Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

71–БӨЛҮМ

Кудай бейиш болорун убадалайт

Кудай бейиш болорун убадалайт

КУДАЙ Ышайа пайгамбарга көрсөткөн бейиш ушул сүрөттөгүдөй болсо керек. Ышайа Жунустан кийин жашаган.

Бейиш деген сөз «бак» же «сейилбак» дегенди билдирет. Бул китептен ушуга окшогон сүрөттү көрдүң беле? Жахаба Кудай Адам менен Обо үчүн даярдаган бейиш багына окшош бекен? Кийин жер бетинде кайрадан бейиш болобу?

Жахаба Ышайага өзүнүн эли келечекте бейиште жашаарын жаздырган. Ал айткандай, карышкырлар менен козулар чогуу жашайт, музоолор арстандын балдары менен бирге болот, алардын баарын жаш балдар жетелеп ойнойт. Атүгүл наристе уулуу жыландын ийининин үстүндө ойносо да, эч зыян тартпайт.

«Эч качан андай болбойт. Жерде дайыма кыйынчылыктар болуп келген жана боло берет»,— дешет көптөр. А бирок эстеп көрчү, Кудай Адам менен Обону каякка жайгаштырды эле?

Бейишке. Бирок Кудайга тил албай койгондуктан алар андан ажырап калышкан. Бара-бара картайышкан, анан өлүшкөн. Алар жоготкон бейишти Кудай Өзүн жакшы көргөн адамдарга кайрадан орнотууну убада кылууда.

Келечектеги бейиште эч кандай жамандык болбойт. Бүт дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт. Бардык адамдар денсоолугу чың, бактылуу болушат. Кудай башында кандай кааласа, бардыгы ошондой болот. Кудай өзүнүн жерге байланыштуу ой-ниетин кандайча аткарарын кийинчерээк билебиз.