Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35–БӨЛҮМ

Жахаба мыйзамдарын берет

Жахаба мыйзамдарын берет

МИСИРДЕН чыгышканына эки айдай болгондо, ысрайылдыктар Синай (Хореп деп да аталган) тоосуна келишет. Ушул жерден Жахаба күйүп турган бадалдын ичинен Мусага сүйлөгөн болчу. Ысрайылдыктар ал жерге чатырларын тигип, бир канча убакыт жашашат.

Эл тоонун этегинде калат, Муса болсо тоого чыгат. Ал жактан Жахаба ага ысрайылдыктардын Өзүнө баш ийишин жана өзгөчө эли болушун каалаарын билдирет. Тоодон түшүп келген соң Муса элге Жахабанын эмне дегенин айтып берет. Ысрайылдыктар Жахабанын эли болууну каалашарын айтып, ага баш ийүүнү убада кылышат.

Жахаба андан кийин адаттан тыш бир нерсе жасайт. Ал тоонун чокусун түтөтүп, жаңырган үн чыгарат. Анан элге: «Мен Жахабамын, силерди Мисир кулчулугунан чыгарган Кудайыңармын»,— дейт. Ошондой эле: «Менден башка кудайларга сыйынбашыңар керек»,— деп айтат.

Кудай мындан тышкары дагы тогуз осуят, башкача айтканда, мыйзам берет. Элдин үрөйү учуп, Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, себеби бизге Кудай сүйлөсө өлүп калабызбы деп коркуп жатабыз»,— дешет.

Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай дейт: «Мага тоого чыгып кел. Мен сага эки жалпак ташка жазылган мыйзамдарды берем. Элим ошол мыйзамдарга карманышсын». Муса тоого дагы чыгып, 40 күн, 40 түн ошол жерде болот.

Кудай өз элине көптөгөн мыйзамдарды берет. Муса алардын баарын жазып алат. Кудай Мусага эки жалпак ташты да берип, аларга Өзү он осуятты жазат. Ал мыйзамдарды буга чейин Кудай элге айткан болчу. Алар Он осуят деп аталат.

Он осуят абдан маанилүү мыйзам болуп эсептелет. Бирок Кудай ысрайылдыктарга башка дагы көптөгөн мыйзамдарды берет. Алардын бири мындай: «Жахаба Кудайды чын жүрөгүң, жан-дилиң, бардык күч-кубатың менен сүй». Дагы биринде: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айтылат. Кудайдын Уулу Ыйса бул эки осуятты Жахаба ысрайылдыктарга берген мыйзамдардын эң маанилүүсү деп айткан. Кийинчерээк Кудайдын Уулу жана анын окутуулары тууралуу көбүрөөк билебиз.