Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50–БӨЛҮМ

Эржүрөк эки аял

Эржүрөк эки аял

ООР жагдайга кабылганда ысрайылдыктар Жахабага жалынып-жалбарып кайрылышат. Ошондо Жахаба аларга эржүрөк башчыларды жардамга жиберет. Ыйык Китепте алар башкаруучулар деп аталат. Алардын биринчиси — Жашыя. Андан кийинки башкаруучулардын айрымдары Отниел, Эйут жана Шамгар болгон. Бирок ысрайылдыктарга жардам бергендердин арасында аялдар да бар эле, алардын экөө — Дебора жана Жаел.

Дебора — пайгамбар аял. Жахаба ага келечекте эмне болорун билдирип турат, ал эми Дебора аны элге айтат. Дебора башкаруучу да болот. Ал дөңдөгү курма дарагынын түбүндө отурат, эл ага жардам сурап келет.

Ошол убакта Канаанда Жабин падышалык кылып турат. Анын 900 майдан арабасы бар эле. Жабиндин аскери абдан күчтүү болгондуктан, көптөгөн ысрайылдыктар ага кызмат кылууга аргасыз болушат. Анын аскер башчысынын аты — Сисра.

Бир күнү Дебора Барак деген башкаруучуга киши жиберип, мындай деп айттырат: «Жахаба: „Он миң адам ал да, Табор тоосуна чык. Ал жакка Сисраны алып келем. Аны жана анын аскерин жеңесиң“,— деп айтты».

Барак Деборага: «Эгер сен мени менен барсаң, анда барам»,— дейт. Дебора макул болот, бирок Баракка: «Жеңиш үчүн сен даңкталбайсың, себеби Сисраны Жахаба аялдын колуна салып берет»,— деп айтат. Анан так ошондой болот.

Барак Сисра менен салгылашуу үчүн Табор тоосунан түшүп келет. Күтүүсүздөн Жахаба суу каптатып, душмандардын көбү чөгүп өлөт. Бирок Сисра майдан арабадан түшүп, жөө качып жөнөйт.

Бир нече убакыттан кийин ал Жаел деген аялдын чатырына келет. Жаел аны ичкери киргизип, сүт берет. Аны ичкенден кийин Сисра катуу уктап калат. Ошондо Жаел чатырдын казыгын алып, ал жаман кишинин башына кагып салат. Кийинчерээк Барак келгенде, аял Сисранын өлүгүн көрсөтөт. Мына ушинтип, Деборанын айткандары аткарылат.

Акыр-аягы Жабин падыша да өлтүрүлөт. Натыйжада ысрайыл эли бир канча убакытка чейин коопсуз жашайт.