Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

75–БӨЛҮМ

Туткунда жүргөн төрт өспүрүм

Туткунда жүргөн төрт өспүрүм

НЕБУХАДАНАСАР падыша билимдүү ысрайылдыктардын баарын Бабылга алып кетет. Анан алардын арасынан эң келишимдүү жана эң зээндүү өспүрүмдөрдү тандайт. Алардын төртөө бул сүрөттө тартылган. Бирөөнүн аты — Даниел. Берки үчөөнү болсо бабылдыктар Шадрах, Мейшах жана Абет-Него деп атап коюшкан.

Небухаданасар өспүрүмдөрдү падыша сарайында кызмат кылууга даярдоону каалайт. Анан үч жыл окуткандан кийин алардын эң зээндүүлөрүн тандап алмак. Алар падышага ар кандай кыйынчылыктарды чечүүгө жардам бермек. Падыша ал өспүрүмдөрдүн күчтүү жана денсоолугу чың болушун каалайт. Ошондуктан кызматчыларына алардын баарына өзү жана үйбүлөсү ичкен тамак-аш менен шараптан берүүнү буйрат.

Даниелди карасаң. Ал падышанын кызматчысы Ашпеназга эмне деп жатканын билесиңби? Падышанын түрдүү тамак-ашка толгон дасторконунан тамактанууну каалабасын айтып жатат. Ашпеназ тынчсызданып: «Силерге тамак менен шарап берүүнү падыша өзү буйруган. Өңүңөр башкаларга караганда начар болуп көрүнсө, ал мени өлтүрөт»,— дейт.

Анда Даниел Ашпеназ дайындаган көзөмөлчүгө барып, өзүн жана үч досун сынап көрүүнү сунуш кылат. Ал: «Он күн бою бизге жегенге — жашылча, ичкенге суу берип тур. Анан бизди падыша дасторконунан тамактанган балдар менен салыштырып, кимибиздин жакшы көрүнөрүбүздү байкап көр»,— дейт.

Көзөмөлчү макул болот. Он күндөн кийин өспүрүмдөрдү салыштырса, Даниел менен үч досу башкаларга караганда алдуу-күчтүү болуп чыгат. Ошондуктан көзөмөлчү ал төртөөнө андан ары да падышанын дасторконунан эмес, жер-жемиш менен тамактана берүүгө уруксат кылат.

Үч жылдан кийин өспүрүмдөрдүн баарын Небухаданасарга алып келишет. Алар менен маектешкенден кийин падыша Даниел менен анын үч досу баарынан зээндүү экенин көрөт. Ошондуктан аларды өзүнүн сарайында кызмат кылууга калтырат. Падыша Даниелге, Шадрахка, Мейшахка жана Абет-Негого кандай суроо же көйгөй менен кайрылбасын, алардын берген сунуштары анын диний кызматчылары же акылмандары айткан сунуштардан он эсе акылдуу болот.