Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44–БӨЛҮМ

Рахап чалгынчыларды жашырат

Рахап чалгынчыларды жашырат

БУЛ кишилер коркунуч алдында турушат. Эгер тезинен кетишпесе, өлүмгө дуушар болушат. Алар — ысрайылдык чалгынчылар, ал эми жардам берип жаткан аял — Рахап. Ал Жерихо шаарынын дубалында жайгашкан үйдө жашайт. Кел, бул кишилердин мындай жагдайга эмне себептен кабылганын билели.

Ысрайылдыктар Иордан дарыясынан өтүп, Канаан жерине кирүүгө даяр турушат. Бирок Жашыя адегенде эки чалгынчыны жиберип, аларга: «Барып жерди жана Жерихо шаарын көрүп келгиле»,— дейт.

Чалгынчылар Жерихого келгенде Рахаптын үйүнө барышат. Бирок кимдир бирөө Жерихонун падышасына: «Кечинде эки ысрайылдык киши жер чалууга келди»,— деп билдирет. Ошондо падыша Рахапка кишилерин жиберип: «Үйүңдөгү эркектерди чыгарып бер!» — деп айттырат. Бирок Рахап эки чалгынчыны үйүнүн чатырына жашырып коёт да: «Меникине кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан экенин билбейм. Күүгүм кире баштаганда эле, дарбаза жабылганга чейин кетип калышкан. Тезирээк барсаңар, кармайсыңар!» — дейт. Падышанын кишилери эки чалгынчыны кууп жөнөшөт.

Алар кеткенден кийин, Рахап шашып чатырга чыгат. «Жахаба бул жерди силерге берерин билем,— дейт ал чалгынчыларга,— силер Мисир жеринен чыкканда, Кудай Кызыл деңизди кантип соолутканын жана силердин Сихон, Ог аттуу падышаларды кантип өлтүргөнүңөрдү укканбыз. Мен силерге жакшылык кылдым, эми силер да мага жакшылык кылабыз деп убада бергиле. Менин атамды, апамды, ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди сактап калгыла».

Чалгынчылар анын айтканын аткарууну убада кылышат, бирок Рахап да бир нерсе кылышы керек эле. «Бул кызыл арканды терезеңе байлап кой,— деп айтат чалгынчылар,— тууган-туушкандарың сенин үйүңдө болсун. Биз Жерихону алуу үчүн келгенде, терезеңдеги арканды көрүп, үйүңдөгүлөрдүн эч кимисин өлтүрбөйбүз». Чалгынчылар Жашыяга барып, эмне болгонун төкпөй-чачпай айтып беришет.