Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42–БӨЛҮМ

Эшек сүйлөйт

Эшек сүйлөйт

ЭШЕКТИН сүйлөгөнүн уктуң беле? «Жок, айбанаттар сүйлөй албайт да»,— деп жооп береттирсиң. Бирок Ыйык Китепте бир эшектин сүйлөгөнү жөнүндө айтылат. Кел, анын кандайча болгонун окуп көрөлү.

Ысрайылдыктар Канаан жерине кирүүгө дээрлик даяр турган. Маап падышасы Балак алардан абдан коркот. Ошондуктан Билам аттуу куу адамды ысрайыл элин каргап берүүгө чакыртат. Балак көп акча убада кылгандыктан, Билам эшегин минип жолго чыгат.

Жахаба өз элин, ысрайылды, Биламдын каргашын каалабайт. Ошондуктан анын жолун тосуп, токтотуу үчүн, колуна кылыч кармаган периштесин жиберет. Билам периштени көрбөйт, эшек болсо көрөт. Эшек периштеден качууга аракеттенип, акыр-аягы жолго жатып алат. Биламдын каары кайнап, эшегин таягы менен сабап кирет.

Ошондо Жахаба Биламды эшегинин сүйлөгөнүн уккудай кылып коёт. Эшек: «Мен эмне кылдым, мени эмнеге сабайсың?» — деп сурайт.

— Мени шылдыңдаганың үчүн. Эгер колумда кылыч болсо, өлтүрүп салмакмын! — дейт Билам.

— Мурда ушундай кылчу белем? — деп сурайт эшек.

— Жок,— деп жооп берет Билам.

Анан Жахаба Биламдын көзүн ачканда, ал жолун тосуп турган периштени көрөт. Периште: «Эмне үчүн эшегиңди сабадың? Мен сенин жолуңду тосуш үчүн чыктым, анткени сен ысрайылдыктарды каргабашың керек. Эшегиң менден бурулуп кетпегенде, мен сени өлтүрмөкмүн да, эшекке эч зыян кылмак эмесмин»,— дейт.

Билам: «Мен күнөө кылдым. Сенин жолдо турганыңды билген жокмун»,— дейт. Периште Биламды коё берет, ал Балакка карай жолун улантат. Билам баштагыдай эле ысрайылдыктарды каргоого аракеттенет, бирок Жахаба аны ысрайылдыктарга үч ирет алкыш айтууга мажбур кылат.