Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38–БӨЛҮМ

Он эки чалгынчы

Он эки чалгынчы

БУЛ адамдар көтөрүп келаткан жемиштерди карачы. Жүзүмдүн шагынын чоңдугун көрдүңбү? Аны таякка илип көтөрүп келүү үчүн эки киши керек болгон. Анжыр менен анарды да карасаң. Бул сонун жемиштер кайдан? Канаан жеринен. Эстесең, бир кездерде Канаан жеринде Ыбрайым, Ыскак жана Жакып жашаган. Бирок ачарчылыктын айынан Жакып үйбүлөсү менен ал жерден Мисирге көчүп барган. Эми 216 жылдай өткөндөн кийин, Муса ысрайылдыктарды кайра Канаан жерине алып баратат. Алар чөлдөгү Кадеш деген жерге келишет.

Канаан жеринде жаман адамдар жашагандыктан, Муса 12 чалгынчыны жиберип жатып аларга мындай дейт: «Ал жакта канча адам жашаарын жана алар канчалык күчтүү экенин билип келгиле. Ал жер өсүмдүк өстүрүү үчүн жакшыбы, аны да билгиле. Келе жатканда сөзсүз жемиштеринен ала келгиле».

Чалгынчылар Кадешке кайтып келип, Мусага: «Ал, чынында эле, сонун жер экен»,— дешет. Далил катары Мусага ал жерден ала келген жемиштерди көрсөтүшөт. Бирок чалгынчылардын ону мындай дейт: «Ал жерде чоң жана күчтүү адамдар жашайт экен. Эгер биз ал жерди басып алууга аракет кылсак, кырылабыз».

Муну уккан ысрайылдыктардын үрөйү учат. «Мисирде же чөлдө өлгөнүбүз артык болчу,— дешет алар.— Өзүбүз согушта өлөбүз, ал эми аялдарыбыз менен балдарыбыз туткун болот. Келгиле, Мусанын ордуна жаңы жолбашчы коюп, Мисирге кайтабыз!»

Бирок чалгынчылардын экөө Жахабага таянып, элди тынчтандырууга аракет кылышат. Алардын аттары — Жашыя жана Калеп. Алар: «Коркпогула. Жахаба биз менен. Биз ал жерди оңой эле ээлеп алабыз»,— дешет. Бирок эл аларды укпай, атүгүл ал экөөнү өлтүргүлөрү келет.

Буга Жахаба абдан каарданат да, Мусага: «Жыйырмадан жогору жаштагы бир да адам Канаан жерине кирбейт. Алар Мисирде жана чөлдө мен жасаган кереметтерди көрүшкөн, бирок дагы эле мага ишенбейт. Ошондуктан алардын акыркысы өлгөнгө чейин чөлдө 40 жыл тентип жүрүшөт. Жашыя менен Калеп гана Канаан жерине кирет»,— дейт.