Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

54–БӨЛҮМ

Эң күчтүү адам

Эң күчтүү адам

БАЙЫРКЫ убакта жашаган эң күчтүү адамды билесиңби? Ал — башкаруучу Шимшон. Ага күчтү Жахаба берген. Жахаба анын апасына: «Жакында уулдуу болосуң. Ал ысрайылды пелиштиликтерден куткарат»,— деген.

Пелиштиликтер — Канаан жеринде жашаган аскери көп жаман эл. Алар ысрайылдыктарга кысым көрсөтүшөт. Бир күнү Шимшон пелишти эли жашаган жакка баратканда, алдынан чоң арстан чыгат. Колунда эч кандай куралы жок болсо да, Шимшон аны өлтүрүп салат. Ал жүздөгөн жаман пелиштиликтерди да өлтүрөт.

Кийинчерээк Шимшон Делила деген аялды жакшы көрүп калат. Пелишти элинин башчылары Делилага: «Шимшондун күчүнүн сыры эмнеде экенин билип берсең, ар бирибиз 1100 күмүш дилде беребиз»,— деп убада кылышат. Ал акчаны алгысы келет. Шимшондун да, Кудайдын элинин да чыныгы досу болбогондуктан Делила андан зор күчүнүн сыры эмнеде экенин күн сайын сурай берет.

Акыры, аны билип алат. Шимшон: «Менин чачым бир да жолу алына элек. Төрөлгөнүмдөн тартып эле, Кудай мени өзгөчө кызматчы, назир кылып тандаган. Эгерде менин чачымды алып салса, күчүмдөн ажырап калам»,— деп айтып коёт.

Муну билгенден кийин Делила Шимшонду тизесине жаткырып уктатат. Анан чачын кыркыш үчүн киши чакырат. Шимшон ойгонгондо күчүнөн ажырап калган болот. Ошондо пелиштиликтер келип аны туткундап кетишет. Эки көзүн оюп, өзүн кул кылышат.

Күндөрдүн биринде пелиштиликтер өздөрүнүн кудайы Дагонго арнап майрам уюштурушат. Анан Шимшонду шылдың кылыш үчүн зындандан алып келишет. Ал кезде чачы өсүп калган эле. Өзүн жетелеп келген балага ал: «Имарат орнотулган тирөөчтөрдү карматчы, сыйпалап көрөйүн»,— дейт. Жахабадан күч сурап тиленген соң, Шимшон тирөөчтөргө таянып: «Пелиштиликтер менен бирге өлөйүн»,— деп катуу кыйкырат. Бул майрамга 3000 пелиштилик келген эле. Шимшон тирөөчтөрдү түрткөндө, имарат кулап, алардын баары өлөт.