Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

74–БӨЛҮМ

Эржүрөк адам

Эржүрөк адам

КАРАСАҢ, эл бул кишини шылдыңдап жатат. Анын ким экенин билесиңби? Ал — Кудайдын белгилүү пайгамбарларынын бири Жеремия.

Жошия падыша өлкөнү буркандардан тазалай баштагандан көп өтпөй, Жахаба Жеремияга анын пайгамбар болорун айтат. Жеремия өзүн андай кызмат үчүн өтө эле жаш деп эсептейт. Бирок Жахаба жардам берерине ынандырат.

Жеремия ысрайылдыктарды жаман иштерин токтотууга чакырат. Ал башка элдердин кудайлары жалган экенин айтат. Бирок ысрайылдыктардын көбү чыныгы Кудай Жахабага эмес, буркандарга сыйына берет. Жеремия Жахабанын аларды кылган иштери үчүн жазалаарын айтканда, эл шылдыңдап күлөт.

Арадан жылдар өтүп, Жошия өлөт. Үч айдан кийин тактыга анын уулу Жайаким отурат. Жеремия элге: «Оңолбосоңор, Иерусалим талкаланат»,— деп эскерте берет. Ыйык кызмат кылуучулар аны кармап алып: «Ушундай кабар айтканың үчүн сени өлтүрүш керек»,— деп кыйкырышат. Анан Ысрайылдын төрөлөрүнө: «Жеремияны өлтүрүш керек, анткени ал биздин шаарды талкаланат деп жатат»,— дешет.

Эми Жеремия эмне кылат? Ал коркпойт, кайра аларга: «Бул сөздөрдү айтууга мени Жахаба жиберди. Эгер жаман жолдоруңардан кайтпасаңар, Жахаба Иерусалимди талкалайт. Билип койгула, мени өлтүрсөңөр, бейкүнөө адамды өлтүргөн болосуңар»,— дейт.

Төрөлөр Жеремияны өлтүрүшпөйт. Анткен менен ысрайылдыктар жаман иштерин уланта беришет. Кийинчерээк Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимди басып алат. Ал миңдеген ысрайылдыктарды туткундап, алыскы Бабыл шаарына алып кетет. Бейтааныш адамдар сени чоочун өлкөгө алып кетип баратса, өзүңдү кандай сезет элең?