырамдын чатырынан алыстайт.

Анан Муса: «Жахаба кимди тандаганын мындан билесиңер. Жер жарылып, жаман адамдарды жутуп кетет»,— дейт.

Муса сүйлөп бүтөр замат, жер ачылып, Корактын чатыры, эмерек-буюмдары, Датан, Абырам жана алардын бардык таламдаштары жерге кирип кетишет. Анан жер жабылып калат. Жерге кирип бараткан адамдардын кыйкырыгын уккан эл: «Бизди да жер жутпасын, качалы!» — деп чуулдашат.

Корак жана 250 уруу башчы дагы эле жыйын чатырынын жанында турушат. Жахаба от жиберип, аларды күйгүзүп жок кылат. Андан кийин Жахаба Арундун уулу Элазарга өлгөндөрдүн жыпар жыттуу зат түтөтүлчү идиштерин алып, алардан курмандык чалынчу жайды жапканга жука жабуу жасоону буйрат. Бул жабуу ысрайылдыктарга Арун менен анын уулдарынан башка эч ким Жахабага ыйык кызмат кылуучу катары кызмат кылбашы керектигин эскертип турмак.

Жахаба Арунду жана анын уулдарын ыйык кызмат кылуучулукка тандаганын мындан да айкын көрсөткүсү келет. Ошон үчүн Мусага: «Ысрайылдыктардын ар бир уруу башчысы таягын алып келсин. Лебинин уруусунан Арун өз таягын алып келсин. Ал таяктарды чатырдагы келишим сандыгынын алдына кой. Мен кимди ыйык кызмат кылуучу кылып тандап алсам, ошонун таягы гүлдөп калат»,— дейт.

Эртеси эртең менен Муса таяктарды көргөнү келсе, Арундун таягы гүлдөп, мөмө байлап калат! Эми Жахаба эмне үчүн Арундун таягын гүлдөткөнүн билдиңби?